Эл үнү

Эл үнү

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Эл үнү episodes

  • Мусабеков: Ырларым тагдырыма үндөш
    “Жан дүйнө” рубрикасынан аткаруучу Аскат Мусабековдун чыгармачылыгы тууралуу угасыздар. Ырчы баарлашууда “Азаттыкка” жан дүйнөсүн түйшөлткөн ойлору, аткарган чыгармаларын кантип тандай турганы, келечек максаты жана үй-бүлөсү тууралуу бөлүштү.
    13 min
  • Үркүн тагы (2-бөлүк)
    «Тарых жана тагдыр» түрмөгүнүн бул жолку адабий-музыкалуу уктуруусу Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына арналат. Эки бөлүктөн турган бул уктуруунун экинчи бөлүгүн сунуштайбыз. Уктурууну профессор Осмонакун Ибраимов даярдады.
    10 min
  • Легендага айланган марш
    Аскердик марш деген нерсе биздин турмуштагы жаңы нерсе. Илгерки жоокерчилик замандарда тегеректеги элди керней-сурнай менен ойготуп, чабармандарга ат чаптырып, элди чогултушчу экен. “Манаста” эпосунда “Керней-сурнай бапылдап, добулбасы дүпүлдөп…” дегендей сөздөр кездешет.
    9 min
  • Үркүндү от алдырган себептер (1-бөлүк)
    «Тарых жана тагдыр» түрмөгүнүн бул жолку адабий-музыкалуу уктуруусу Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына арналат. Эки бөлүктөн турган бул уктуруунун биринчи бөлүгүндө көтөрүлүштүн башталышы жана кыргыз элинин Кытай жергесине бет алышы тууралуу сөз болот. Уктурууну профессор Осмонакун Ибраимов даярдады.
    8 min
  • Бетховен тууралуу этюд
    Демейде Людвиг ван Бетховен дегенде анын атактуу “Ай сонатасын” же “Элизага арноо” деген фортепиано үчүн жазылган керемет кооз музыкасын эстейбиз. Бул фортепиано үчүн жазылган чакан пьеса азыр ар бир чөнтөк телефондо шыңгырак катары жүрөт.
    11 min
  • Луи Армстронг - америкалык гений
    “Америкалык гений”, “дүйнө маданиятына таасир эткен музыкант”, “жаз музыкасынын атасы”, “жаз мырза” … Ушул жана ушул сыяктуу салыштыруулар жана мактоолор улуу музыкант, батыш маданиятынын эң эле таанымал өкүлдөрүнүн бири Луи Армстронг туурасында айтылган мактоолор. Мактоо эмес, анын зор талантына берилген татыктуу баалар.
    12 min
  • Жаныбек казынын баскан жолу
    Кеңеш өкмөтүнүн куугунтугуна кабылып, Кытай, Пакистан, ооган мамлекеттерине баш калкалап кеткен кыргыздын көрүнүктүү инсандарынын бири Жаныбек Казы Сагынбай уулу жөнүндө тарыхый драманы жакында Жалал-Абад облустук театры көрүүчүлөргө тартуулады. 1869-жылы Өзгөн районунда туулуп, 1933-жылы Пакистанда көзү өткөн Жаныбек казынын чөбөрөсү Алмаз Зулпукаров тарыхый инсандын драмада камтылган жана камтылбай калган өмүр тагдыры тууралуу “Азаттыкка” келип, сыябан маек куруп берди. Маекти Бурулкан Турдубек кызы уюштурду.
    13 min
  • Эки татаал кесиптин ээси - Карел Абдыкулов
    Карел Абдыкулов эки татаал кесипти айкалыштырган инсан: режиссер жана кинооператор. Ал эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарды алган “Отто Барч”, “Жорго”, “Тушоо кесүү” сыяктуу жана башка даректүү фильмдерди тарткан. Кыргыз Эл артисти кыргыз элинин тарыхы менен үндөш өмүрүнүн айрым урунтуу учурлары жөнүндө “Тарых жана тагдыр” түрмөгүндо айтып берет.
    14 min

About Эл үнү

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…