Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.
April 05, 2023"Мени абактан элдин сүрүнөн коркуп бошотушкан"Жарандык активист Афтандил Жоробеков менен “Укугум бар” подкастында абакта жаткан күндөрү, сөз эркиндиги, жарандык позиция тууралуу маектештик....more23minPlay
March 30, 2023Нарын дарыясынан кайык менен өткөндөрАксы районунун Кызыл-Бейит айылында 80дей кожолук жашайт. Кыштакта электр энергиясы, медпункт, мектеп жок. Уюлдук байланыш да жакшы тартпайт. Жаштар шаарга ыктап, айылда улгайган адамдар көп....more16minPlay
March 30, 2023Баланын башын сылаган фостердик үй-бүлөлөрРапия Акимжанова 10 жылдан ашуун убакыттан бери жашы жете элек балдарды убактылуу асырап келет. Ал караган балдардын басымдуусу мигранттардын балдары. Фостердик үй-бүлөлөр атайын окуудан өтүшөт. Тест тапшырган соң убактылуу бала багуучу боло алат....more12minPlay
March 28, 2023Фатима Абдалова: "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам""Азаттыкта" иштегендер арасында акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Фатима Абдалова дагы бар. «Азаттыктын» 70 жылдыгына карата Фатима Абдалованы студияга чакырып маектештик. Кубат Оторбаев менен интервьюсунда ал журналистика, чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди....more26minPlay
March 27, 2023“Чоң атамды басмачы дешкен”. Памирден Ванга көчкөн Рахманкул ханТүркиянын Дижле университетинин окутуучусу, акын Абдулмукадес Кутлу Вандагы кыргыздар, Памирден жер оодарган себебин, чоң атасы Рахманкул хандын керээзи тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди....more28minPlay
March 22, 2023Карападагы гүл өсүп-өнүгүүгө өбөлгөАдам убактысынын 85% имараттын ичинде өткөрөт. Кеңсе, мектеп, окуу жай же үйдө болобу, бөлмөдө өстүрүлгөн гүлдөр кишинин саламаттыгына жагымдуу таасир этерин, гүл багуу менен адам жан дүйнөсүн дарылай аларын окумуштуулар аныкташкан....more14minPlay
March 21, 2023Бир үйдө үч майып бала баккан энеАдистер акыркы жылдары майыптыгы бар балдар көбөйүп жатканын айтышууда. Мамлекеттик "Жеткиликтүү өлкө" программасынын божомолу боюнча, 2020-жылдан бери майыптыгы аныкталган балдар жылына миңге арбып жатат. Бир үйдөн бир нече ден соолугунан мүмкүнчүлүгү четкелген балдар да төрөлүүдө....more12minPlay
March 20, 2023Азамат Алтай: Кыргыз деген атты өчүрбөй жүрдүмСССР маалында "Азаттык" радиосу кантип уюшулуп калган, кимдер иштеп, угармандар кандай таасир алышкан? 1953-жылы радионун кандай түптөлүп, кансыз согуш жылдары кандай иштегенин "Азаттыктын" кыргыз кызматын негиздегендердин бири Азамат Алтай 2004-жылы октябрда Венера Сагындык кызына айтып берген....more24minPlay
March 20, 2023Кожогелди Култегин: "Кээде жаран катары айрым маалыматтарды чектеп койчумун"Кыргыз Республикасынын эл акыны Кожогелди Култегинди “Азаттыктан” кийин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, Кыргызстандын түрк тилдүү мамлекеттердин маданиятын сүрөгөн ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп иштеген. Аны менен радиодогу ишмердиги тууралуу маектештик....more30minPlay
March 17, 2023Багбанчылыкка баш-оту менен баткан чарбакер20 жыл мал менен алектенип келген Ала-Бука районунун тургуну Абылкасым Рахманов акыркы беш жылдан бери баш оту менен багбанчылыкка киришкен. Тажрыйба издеп чет өлкөлөргө чейин барып дыйканчылыктын жаңы ыкмаларын ачып жаткан Абылкасым Рахманов тууралуу «Жашыл планета» түрмөгүндө кеп кылабыз...more16minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.