Эл үнү

Эл үнү

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Эл үнү episodes

  • Жаш комузчулардын Сочидеги жеңиши
    Бишкектеги №13 гимназия мектебинин "Санат" комузчулар ансамбли Сочиде өткөн конкурс-фестивалда баш байгени жеңип алышты. Конкурстун жыйынтыгында ар кандай номинацияда алдыңкы болгон жаш комузчулар тобу эми Санкт-Петербург шаарында өтө турган фестивалга катышууга чакыруу алды.
    4 min
  • Эдит Пиафтын акыркы сүйүүсү
    Эдит Пиаф - томаяк жашоодон музыка дүйнөсүнө кирип, Франциянын улуттук ырчысы деген атакка жеткен даңазалуу аял. Бүгүн да Эдит Пиаф өлбөс кылган ырлар таанымал өнөрпоздордун репертуарларынан түшпөй жүрөт.
    11 min
  • Кыргызстандын согуштагы салымы
    Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандын ошол кездеги калкынын ар бир алтынчы адамы катышып, 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Андан тышкары 150 миң адам согушта, 979 адам тылда көрсөткөн эрдиги үчүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Бирок кыргызстандыктардын согушка катышы менен салымы терең изилденбей, маалыматтар ар кандай иргелүүдө. Буга эмне себеп? Согушка кыргызстандыктардын салымы боюнча кандай ак тактар бар? Эмне үчүн айрым өлкөлөрдө Панфиловдун дивизиясын өзүнө ыйгаруу аракети жүрүп жатат? “Азаттык” радиосу кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салды. Талкууга саясат талдоочу, окумуштуу Эмил Каниметов, тарыхчы окумуштуулар Салмоорбек Дыйканов жана Нарынбек Алымкулов катышты.
    26 min
  • Согуш чайкаган тагдырлар
    Экинчи Дүйнөлүк согушка катышкан 365 миң кыргызстандык кан майдандын каары менен азап-тозогун башынан кечирип, алды дарексиз жоголуп, арты азыркы бейкут күндөрдө бакубат жашоосун кечирип жатышат. “Азаттык” апта түрмөгүн дал ушул согуш каармандарына арнап, уруш тартуулаган миң түркүн тагдырлардын айрымдары тууралуу сөз кылмакчы.
    24 min

About Эл үнү

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…