Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Курулуш министри: кызматкерлер 500 миң сомго чейин айлык алат | Жаңылыктар | 21.01.2026
    Президент Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев декларация тапшыруу өнөктүгүнүн алкагында миллиарддык мал-мүлкүн каттады.
    Кыргызстанда 500 миң сом айлык акыны кимдер алат? Курулуш министри Нурдан Орунтаев айрым кызматкерлердин маянасы боюнча түшүндүрмө берди.
    Коңшу Казакстанда вице-президент кызматы киргизилип, жаңы парламент Курултай деп аталат. Акордо үчүн мындай өзгөрүүлөр эмнеге керек?
    26 min
  • Чүйдө эки адам машинеде күйүп кетти | Жаңылыктар | 20.01.2026
    Орусиянын чабуулунан Украинанын борбору Киевде 5 миңден ашык үй жылуулуксуз калды. Буга чейин Украинада орус аскерлери чабуул кылбаган энергетикалык объект калбаганы айтылган.
    Бишкектеги “Анар бак” конушунун тургундары бийликке кайрылып, аларга расмий макам берүүнү суранды. Алар шаардын жаңы жасалып жаткан башкы планында конуш “аныкталбаган жер” деп белгиленип калганын айтууда.
    Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстандагы бардык күрөөканаларды текшерип, жылдык пайызы 30 пайыздан ашып кеткен ломбарддарга чара көрүлөт.
    26 min
  • Тажикстан: Ооганстандан кирген төрт согушкер жок кылынды | Жаңылыктар | 19.01.2026
    Испаниянын түштүгүндө эки ыкчам поезд кагылышып, кеминде 39 адам мерт кетти. Азырынча ыкчам поезддин вагондорунун тилкеден чыгып кетишинин себеби белгисиз.
    Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкектеги реабилитациялык борбордун кызматкерлерин кармады. Алар борбордо бейтаптарды аёосуз сабап, кыйнаган деп айыпталууда.
    Орусиянын Камчатка жарым аралында 3 метрге чейин кар түштү. Үйлөр көмүлүп, чатырдан түшкөн кар эки адамдын басып калды.
    18 min
  • Жатаканадагы өрт: пакистандык студент каза болду | Жаңылыктар | 16.01.2026
    Бишкекте үч кабаттуу жеке жатаканада өрт чыгып, пакистандык студент каза болду, бири оор абалда ооруканага түштү.
    Укук коргоочу уюмдар Иранда 3 миңдей киши каза тапканын такталган маалыматтарга шилтеме менен маалымдады. БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерриш тараптарды адам өмүрүнүн кыйылышына, региондогу абалдын курчушуна алып келчү кадамдарга барбоого чакырды.
    Айдоочулук күбөлүккө байланыштуу маселе дагы эле коомчулукта суроолорду жаратууда. 083-медициналык маалымкат талабы жокко чыккан соң, поликликаналардагы узун кезек эми "Унаа" мамлекеттик ишканасына көчтү.
    26 min
  • Куликов компаниясы менен блогердин чыры | Жаңылыктар | 15.01.2026
    “Куликов” кондитер үйү менен блогер Айтилек Орозбековдун ортосундагы cотко жеткен окуя элдешүү менен аяктады. Бирок бул куя мамлекеттик тил, бизнес жана жарандык активдүүлүктүн чеги тууралуу талаш-тартышка жем таштады.
    Ирандын сот системасынын өкүлдөрү нааразылык акциясына катышкан Эрфан Солтанини өлүм жазасына тартуу каралбаганын билдирди. Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоочу уюмдар 26 жаштагы жигитти дарга асканы жатат деп коңгуроо каккан.
    Депутат Камила Талиева мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун сынына жооп берди. Депуттардын дарегине айтылган соңку сындар парламенттин үнү, ролу туурасында талкууларга жем таштады.
    24 min
  • Иранда тополоңдо миңдеген киши өлгөнү кабарланды | Жаңылыктар | 14.01.2026
    Иранда бийликтин элдик толкундоолорду күч менен басуу аракети учурунда миңдеген киши каза тапты. Эгер Иран нааразылыкка чыккандарды өлүм жазасына тарта турган болсо, Вашингтон катаал чара көрөрүн эскертти.
    Бишкектеги ботаникалык бакка футбол аянтчалары курулабы? Депутаттар жана экологдор бийликти мындай демилгеден баш тартууга чакырып жатат.
    Бийлик мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга 083 маалымкат талап кылынбай турганын жарыялады. Буга чейин айдоочулар күбөлүктү алмаштыруу жараяны түйшүк жаратып жатканына нааразы болуп жаткан.
    28 min
  • Соловьев Борбор Азияны согуш менен коркутту | Жаңылыктар | 13.01.2026
    Орусиялык журналист Владимир Соловьёв согушту Украинадан тышкары жайылтуу мүмкүн экенин айтып, Борбор Азия менен Арменияны атады. Ереван Орусиянын элчисине нааразылык нотасын тапшырды. Билдирүү Борбор Азия өлкөлөрүндө түрдүү талкууларды жаратууда.
    Бул арада Харьковго жасалган чабуулдан төрт киши каза тапты. Суук түшкөнү Орусия Украинанын энергетикалык жайларына соккуларын күчөтүп келатат.
    Манас шаарында 40 жаштагы аял өз үйүндө асынган абалда табылды. Сузакта 28 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапканын милиция ырастады.
    20 min
  • Нарында сууктан улам мектептер онлайн окууга өттү | Жаңылыктар | 12.1.2026
    Алдамчылык фактысына жана зомбулукка байланыштуу кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиев эки айга камалды. Ирандагы толкундоолордо 500дөн көп киши өлүп, 10 минден ашык киши кармалганы кабарланды. Нарында сууктан улам мектептер онлайн окутууга өтүүдө. Аймакта дээрлик бир жумадан бери катуу суук болуп, абанын температусы -35 градустан түшпөй турат.
    27 min
  • Иранда митингде өлгөндөрдүн саны өсүүдө | Жаңылыктар | 9.1.2026
    Иранда митингдер күчөп, кеминде 45 киши каза болгону кабарланды. Орусиянын армиясы Украинанын аймагына өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү жаңы "Орешник" баллистикалык ракетаcы менен сокку урду.
    Орусияда миграция саясатын катаалдаштырган кезектеги мыйзам долбоору сунушталды. Ага ылайык жугуштуу дарты бар чет элдиктер өлкөдөн тез арада депортациялынышы керек.
    18 min
  • Министрлик “Алтай” шаарчасы курулуп жаткан жер изилденгенин билдирди | Жаңылыктар | 8.1.2026
    АКШ виза үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин катарына Кыргызстанды кошту.
    Иранда экономикалык кризистен улам чыккан нааразылык акциялары күчөп, бир катар шаарларда демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар уланып жатат.
    “Алтай” шаарчасын курулуп жаткан аймактагы пайдубал үчүн казылган чуңкурларга суунун толуп калышы ал жактан батир сатып алгандардын тынчсыздануусун жаратты. Курулуш компаниясы санаркоого себеп жоктугун билдирди.
    16 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners