Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
FAQs about Би-Би-Си дүрбүсүндө:How many episodes does Би-Би-Си дүрбүсүндө have?The podcast currently has 171 episodes available.
August 30, 2022"Айдоочуну балам экөөбүз чыгардык". Курсанттардын жол кырсыгына күбөлөрдүн айтканыИшемби күнү Ата-Бейиттеги ант берүү аземинен кайтып келе жатып жол кырсыгына кабылган курсанттар бүгүн ооруканадагы палатага которулду. Кырсыктаган унаанын айдоочусуна операция жасалды. Кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Би-Би-Си окуянын кандай болгонун сурап, күбөлөрдүн сөзүн угуп келди....more6minPlay
August 19, 2022Крымда – жардыруулар, Кыргызстанда болсо курултай талкуусуКрым жарым аралындагы соңку жардырууларды орус бийлиги диверсия деп атады. Президент Садыр Жапаров 25-ноябрга элдик курултай чакырды...more30minPlay
August 18, 2022Тоолуу Нарынга туристтер Франциядан эң көп келүүдөКыргызстандын тоолуу Нарын областына туристтер алыскы чет өлкөлөрдүн ичинен Франциядан эң көп келүүдө....more6minPlay
August 18, 2022Космостогу күрөш жана жарыш"Дүйнө чабыт" берүүбүздө азыркы убактагы космостук держава өлкөлөр жана алардын ортосундагы атаандаштык жөнүндө сөз болот. Талкууда коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана журналист Азимжан Ибраимов....more6minPlay
August 17, 2022Ислам оюндарында байге талашкан кыргыз спортчуларыИслам тилектештик оюндарында Кыргызстандын курама командасы 9 алтын, 8 күмүш жана 15 коло медаль утуп, 8-орунга көтөрүлдү....more6minPlay
August 17, 2022Россия Жанкойдогу жардырууну диверсия деп атады.Россиянын Коргоо министрлиги Крым жарым аралындагы Жанкойдо аскердик кампада болгон жардырууну диверсия деп атады. Ал эми Жанкойдогу жардыруулардын артында украиндердин элиталык аскер топтору турат деп The New York Times жазды....more5minPlay
August 16, 2022Күзгө Элдик курултай чакырылдыПрезидент Садыр Жапаров 25-ноябрга элдик курултай чакырды. Мамлекеттик катчы башында турган элдик курултайды уюштуруу комитети түзүлдү....more5minPlay
August 12, 2022Талибан өзгөрткөн Афганистан, АКШга өчөшкөн Аль-Каида"Би-Би-Си дүрбүсүндө", 12-август 2022-жыл.Афганистанда Талибан бийликке келгенине бир жыл толууда."Аль-Каиданын” кийинки лидери боло турган потенциалдуу талапкер ким?Бишкекте атактуу лицейдин директорунун коррупцияга айыпталып кармалышы дүңгүрөгөн окуя болуп калды.Боом капчыгайынын ичинде күтүлбөгөн жерлерден кайра-кайра сел жүргөнүн адистер климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепети катары карашууда.Джон Кеннеди, Индира Ганди, Беназир Бхутто, Синдзо Абэ. «Дүйнө чабытта» дүйнө өлкөлөрүндөгү киши колдуу болуп ажал тапкан лидерлер темасына токтолобуз....more30minPlay
August 10, 2022Бишкектеги мектептерди чырмаган коррупция: чыры жана чындыгыБишкекте №61 лицейдин директору Юрий Низовскийдин кармалышы дүңгүрөгөн окуя болуп калды. УКМК аны мектепте коррупциялык схема түзгөн деп айыптап, жакындарына катталган 150 млн сом байлыгын таап көрсөттү. Бул окуя баш калаадагы статустуу мектептерди чырмаган коррупцияга көп жылдан бери биринчи жолу ыргытылган укуктук укурук болуп калды....more6minPlay
August 09, 2022АКШ-Кытай: согуш идеясы мынчалык жакын болгон эмесАКШ-Кытай: согуш идеясы мынчалык жакын болгон эмес...more30minPlay
FAQs about Би-Би-Си дүрбүсүндө:How many episodes does Би-Би-Си дүрбүсүндө have?The podcast currently has 171 episodes available.