Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.
August 05, 2023"Гепатит адам тандабайт, ВИЧтей эле оор илдет"Биз бүгүн көпчүлүк мекендештерибизди кыйнаган гепатит дарты тууралуу сүйлөшөбүз. Медицинада “мээримдүү жаналгыч” деген атка конгон сарыктын оор түрлөрү кантип жугат? Бул дарттын жайылып кетишине эмне себеп болууда? Гепатитти алып жүргөн бейтап кандай эрежелерди эске алышы керек?Дартка чалдыгып, боорун алмаштырууга муктаж болгон бейтаптар кандай кыйынчылыктарга кабылат? Биздин бүгүнкү конокторубуз: дарыгер гепатолог, Дилшад Мамаджанов, "Гепатит менен күрөшүү" коомдук бирикмесинин жетекчисинин орун басары Анипа Надирова, гепатит илдетинин айынан жакында эле боорун Индиядан алмаштырып келген замандашыбыз Мубара Шерматова....more41minPlay
July 24, 2023Түркия: кыргызстандык мигранттар кабылган кыйынчылыкТүркияда дайынсыз кеткен кыргызстандык кыз-келиндер тууралуу байма-бай маалымат чыгууда. Айрымдар алданып калганын, психологиялык басым көргөнүн, ур-токмокко кабылганын айтышат. "Укугум бар" түрмөгүндө Анталиядагы "Кыргыз айымдары"” уюмунун негиздөөчүсү Периза Асанаалиева менен маектештик....more15minPlay
July 21, 2023Дарт менен алышкан балдарга колдоо көрсөткөн Эрнистбек"Сергек жашоо" подкастында оюнга тойбогон балалыган оор илдеттин айынан узак дарыланууга, олуттуу сыноого алмаштырган бөбөктөр тууралуу кеп кылабыз....more14minPlay
June 16, 2023Десоветизация: кулчулук мүнөз, эки жүздүү саясатОрусиянын Украинага бастырып киргенден бери пост-советтик чөлкөмдө деколонизация, десоветизация түшүнүктөрү кайра актуалдашты. Тарых илимдеринин доктору, профессорлор Аалыбек Акунов, Тынчтыкбек Чоротегин менен 90-жылдардагы демократиялык кыймылдар, тарыхка эки жүздүү саясат тууралуу талкуулайбыз....more35minPlay
May 26, 2023“Туткундагы жоокерлердин көбү кайтпай калган”Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагына 78 жыл болгону менен, учурда согуш туткундарынын таржымалы жана тагдыры тууралуу толук изилдөө жүргүзүлө элек. Иликтөөчү Бактыгүл Акунбаеванын айтымында, согуштун алгачкы жылдары туткунга түшкөн жоокерлердин көбү лагерлерде каза болгон....more26minPlay
May 17, 2023Азамат Алтайдын ЖАМУдагы мурасыЖалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий китепканасында коомдук ишмер Азамат Алтайга (Кудайберген Кожомбердиев) арналган бурч бар. Анда Азамат Алтай чогултан «Ала-Тоо» журналынын, “Кыргызстан маданияты” гезитинин ондогон нускалары жана үй-бүлөлүк архиви сакталып турат....more14minPlay
May 16, 2023Таластагы көтөрүлүш: совет бийлиги жашырган жазалоо1930-жылдары Кыргызстандын Талас аймагында көтөрүлүш болуп, эл кулакка тартуу саясатына жана башка басым-кысымга каршы чыккан. Бул окуянын арты эмне менен бүткөн жана анын кесепети кандай болгон? Коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөнүн автору Талант Разаков жана “Азаттыктын” редактору Заирбек Бактыбаев менен талкуулайбыз....more32minPlay
April 27, 2023Тарыхый эс тутум: эл унутпаган трагедияларТарыхый эс тутум деген эмне? Анын мааниси кандай? Кыргызстанда буга канчалык көңүл бурулат? "Куугунтук курмандыктары" подкастында белгилүү жазуучу жана тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев, тарыхчы окумуштуу Гүлзат Алагөз менен ушул тууралуу талкуулайбыз....more24minPlay
April 10, 2023Иракта томсоргон кыргызстандык келиндерИрактын түрмөсүндө отурган кыргызстандык ондогон аял “Азаттыкка” кайрылып, мекенге кантип кетебиз деп жардам сурап, кыргыз бийлигине үнүн жеткирип берүүнү өтүнүштү....more17minPlay
April 10, 2023Репрессия курмандыгы болгон кыргыз аскерлериТарыхчылардын болжолунда 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын маалында кыргыздын ондогон алгачкы чыгаан аскер жетекчилери атылып, кыйноодон өлгөн болгон. Алардын катарында Аден Истамбеков да бар. Репрессияланган аскер интеллигенциясынын тагдыры, куугунтуктун кесепеттери тууралуу сөз кылабыз....more37minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.