Эл үнү

Эл үнү

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Эл үнү episodes

  • Ажалды күттүргөн апыз Абдул Гани Хан
    Хан Абдул Гани Хан пуштун тилинде жазган акын, жазуучу, бедизчи, художник, ойчул, саясатчы, гуманист. Индостанды диний негизде бөлүүгө британ оторчулугуна каршы куралсыз күрөшүүнүн лидери болгон атасы экөө каршы чыккан. Элинин диний караңгылыктан бошонуп, билим алуусу үчүн күрөшкөн бул көй кашка инсандын ырлары менен өмүрү тууралуу баян.
    12 min
  • Вальс уланат!
    Вальс! Бийлердин падышасы. Вальсты эргий бийлеп жаткан эркек-аялдардын көлдө жай калкып бараткан ак куудай көрктүү турпаты жана музыка жараткан ажайып маанай көрүп турган адамды аруу кыялдын дүйнөсүнө алып учат.
    12 min
  • Вальс - сулуулук жана грация
    Вальс. Бул бий балдарда, үйлөнүү тойлорунда, окуу жайды бүтүү кечелеринде, чоң майрамдарда сөзүз бийленет. Вальс бийлеген адамдар ошо кезде сулуулуктун, грациянын символуна айланып, карап тургандарды суктандырат, толкундатат. Эмесе Амирбек Азам уулу даярдаган Вальс уланууда деген музыкалык берүүнү сунуш этебиз.
    12 min
  • Чыңгыз Айтматовдун керээзи
    12-декабрда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү белгиленет. Улуу жазуучунун кийинки муундарга калтырган керээзи жана осуяттары жөнүндө "Тарых жана тагдыр" рубрикасынан угуңуздар.
    8 min
  • Фидел Кастро акыркы коммунист
    Кубанын бүт дүйнөгө белгилүү лидери, бул мамлекетти дээрлик 50 жыл башкарган, көзү өткөнгө чейин ар дайым прессанын, дүйнөнүн көңүл борборунда турган Фидел Кастро 90 жашында дүйнөдөн өттү.
    7 min
  • "Маш ботой" жана дүйнө
    Атактуу комузчу жана ырчы Атай Огомбаев "Маш ботой" күүсүн демейде элдин көңүлүн ачып, комузда кол ойното черткендин үлгүсү катары карачу экен.
    8 min
  • Калмурат калтырган обондор
    “Жан дүйнө” радио берүүбүздөн отуз жашка чыга элегинде бул дүйнө менен коштошуп кеткен маркум обончу Калмурат Рыскуловдун чыгармачылыгы тууралуу угасыздар. Азыр анын "Оо, анда көктөм эле", "Болоюн сенин Боогачың", "Адамдарга кайрылуу" "Аян", "Булутум", "Издеп келем", "Күтүү", "Өмүр", "Ата журт" сыяктуу бир нече обондуу ырлары ырдалып келет.
    10 min
  • Гитара боздоп калды
    Ырчы Нурлан Тиллебаев 16-октябрдан 17сине оогон түнү көз жумганы тууралуу жакындары кабарлашты. Ал төрт жылдан бери сыркоолоп, ден соолугу менен алпурушуп келе жаткан. Жайында Тилебаевдин күйөрмандары, Кыргызстандагы шоу-бизнестин өкүлдөрү ооруп жаткан ырчыга жардам берүү үчүн социалдык тармактарда “1000 сом” акциясын уюштурган.
    Нурлан Тилебаев өткөн кылымдын 90-жылдары кыргыз сахнасына гитаранын коштоосунда ырдап чыгып, таанылган эле. Маек Тиллебаев ооруп жаткан кезде даярдалган.
    12 min

About Эл үнү

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…