Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.
March 17, 2023Ырысбай Абдыраимов: "Аксы окуясынан ар бир бийлик сабак алыш керек"Ырысбай Абдыраимов 20 жылга жакын убакыт "Азаттыктын" Жалал-Абад облусу боюнча өз кабарчысы болуп иштеген. Ал коомдук-саясий урунттуу окуялардын көбүнө түздөн түз журналист катары катышкан. 2002-жылдагы Аксы окуясын утурлай, ошондой эле "Азаттыктын" 70 жылдыгына карата аны менен маектештик....more19minPlay
March 16, 2023Миграция балдары: сагыныч, кусалык, таарынычБалдарын үйүндө калтырып, четте миграцияда жүргөн ата-энелердин перзенттеринин сагынычы жана анын кесепети тууралуу баян. Ошто туулуп өскөн Таалай Түгөлбаевдин ата-энеси ал беш жашында Орусияга иштегени кеткен. Кусалыкта чоңойгон Таалай азыр эки кыздын атасы. Балдарынан алыска кеткиси келбейт....more9minPlay
March 14, 2023Добушу таттуу Бактыгүл - "Азаттыктын" алгачкы аял кабарчысы"Азаттык" радиосунун эң алгачкы аял кабарчысы, Бактыгүл деген ысым алдында 24 жылдай добушу ободо жаңырган Майра Жакып келинин эскеребиз. "Азаттыкты" түптөгөндөрдүн бири Төлөмүш Жакып уулунун жубайы 2014-жылы Мүнхен шаарында 76 жашында дүйнө салган....more22minPlay
March 14, 2023Балдар эмне үчүн укпай калат?Дүйнөдө бир миллиарддан ашуун жаштар кулакчындан катуу музыка уккандыктан дүлөй болуп калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирет. Ал арада Кыргызстанда балдар менен өспүрүмдөрдүн угуусун текшерген бир эле мамлекеттик сурдолог иштейт....more16minPlay
March 10, 2023Басмачылык кыймыл: далилдүү маалыматтан уламыш көп1918-1930-жылдары Борбор Азияда совет бийлигине каршы чыккан кыймылдар тууралуу талаштуу пикирлерге азырга чейин чекит коюла элек. Басмачылар баатырларбы, талоончуларбы? Укуктук баа берүүдө эмнеге көңүл буруш керек? “Куугунтук курмандыктары” подкастында ушул теманы талкуулайбыз....more19minPlay
March 02, 2023Тынчтыкбек Чоротегин: "Азаттык" - Кыргызстандын эркиндигинин көрсөткүчү"Сөз эркиндиги жана өлкөнүн эгемендиги тууралуу кеп кылганда “Азаттыктын” ролу эбегейсиз экендиги талашсыз. “Азаттыктын” Кыргызстанда түптөлүшүнө зор салымын кошкон инсандардын бири - Тынчтыкбек Чоротегин. Ал ““Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору болуп бир топ жыл иштеген....more39minPlay
March 01, 2023Магнит, тыйын жутуп алган балдарБишкекте балдардын тез жардам ооруканасына жылына 200дөй бала оозу, кызыл өңгөчү жана ашказаны күйүп кайрылат. Алардын көбү майып болуп каларын дарыгерлер эскертишет....more15minPlay
March 01, 2023Tulipa toktogulica - Токтогулда табылган жаңы жоогазынСиз мандалак же жоогазындын Кыргызстанда канча түрү бар экенин жана анын канчасы "Кызыл китепке" киргизилип, мамлекеттин коргоосуна алынганын билесизби? "Жашыл планета" берүүсүндө ушул тема тууралуу сүйлөшөбүз....more23minPlay
February 28, 2023Эсенбай Нурушев: Азыркы дүйнөгө акылгөйлүк жетпей туратБул ирет биз белгилүү публицист, журналист, адабиятчы Эсенбай Нурушевди студияга чакырдык. Э.Нурушев радиодо жыйырма жылдай иштеген. “Азаттыктын” баш кеңсеси Прагада көп эмгек өтөгөн. Маекте башкаруунун формасы, бийликтин жоопкерчилиги, мамлекет куруунун тажрыйбасы, сөз эркиндиги тууралуу сөз болду...more4minPlay
February 24, 2023Баткен: Тамчы суудан тал көгөрөтКлиматы кургак, суу тартыш Баткенде кантип сууну сарамжалдуу пайдаланып, дыйканчылыктын жаңы маданиятын калыптандырса болот?...more18minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.