Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.
October 05, 2023Ажырашкандан кийин аялды аңдыбаЭмнеге кыргыз коомунда ажырашкандан кийин дагы мурдагы түгөйүнө тынчтык бербей, кек сактап, кол салып же таарынычын балдардан чыгарган окуялар кездешет. Бул биздин коомдун билим жана тарбиядан өксүп жатканынан кабар береби? Же диний, салттык же башка түшүнүктөр себеппи? Биз бүгүн ушул маселени психолог, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова, юрист, укук коргоочу Эржан Сулайман менен талкуулаганга аракет кылабыз....more21minPlay
October 03, 2023“Tazar” Кыргызстанды тазарткысы келетКыргызстандагы таштанды талаалары 516 гектар жерди ээлейт. Бул Бишкектеги Спартак стадионунан 176 эсе чоң. Калдыктардын 70% кайра иштетсек болот. Бул көйгөйдү чечүү менен алектенип жаткан “Tazar” уюмунун негиздөөчүсү, эко-активист Аймээрим Турсалиеваны кепке тарттык....more35minPlay
September 30, 2023"Элге чындыкты айтуу абзел". Казакстан КГБ архивдерин ачуудаКазакcтандын бийлиги 1929-1956-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына тиешелүү жана купуя сакталган архивдик маалыматтарды ачыкка чыгарууда. Казакстандык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, академик Мамбет Койгелдиев жана кыргызстандык тарыхчы Жумагул Байдилдеев менен ушул тууралуу кеп кылабыз...more25minPlay
September 22, 2023Сөз эркиндиги: миллиондук доо, абак жана күрөшАзиза Абдирасулова адам укуктарына арналган подкастында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жана ал үчүн жүргөн күрөштү "Республика" гезитинин башкы редактору, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкова, белгилүү журналист Аскер Сакыбаев менен талкуулайт....more27minPlay
September 18, 2023"Мекен дебей Родина дейбиз". Эне тил үчүн күрөшӨткөн кылымдын 80-жылдарындагы кыргыз тилинин макамы үчүн күрөш. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары жарыяланган 23-сентябрдагы парламент жыйыны. Мыйзамдын алгачкы вариантын даярдаган авторлордун бири, белгилүү фольклорчу, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов менен чогуу эскеребиз....more30minPlay
September 13, 2023Экология жаштарга эле керекпи?Экологияга кам көрүүдө эмнеге улуу муунга караганда жаштар жигердүү? Мамлекеттин экологиялык саясаты канчалык ачык-айкын жана жаштар ага канчалык кызыгат? ЖЕР ЭНЕ подкастында климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга таасири, климаттык активизм жана аны жайылтуу тууралуу баарлашабыз. Коноктор: "Жердин балдары” жаштар коомунун лидери Омар Даиров жана "Экоадам" баракчасынын автору, экомарафондун уюштуруучусу Исмаил Карыпов....more24minPlay
September 04, 2023“Кантишти экен досторум абактагы...”Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган жаңы подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга ар аптанын шаршемби күнү микрофон сунабыз. Бул подкастта жабык жайлардын абалы тууралуу кеп кылабыз....more38minPlay
September 01, 2023Баланын тили эмнеге кеч чыгат?Баланын тилинин кеч чыгышына кандай жагдайлар себеп болот? Гаджеттердин буга кандай таасири бар? Тилдин өнүгүшү менен колдун манжаларынын ортосунда кандай байланыш болушу мүмкүн? “Сергек жашоо” түрмөгүндө ушул темага кайрылабыз....more12minPlay
August 30, 2023“Ата-Бейит” тарыхы: 53 жылдан кийин табылган сөөктөрКыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялардын алдында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон 137 кишинин сөөгү арууланып, кайра жерге берилген. Бул окуяны коомдук ишмер Роза Айтматова жана тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын запастагы полковниги, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин директору Болот Абдырахманов менен эскеребиз....more22minPlay
August 10, 2023Боштондук күрөшү, колониалдык режимдин кыргыны“Куугунтук курмандыктары” подкастында кыргызстандык окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты Аскар Беделбаев жана казакстандык тарыхчы Шамек Туалебаев менен 1916-жылдагы колониализмге каршы күрөш, катаал режимдин кыргыны – Үркүн тууралуу кеп кылабыз....more29minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.