
Sign up to save your podcasts
Or


Кыргызстанда маркум королева Елизавета II менен чыныгы жашоодо жолугушкан саналуу гана адамдар бар. Алардын бири Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев. Ал элчилик аудиенциядан тышкары королева кабыл алган биринчи кыргыз.
Улуу Британияны башкарган монархтардан эң узак мезгил тактыда олтурган Королева Елизавета II, 96 жаш курагында Балморалда көз жумду. Үй-бүлөсү бейшемби күнү эртең менен анын саламаттыгына тынчсызданып, Шотландиядагы сарайына чогулушкан эле. Королева 1952-жылы тактыга олтуруп, коомдук чоң өзгөрүүлөрдүн күбөсү болду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский HIMARS ракетасы Россияга каршы согуштун жүрүшүн өзгөртүп жатканын билдирди.
Дүйнө өлкөлөрү энергетикалык рынокто атаандаштык шартында энергия каатчылыгына каршы үнөмдүү технологияларды киргизишүүдө
Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү ж/а коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети мугалимди мазактагандарга акчалай айып пул салуу жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.
Улуу Британияда Консервативдик партиянын лидери болуп, демек өкмөт башчысы болуп Элизабет Трасс шайланды. Британдык жаңы "темир айым" болгусу келип жаткан Тори партиясынын 47 жаштагы саясатчысы салыктарды азайтып, Путиндин тизгинин тартарын убада кылууда.
00:00 БУУ Кытайдын Шинжаңдагы адам укуктарын олуттуу бузушу адамзатка каршы кылмыш катары каралышы мүмкүн деп билдирди
03:41 СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканада 92 жашында дүйнөдөн кайтты. Аскар Акаев менен маек
10:25 Кыргызстан 31-августта эгемендик күнүн белгиледи. Азыркы саясий контекстте Кыргызстан үчүн эгемендиктин мааниси эмнеде? Тарыхчы Кыяз Молдокасымов менен маек.
13:27 «Дүйнө чабыт»: Дүйнөдо көз карандысыз 147 мамлекет бар
19:05 Ата-Бейитте аскер курсанттардын жол кырсыгына күбө болгондордун айткандары
24:45 Евробиримдикте газдын баасы кескин кымбаттап, элди бушайман кылууда.
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев ушул күздө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлөрүн жарыя кылды. Би-Би-Си казакстандык аналитик Шалкар Нурсейитке кайрылып, бул чечимдин кандай себептери бар экенин сурады.
"Дүйнө чабыт" берүүбүздө дүйнөдөгү көз каранды эмес мамлекеттер жөнүндө талкуу болду. Талкууда коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана Азимжан Ибраимов.
Бельгиянын энергетика министри эгер газдын баасы түшпөсө, Евробиримдик беш-он жыл кыш азабын тартат деп эскертти.
From the publisher's feed
Шабдандын ашындагы ат чабышта байге алган чаар ат баяны