Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Ташиевдин жакын тарапташтары кармалдыбы? | Жаңылыктар | 18.02.2026
    Парламентте Атайын кызматтын жапырт алмашкан жетекчилигине бизнести коргоо, ишкерлерди ыксыз текшерүүнү токтотуу боюнча талаптар айтылды.
    Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактоодо алмашылган 350 гектарга жакын үлүш жана чарбалык жерлердин ордуна жер бөлүштүрүлө баштады.
    Швейцариянын Женева шаарында Украинадагы согушту токтотуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр аяктады.
    23 min
  • Ташиев өлкөдөн чыгып кетти, президенттик шайлоо 2027-жылы өтөт | Жаңылыктар | 17.02.2026
    Кызматтан алынган Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти. Бул арада атайын кызматтын Бишкек шаары боюнча мурдагы башчысы эки айга камалды.
    Конституциялык сот Садыр Жапаровдун кайрылуусун карап, президенттик шайлоо 2027-жылы өтөрүн билдирди.
    Азербайжанда жикчил Тоолуу Карабак жумуриятынын мурдагы өкмөт башчысы Рубен Варданян 20 жылга абакка кесилди.
    18 min
  • Жапаров Ташиевди "кызматка келбейт" деди | Жаңылыктар | 16 02 2026
    "Мамлекеттик кызматка барбайт, дос бойдон калабыз." Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди кабыл алып, сүйлөшкөнүн билдирди.
    Бул арада Жогорку Кеңештин комитети атайын кызматтын башчылыгына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин карап, жактырды.
    Мүнхен коопсуздук конференциясында Украинадагы согуш да каралды. Зеленский Украина өз жеринен баш тартпай турганын кайталады.
    21 min
  • Жапаров-Ташиев:саясий кризис чечилеби? | Жаңылыктар | 13.02.2026
    Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди кызматтан алуу чечимин түшүндүрдү. Бишкекке кайткан Ташиев өзү үн ката элек.
    Журналист Канышай Мамыркулова бир берене менен акталып, дагы бири боюнча күнөөлүү деп табылды. Ага үч жылдык пробация жазасы берилди.
    Украинада Орусиянын чабуулунан үч биртууган мерт болду. Согуштун жаңырыгы Милан-Кортинадагы кышкы Олимпиадага чейин жетти.
    22 min
  • Парламенттеги чукул жүрүш: Экс-спикер эмнеден жазды? | Жаңылыктар | 12.02.2026
    Ташиевдин отставкасын улай Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти. Ордуна Марлен Маматалиев келди.
    75 кишинин кайрылуусу: Курсан Асанов, Аалы Карашев менен кошо беш киши кармалды. Бул арада Садыр Жапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды.
    АКШ менен Ирандын тирешин алдын алуу үчүн дипломатиялык аракеттер уланууда. Ошол эле маалда Перс булуңуна америкалык согуш кемелери менен аскерлер топтолуп жатат.
    23 min
  • "Ташиев операциясы": 3 киши камалды, УКМКда жетекчилер алмашты | Жаңылыктар | 11.02.2026
    Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев кармалды. Президенттик шайлоо өткөрүү демилгесин көтөргөн 75чилер милицияга чакырылды.
    Атайын кызматтагы өзгөрүүлөр - Камчыбек Ташиев иштен алынгандан кийин Чек ара кызматы, Күзөт кызматы өзүнчө бөлүнүп, жаңы жетекчилер дайындалды.
    Украинадагы уруш: Харьковдо үч наристе атасы менен кошо набыт болуп, кош бойлуу энеси ооруканага түштү. Киевде миңден ашуу көп кабат үй жылуулуксуз калды.
    19 min
  • Ташиев кызматтан эмнеге алынды? | Жаңылыктар | 10.02.2026
    Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан алынды. Жапаров бул чечимин “мамлекеттик түзүмдөр ортосунда биримдикти чыңдоо аракети” деп баалады. Ташиев комментарий бере элек.
    Бул арада юрист Таттуубүбү Эргешбаева президенттин мөөнөтү боюнча Конституциялык сотко кайрылганын жана Консот кайрылууну кабыл алганы белгилүү болду.
    Газалыктар жарым-жартылай ачылган Рафах өткөөлү аркылуу Египеттен кайта баштап, гуманитардык жардам киргизилип жатат.
    26 min
  • Президенттик шайлоо качан болот? | Жаңылыктар | 9.02.2026
    Президенттик шайлоо качан болот? 75 адамдан турган топ өлкө башчысы менен спикерге кайрылуу жолдоду.
    Өзгөндө аламан улак оюнун көргөнү барган бир киши каза таап, бири оор жарат менен ооруканага түштү.
    АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин Ереван менен Бакуга сапары. Серепчилер сапардын өзөгүн Трамптын Эл аралык тынчтык жана өнүгүү маршруту түзөрүн белгилешет.
    20 min
  • Жапаров Туманбаевге катуу эскертүү берди | Жаңылыктар | 6.02.2026
    АКШда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына айыпталып, кыргызстандык мигрант кармалды.
    Президент Садыр Жапаров өзүнүн иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге катуу эскертүү берди.
    Авотомектердин айланасындагы окуя. Дагы эки менчик мектептин жетекчиси кармалды.
    13 min
  • "Жашоо аябай кымбаттап кетти" | Жаңылыктар | 5.02.2026
    Чектен ашкан кымбатчылык. Депутаттар өкмөттү азык-түлүктүн баасы, батир ижарасын жөнгө салууга чакырды.
    Марко Рубио согушту токтотуу боюнча үч тараптуу - Украина, Орусия жана АКШ сүйлөшүүлөрү жемиштүү болгонун айтты.
    Human Rights Watch Кыргызстанда журналисттерге, көз карандысыз медиаларга басым күчөгөнүн билдирди.
    18 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners