
Sign up to save your podcasts
Or


Би-Би-Си Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Карыкени маекке тартып, ажылык сапар кандай уюшулганын, пандемия убагында болбой калган ажылык сапарга чогулуп ысырап болгон акчанын дайнын сурадык.
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин жыйынында каралды. Аталган долбоордун Кыргызстандын ичиндеги маршруту Торугарт-Макмал-Жалал-Абад деп жарыяланды. Бирок бул маршрут, темир жолдун жазылыгы калган өлкөлөр менен биротоло макулдашылып бүтө элек. Ал эми анын каржылоосу кандай болору жөнүндө маселенин али чети оюла элек сыяктуу.
Азыркы кыргыз коомундагы улуттук нарк-дөөлөттү кетирип жаткан себептер жөнүндө жазуучу Дүйшөн Керимов менен маек.
Петербургдагы экономикалык форум убагында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы Стив Розенбергге маек курду. Ал бир топ суроо арасында өлүм жазасына өкүм кылынган туткундагы британдыктар маселесине токтолуп, БУУ Украинадагы орус аскерлеринин болжолдуу кылмыштары жөнүндө "фейк" маалыматтарга таянып жатат деп айтты.
Кыргызстанда саясат иликтөөчүнүн өлүмүнө алып келген себептерди мекеме аралык комиссия териштире баштады. Би-Би-Си акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кепке тартып, саясат иликтөөчүнүн өлүмүнө алып келген ээнбаштыктар жөнүндө кандай фактылар, арыз-дооматтар акыйкатчыга белгилүү экенин сурадык.
Би-Би-Си акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кепке тартып, саясат иликтөөчүнүн өлүмүнө алып келген ээнбаштыктар жөнүндө кандай фактылар, арыз-дооматтар акыйкатчыга белгилүү экенин сурадык.
11-июнда Кыргызстандагы эң чоң этникалык кагылышууга 12 жыл болот. Бул окуяларды эл аралык жана өкмөттүк, улуттук комиссия иликтеп чыкканына карабастан, анын бүтпөгөн доосу дагы эле көп көп.
Би-Би-Си июнь окуяларын иликтеген улуттук комиссиянын мүчөсү, тарых илимдеринин доктору Аблабек Асанкановду кепке тартып, этникалык кагылыштын келип чыккан себептери комиссиялар тарабынан канчалык объективдүү изилденген деп сурадык.
Украинада кандуу кармаш башталгандан бери 100 күн өттү. Эми анын кандай бүтөрүн айтууга болобу? Бул жакта беш потенциалдуу сценарий бар
Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун жарлыгынан кийин той-аш, мааракелердеги ысырапкорчулукту токтотуу жөнүндө жер-жерлерде ар кандай аракеттер башталды.
"Би-Би-Си дүрбүсүндө" Британиядагы сезондук жумушка орношкон алгачкы кыргызстандыктардын бири Мырзагүл Таирова болду.
From the publisher's feed
Шабдандын ашындагы ат чабышта байге алган чаар ат баяны