Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.
October 02, 2025Жаңылыктар | 02.10.2025 | Израил Газага жардам жеткирип бараткан гуманитардык кемелерди токтоттуИзраилдин аскер-деңиз флотунун кемелери Газага жардам жеткиребиз деген ураан менен жолго чыккан активисттердин бир нече кемесин токтотконун 1-октябрдын кечинде өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аларга зыян келтирилген жок, ичиндеги адамдар израилдик портторго жеткирилди....more30minPlay
October 01, 2025Жаңылыктар | 01.10.2025 | Кыргызстанда пенсия жогорулады: бир айлык керектөөгө жетеби?Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 1-октябрдан тарта 10% көбөйдү. Министрлер кабинетинин августтагы токтомуна ылайык, камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейин болгон пенсия 10%, бирок 600 сомдон кем эмес жогорулайт. Камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомдон жогору болсо – 5000 сомдон көп эмес жогорулайт. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн уга аласыз....more30minPlay
September 30, 2025Жаңылыктар | 30.09.2025 | Трамптын планы Газага тынчтык орнотобу?АКШнын президенти Дональд Трамп 29-сентябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну кабыл алып, Газа секторундагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык планын талкуулады. Бул Трамп президентке киришкен быйылкы жылдын январынан бери Нетаньяхунун Вашингтонго төртүнчү сапары болду....more30minPlay
September 29, 2025Жаңылыктар | 29.09.2025 | Москва облусуна дрон чабуулу, эки киши каза болдуМосква облусунун Воскресенск шаарында учкучсуз учактардын соккусунан турак үйдө өрт чыгып, эки киши каза болгонун облус губернатору Андрей Воробьев билдирди. Алардын бири 76 жаштагы аял жана анын 6 жаштагы небереси. Воробьев дрон турак үйгө сокку урдубу же аны атып түшүрүү учурунда сыныгы тийдиби ачыктаган жок....more30minPlay
September 28, 2025Жаңылыктар | 28.09.2025 | Орусия Украинага 500дөй дрон, 40тан ашык ракета учурду, төрт киши каза болдуУкраинанын президенти Владимир Зеленский 28-сентябрга караган түнү Орусиянын армиясы 500гө чукул дрон, 40тан ашуун ракета менен чабуул койгонун билдирди. Киевде соккулар төрт кишинин өмүрүн алды, бир нече киши жарадар болду....more30minPlay
September 27, 2025Жаңылыктар | 27.09.2025 | Казак-орус чек арасы: жүк ташыган айдоочулардын айласы кеттиЖыйырмадан ашык айдоочу 27-сентябрда Чүйдүн Кант шаарында жайгашкан Д-2 жүк жиберүүчү компаниясынын кеңсесинин алдына чогулду. 4-сентябрдан 10-сентябрга чейин ушул жерден жүк алып, Орусияга жөнөгөндөр казак-орус чек арасынан өтө албай турганына нааразы....more30minPlay
September 26, 2025Жаңылыктар | 26.09.2025 | Бишкек мэриясы жол тыгыны күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынарын билдирдиБишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында калаадагы жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча штабдын жыйыны өттү.Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз....more30minPlay
September 25, 2025Жаңылыктар | 25.09.2025 | Зеленский Путин менен Казакстанда жолугууга даярУкраинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстанда жолугууга даяр экенин АКШдагы сапары учурунда билдирди. Fox News телеканалынын эфиринде журналисттин орус-украин сүйлөшүүлөрү тууралуу суроосуна жооп берип жатып ал жолугушуу үчүн нейтралдуу аянтча катары сунушталган бир катар өлкөлөрдү атады. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз....more30minPlay
September 24, 2025Жаңылыктар | 24.09.2025 | Президент Жапаров БУУдагы сөзүндө дүйнөдөгү согуштарды токтотууга чакырдыКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Украинадагы согушка, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга, Ооганстандагы абалга жана башка өлкөлөрдөгү жаңжалдарга басым жасап, аларды токтотууга чакырды....more30minPlay
September 23, 2025Жаңылыктар | 23.09.2025 | Жогорку Кеңешке шайлоо ноябрда өтөбү?Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн спикерлеринин жыйыны өтүп жаткан чакта Жогорку Кеңештин тармактык комитети парламенттин өзүн өзү таркатуу демилегесин колдоду. Эми бул демилге жалпы сессияда каралат. Өткөн аптада парламенттин таркашын колдогон 32 депутаттын колу чогулганы белгилүү болгон....more30minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.