Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Ирандагы толкундоолордо полиция демонстранттарга ок атты | Жаңылыктар | 7.1.2026
    Бишкектеги “Үмүт үйү” карылар үйүндө тутанган өрт эки кишинин өмүрүн алды. 14 киши жараат алды.
    Ирандагы толкундоолордо коопсуздук күчтөрү демонстранттарга тикелей ок атып, жаш чыгарчу газ чачып таркатууга аракет кылды.
    Ошто 7 жаштагы кызына менчик мектептин айдоочусу сексуалдык ыдык көрсөтүп жүргөнүн апасы айтып чыкты. Айдоочу азыр үн ката элек. Милицияга арыз эки тараптан тең түшкөн.
    12 min
  • Мадуро сотто тагылган айыптарды четке какты | Жаңылыктар | 6.1.2026
    Венесуэланын бийликтен кулатылган лидери Николас Мадуро сотто ага тагылган айыптарды четке какты. WhatsApp тайпаларда өспүрүмдөрдү белгисиз бирөө кемсинтип, ар кандай ыкмалар менен коркутуп жаткан видео тарады. Ирандагы нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны отуздан ашты.
    15 min
  • Мадуро жана аялы Нью-Йорктогу сотто | Дарыгердин шек жараткан өлүмү | Жаңылыктар | 5.1.2026
    Нью-Йоркто Венесуэланын президенти Николас Мадуро менен жубайынын соту болот.
    Бишкекте дарыгер Айгүл Зибированын өлүмү боюнча анын жакындары күмөндүү жагдайлар бар экенин билдиришти.
    Кыргызстанда блогерлерди тескеген жаңы мыйзам долбоору даярдалууда.
    14 min
  • Жаңылыктар | 31.12.2025 | Айбек Теңизбай абактан чыкты
    20 күндөн бери камакта отурган жарандык активист Айбек Теңизбай эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикке чыкты. Ага “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” деген берене менен иш козголгон. Активист андай айыпты четке каккан.
    30 min
  • Жаңылыктар | 30.12.2025 | Владимир Путин эл аралык соттордун чечимдерин аткарууга тыюу салды
    Орусиянын президенти Владимир Путин эл аралык соттордун чечимдерин аткарууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Андан сырткары, документке ылайык, эл аралык сот органдарынын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына же эл аралык келишимдерге негизделбеген чечимдери дагы аткарылбайт.
    30 min
  • Жаңылыктар | 29.12.2025 | Ташиев Ысык-Көлдө жол салып жаткандарга эскертүү берди, министр айрым жетекчилерге сөгүш жарыялады
    Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушуна байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда аталган жолду куруу кечеңдеп жатканына байланыштуу өзүнүн биринчи орун басарына, "Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту" ишканасынын директору менен анын орун басарына сөгүш берди.
    "Министр бул жолдун курулушун Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын баса белгилеп, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды. Мындан сырткары Сыргабаев кышкы мезгилде жолдорду тейлөө жана алардын абалын көзөмөлдөө маселесине токтолуп, тийиштүү деңгээлде иш алып бара албаган жетекчилерди кызматын тапшырууну талап кылды", - деп жазылган маалыматта.
    Мунун алдында Ташиев Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы Балыкчы - Бөкөнбаев - Барскоон жолун куруп жаткан жалданма компаниялардын өкүлдөрү менен жолуккан. Анда бул жолдун курулушу беш жылдан бери бүтпөй жатканын сынга алып, буга тиешеси бар адамдарды камоо тууралуу тапшырма берген. Ошондой эле бул жолду келерки жылдын 31-августуна чейин бүтүрүүнү тапшырган.
    30 min
  • Жаңылыктар | 28.12.2025 | Өкмөт кийинки жылдан тарта алтын өндүрүүнү көбөйтөт
    Кыргызстанда быйыл 26 тонна алтын өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев "Акипресс" агенттигине курган маегинде айткан.
    Министрдин маалыматында, өлкөдө 2023-жылы 32 тонна, 2024-жылы 24 тонна алтын казылган.
    "Алтын өндүрүүнүн төмөндөшү өлкөнүн экономикасынын кайсы бир бөлүгүнө таасир этет. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз. Бир канча компаниялар, тагыраагы алтын казган фабрикалар ишин токтотту. Кийинки жылдан тарта алтын өндүрүүнү көбөйтөбүз. 2030-жылы кубаттуулукту калыбына келтирип эле тим болбой, аны көбөйтөбүз дагы. Мен көлөм 35 тонна же андан да жогору болот деп ойлойм. Быйыл Солтон-Сары кенинде "Джионг-Джи Майнинг" кытай компаниясы жана "Кыргызалтын" иштеп жатат. Өндүрүш ишке кирди, кийинки жылы алтын өндүрүлө баштайт", - деген Машиев.
    30 min
  • Жаңылыктар | 27.12.2025 | Жибектин өлүмү: Ташиев укук коргоо органдарынын ишин сынга алды
    УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Ак-Суу райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сөз сүйлөп жатып, укук коргоо жана күч органдарынын ишин сынга алды.
    Ал өлкөнүн укук коргоо жана күч органдары өз милдеттерин так аткарбай жаткандыктан аялдардын, балдардын укуктары корголбой, зомбулук көрсөткөндөрдүн айынан ушундай абал жаралып жатканын айтты.
    30 min
  • Жаңылыктар | 26.12.2025 | Согушта мерт болгон 158 миңдей орусиялыктын тек-жайы такталды
    Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 158 143 орусиялык жаран мерт болду. Мындай маалыматты Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы ачык булактарга таянып чогуу аныктап чыкты.
    30 min
  • Жаңылыктар | 25.12.2025 | Bloomberg: Орусия тынчтык планына өзгөртүү киргизүүгө аракеттенет
    Москва Украина менен АКШнын талкууларынын жыйынтыгында даярдалган 20 пункттан турган тынчтык планга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кыларын Bloomberg Кремлге жакын булактарына таянып жазды.
    Аталган агенттиктин маектешинин айтымында, Москва бул пландын айрым пункттарында Орусия үчүн маанилүү жоболор көрсөтүлбөгөндүктөн, аны мындан ары сүйлөшүүлөр үчүн баштапкы негиз катары карап жатат.
    30 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners