Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
FAQs about Би-Би-Си дүрбүсүндө:How many episodes does Би-Би-Си дүрбүсүндө have?The podcast currently has 171 episodes available.
August 09, 2022АКШ-Кытай: Согуш идеясы мынчалык жакын болгон эмес“Би-Би-Си дүрбүсүндө” 5-август 2022-жыл.00:00 Афганистан: Аль-Каиданын лидери аль-Завахири АКШнын атайын операциясында ракеталык сокку менен өлтүрүлдү.04:05 АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапары Кытай-АКШ мамилесин кайрадан курчутту. Чыгыш таануучу Сейтек Качкынбай менен маек.07:49 Кытай менен АКШнын мамилесинде согуш идеясы мынчалык жакын болгон эмес. Би-Би-Синин Пекиндеги кабарчысы Стивен Макдонеллдин макаласы.12:10 Россия Украинага согуш ачканына алты ай болду. Россиянын калкы бул согуштун чындыгын кандай түшүнөт?16:09 Бишкекте абасын булгаган тонна-тонна зыяндуу заттар жана газдар.23:38 “Дүйнө чабытта” дүйнөлүк туризмдеги азыркы кырдаал жана лидер өлкөлөргө токтолобуз....more30minPlay
August 09, 2022"Аль-Каиданын" башына Сейф аль-Адель келиши мүмкүн. Ал ким?"Аль-Каиданын" лидери Айман аль-Завахири Кабулда жашынып жаткан үйүндө америкалык дрондун соккусунан каза тапкандан кийин эми тыюу салынган тероордук уюмдун башына ким келет деп бүт дүйнө кулак туруп турган убак.Теги египеттик Сейф аль-Адель эң биринчи талапкер катары аталууда. Ал убагында Завахири өзүнүн орун басары кылып дайындаган "Аль-Каиданын" беш таасирлүү адамдын ичинен жалгыз тирүү турганы....more6minPlay
August 09, 2022Боомдогу сел: Тилсиз жоону тосконго күчүбүз жетеби?Боом капчыгайынын ичинде кайра-кайра сел жүрүп, жолду каптап, туристтик сезондун кайнаган убагында көлгө каттап жаткандар үчүн чоң машакат жаратууда....more6minPlay
August 04, 2022Пелосинин сапары: Кытайга кыр көрсөткөн ТайванАКШнын Өкүлдөр палатасынын лидери Нэнси Пелосинин Тайванга расмий сапар менен барганы Кытай менен Тайванды, Кытай менен АКШны согуштун кырына жакындаткандай курч кырдаал түзүп жиберди....more5minPlay
July 20, 2022Жетим-Тоо: өкмөттүн дымагы, активисттердин каршылыгыКыргыз өкмөтү Нарындагы эң ири Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө шымаланып жаткан чагы. Бирок бул демилгеге жергиликтүү айрым активисттер катуу каршылыгын көргөзүп жатышат....more3minPlay
July 13, 2022Мектеп директорун конкурстук тандоого эмне зарылчылык болду?Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук негизде тандоо жөнүндө президенттин жарлыгы жарыяланды. Ага ылайык беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору автоматтык түрдө кызматынан бошоп, алардын ордуна жетекчилерди тандоо жана дайындоо конкурстук негизде болот. Бул чечимди мектеп директорлору кандай кабыл алып, кандай ойдо болуп жатканын сурап, Нарын районундагы Оттук айылындагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин директору Казыбек Асылбековго кайрылдык....more6minPlay
July 12, 2022Кыргызстандын калкы жети миллионго жеткени калдыКыргызстанда калктын саны кылым башынан бери жакшы темп менен өсүүдө. Жыл сайын 150 миңдин айланасында балдар төрөлүүдө. Өлгөндөрдү эсептен чыгарганда жылына болжол менен 120-130 миң адамга көбөйүүдө. Мындай темп менен бир жарым-эки жылда жети миллионго чаап барат....more8minPlay
July 11, 2022Донецк областында көп кабаттуу үйгө тийген ракета он беш адамды өлтүрдүИшембиде орус аскерлери Донецк областындагы Часов Яр шаарын аткылап, андагы турак үйгө ракета тийип, он беш адам каза тапты. Урандылар алдында дагы 24 адам калган болушу мүмкүн....more3minPlay
July 11, 2022Жүзгө жакындап барса да жүдөбөй тың жашаган Батыйма апаКыргызстанда да жүзгө чыккан же ушуга жакын жашты чапчыган күүлүү-күчтүү карылар бар. Алардын бири Чүй районундагы Кара-Дөбө айылында жашаган, 97 жашка келген Батыйма апа. Апанын кулагы катуулап калган менен баскан турганы тың, керек болсо үй чарбасына жардам берет....more4minPlay
July 07, 2022Каракалпакстандын бөлүнүп чыгышы эмнеге кыйын?Нукуста 1-июлда башталган массалык нааразылык акциялары тополоңго айланып, бүт республика боюнча коменданттык саат киргизилди. Нааразылыкты күч менен басуу убагында 18 адам каза таап, 243 адам жаракат алганы расмий жарыяланды.Каршылык акциялары Өзбекстандын жаңы Конституциясынын долбоорунда Каракалпакстандын суверенитетин жана референдум аркылуу Өзбекстандын курамынан чыгуу укугу алынып салынгандан кийин дүрт эткен эле.2-июлда президент Мирзиеёв Каракалпакстанга келип, жергиликтүу депутаттар менен жолугуп, элди нааразы кылган жоболор баш мыйзам долбоорунан алып салынарын билдирди. Анткен менен элдик нааразылык оңой менен тынчыбай калды көрүнөт, каршылык жыйындарда Каракалпакстанды биротоло Өзбекстандан бөлүп алып, көз каранды эмес өлкө кылып жарыялоо жөнүндө сунуштар дембе-дем көтөрүлүп жатат. Бирок көп жылдан бери Өзбекстандын курамында келаткан бул республиканын бөлүнүп өз алдынча болушу оңой чечиле турган маселе эмес, ага көп тоскоолдуктар бар....more6minPlay
FAQs about Би-Би-Си дүрбүсүндө:How many episodes does Би-Би-Си дүрбүсүндө have?The podcast currently has 171 episodes available.