Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.
September 12, 2025Жаңылыктар | 12.09.2025 | Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү карылар үйүнө айланатМурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү мамлекетке өтөт. Өкмөт ал имаратка карылар жана балдар үйлөрү ачыларын билдирди. Мурдагы президенттин жакындары бул аракетти мыйзамсыз деп сындашууда.Израилдин бийлиги Палестин мамлекетинин түзүлүшүнө каршы экенин кайрадан кайталады. Ал тапта еврей күчтөрүнүн чабуулуна туш болгон Газа секторундагы гуманитардык абал күн санап оорлоп бара жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу үчүн кол топтоп жатышат. Бул жараян кийинки аптада талкууланып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланышы мүмкүн....more30minPlay
September 11, 2025Жаңылыктар | 11.09.2025 | Мырзакматов 43 гектар жерди кантип алган?Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун 43 гектар жери болгонун билдирди. Ал 10-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, учурда ал жерлерге байланыштуу соттошуу башталганын кабарлады.Ушул жана башка жаңылыктарды Азаттыктын кечки радио берүүсүнөн угасыз....more30minPlay
September 10, 2025Жаңылыктар | 10.09.2025 | Орусияда “кара тизмеден” чыкпаган мигранттар эмне болот?Кыргызстандын 14 миң 600 жараны гана Орусияда жүрүү үчүн укуктук макамын мыйзамдаштырып, "кара тизмеден" чыкты. Алардын 8 миңдейи Москва аймагында жашагандар. Чет элдик жана жарандыгы жок адамдардын Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздерин аныктап, укуктук абалын жөнгө салууга берилген мөөнөт аяктады....more30minPlay
September 09, 2025Жаңылыктар | 09.09.2025 | Кыргызстанда атомдук электр станциясы курулабы?Энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов Кыргызстанда атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча министрлик жакын арада сунуш берерин билдирди. Ысманов айрым кошуна өлкөлөр АЭС куруу боюнча чечим кабыл алганын кошумчалады.Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2024-жылы октябрь айында Орусиянын “Росатом” ишканасы Кыргызстанга курууну пландап жаткан АЭС боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кабарлаган....more30minPlay
September 08, 2025Жаңылыктар | 08.09.2025 |10 жаштагы кыргызстандык кызга Орусияга кирүүгө тыюу салындыМосквадагы аэропортто кыргызстандык үй-бүлөнүн 10 жаштагы кызына өлкөгө кирүүгө беш жылдык тыюу салынганы белгилүү болду. Бул окуя Орусиядагы миграциялык кырдаалдын курчуп, “кара тизмеге” түшкөн кыргызстандыктардын саны арбып жаткан учурга туш келди. Буга чейин жашы жете элек балдардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган учурлар коомчулукка ачык белгилүү болгон эмес....more30minPlay
September 07, 2025Жаңылыктар | 07.09.2025 | Израил Газа шаарындагы соккуларын күчөттүИзраилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунун Газа шаарынын борбордук бөлүгүндөгү көп кабаттуу имараттардын бирине сокку урганын билдирди. Имарат толук талкаланганы маалымдалды....more30minPlay
September 06, 2025Жаңылыктар | 06.09.2025 | Зеленский Путин аны менен Киевге барып жолукса болорун айттыУкраин президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүү үчүн орус президенти Владимир Путин Киевге барса болорун айтты....more31minPlay
September 05, 2025Жаңылыктар| | 05.09.2025 | 1-октябрдан тартып эң аз пенсия 7100 сом болот1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү көбөйөт. Министрлер кабинетинин № 534 токтомунда “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык 1-октябрдан тартып пенсия 7100 сомдон кем болбойт деп белгиленген.Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз....more30minPlay
September 04, 2025Жаңылыктар | 04.09.2025 | Кыргызстан альпинисттердин тоого чыгышын чектейби?Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев альпинисттердин коопсуздугун камсыз кылуу, бийик тоодогу жолдорго чыгуунун ачык тутумун түзүүнү сунуштоодо. Депутат айлана-чөйрөнү коргоо, бул багыттагы Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгып, коомдун талкуусуна чыгарды....more30minPlay
September 04, 2025Улут саламаттыгы: Көп төрөгөн аял ооруйбу?Атайын кызматтын жетекчисинен үй сураган тогуз балалуу эненин окуясынан кийин коомдо үй-бүлөнү пландаштыруу маселеси кайра көтөрүлдү. Көп төрөгөн аял ден соолугун жоготобу? Канткенде улуттун сапаты жакшырат? Эрте эне болуу, бойдон алдырууну кандай тобокелдик коштойт? Кыз баланы канча жашынан гигиенаны сактоого үйрөтүү керек? Аз кандуулуктан, рак оорусун чакырган папиллома вирусунан кантип сактануу керек? “Сергек жашоо” подкастында бул суроолорду Студенттер бейтапканасынын акушер-гинекологдору Гүлзина Мадраимова жана Гүлнур Шыгаева менен талкуулайбыз....more34minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.