Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Ормуз жабылып, газ, мунайдын баасы асман чапчыды | Жаңылыктар | 24.03.2026
    Кара майдын маанилүү коридору Ормуз кысыгы бөгөттөлгөнүнө дээрлик үч жума болду. Мунун айынан дүйнөдө газ, мунайдын баасы кымбаттап жатат.
    Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов бизнесинин урашына атайын кызматты айыптоону улантууда. Ишкерлердин арыз-дооматтары кандай каралышы керек? Депутат Элвира Сурабалдиева менен маектештик.
    Күз-кыш мезгили аяктагандыктан апрель айнынан баштап калк үчүн электр энергиясына кирген чектөө толугу менен алынат. Эл мындай чектөө кышында бир топ убара салганын айтып чыгышкан.
    21 min
  • Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов УКМКны айыптады | Жаңылыктар | 23.03.2026
    Эки жылдан бери абакта жаткан журналист Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикке чыкты. Жогорку сот буга чейин журналисттин ишин райондук сотко кайтарган.
    АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Тегеран соңку эки күндө Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттерди жөнгө салуу боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди.
    Лондондо жашап жаткан ишкер, “Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов бизнесинин урашына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти айыптады.
    20 min
  • Ташиев беш сааттай сурак берди | Жаңылыктар | 19.03.2026
    УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекке кайтып келди. Ал милицияда беш сааттай сурак берди.
    Ташиев кандай шарт менен келди жана мындан аркы окуялар кандай өнүгүшү мүмкүн? Саясат талдоочулар ой бөлүшөт.
    Иран Катардын энергетика объектилерине чабуул койду. Муну утурлай Израил Ирандагы мунай-газ объектилерине сокку урган. Ал арада Трамп Израилдин макулдашылбаган чабуулун айыптады.
    24 min
  • Тай-Мурас Ташиев Салык кызматына жооп берди | Жаңылыктар | 18.03.2026
    Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетти. Муну айрымдар Тургунбаев мурда жетектеп кеткен “Кыргызнефтегаз” ишканасы жөнүндө иликтөөгө байланыштырып жатат.
    Бул арада Салык кызматынын иликтөөсүндө аты аталган Тай-Мурас Ташиев үн катты. Ал өзү ээлик кылган компания “Кыргызнефтегазды” "монополия кылып алган" деген дооматты четке какты.
    Орусияда интернет байланыш катуу чектелүүдө. Эл WhatsApp жана Telegram мессенжерлерин, банк карталарын, такси, тамакка буюртма берүү өндүү тейлөө тиркемелерин пайдалана албай калды.
    23 min
  • Салык кызматы Ташиевдерди коррупцияга айыптады | Жаңылыктар | 17.03.2026
    Мамлекеттик салык кызматы “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөө жарыялады. Ташиевге байланыштуу айтылган бул "жемкорлук схемасы" буга чейин эмнеге текшерилген эмес?
    Пакистандын аба соккусунан Кабулдагы ооруканада кеминде 400 киши каза тапканын Ооганстанды башкарган "Талибан" кыймылы билдирди.
    Курулуш министри Нурдан Орунтаев кайра Ошко барды. Бул жолу ал курулуштарга катышкан ишкерлердин акчасы республикалык казынадан жана турукташтыруу фондунан төлөнөрүн айтты.
    24 min
  • Сегиз депутат мандатын тапшырды. Кийинкиси ким? | Жаңылыктар | 16.03.2026
    Бүгүн Жогорку Кенештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева мандатын тапшырды. Ушуну менен парламенттен өз арызы менен сегиз эл өкүлү кетти.
    Кара майдын маанилүү артериясы болгон маршрут Перс булуңунда согуш башталганы бөгөттөлүп калды.
    Мунайдын дүйнөлүк рыноктогу баасы көтөрүлүп, энергетикалык кризис жаралды.
    Ошто курулушка катышкан ишкерлер иш акысын ала албай жатат. Алар менен курулуш министри Нурдан Орунтаев жолукту. Маселе чечилеби?
    21 min
  • Президент парламентке барды, Конгантиев кармалды | Жаңылыктар | 11.03.2026
    Президент Садыр Жапаров парламентке келип, депутаттарды “элди бөлүп-жарбоого” чакырды. Ал УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери, аларга карата арыз-даттануулар каралып чыгарын айтты.
    Бул арада депутаттык мандатынан ажыраган Куванычбек Конгантиев кармалды. Ал жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шектелүүдө.
    Иран АКШ менен Израилдин чабуулдарына жооп катары Перс булуңундагы өлкөлөргө соккуларын улантууда.
    23 min
  • Ташиев тартылган талаштуу тасма | Жаңылыктар | 10.03.2026
    Депутат Шаирбек Ташиев менен экс-депутат Жусупбек Коргонбай уулу сүйлөштү делген тасма талкуу жаратты.
    Камактагы журналист Махабат Тажибек кызына карата чыккан өкүмдөрдү Жогорку сот жокко чыгарды. Ишти райондук сотко кайра кароого жөнөтүлдү.
    Дональд Трамп Ирандагы аскердик операция “жакын арада аяктарын” билдирди. Бул арада Режеп Тайып Эрдоган Ирандын баллистикалык ракетасынын Түркиянын аба мейкиндигин бузуп киришин кескин сындады.
    19 min
  • Иранда аятолла тандалды, Токторбаев карыз жөнүндө жооп берди | Жаңылыктар | 09.03.2026
    АКШ менен Израилдин соккуларынан каза тапкан аятолла Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи Иранда жаңы жогорку лидери болуп шайланды. Жогорку сот Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт айт десе" редакцияларын экстремисттик деп тапкан буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев "Азаттыкка" маек куруп, мэриянын карызы тууралуу кептерге жооп берди.
    20 min
  • Ирандан атылган дрондор Азербайжанга тийди | Жаңылыктар | 05.03.2026
    Ѳзгөндө түндө чыккан өрттөн бир туугандардын төрт баласы каза болду. Кырсыктан балдардын чоӊ энеси улуу небереси менен аман калган. Ирандын дрону Азербайжандын Нахчыван шаарына кулады. Расмий Баку бул үчүн жоопкерчиликти Тегеранга жүктөп, Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды. Вебкам иши боюнча соттолуп, жакында эле президенттин ырайымын алган Даниэл Ажиев түрмөдөн тик учак менен чыкканы коомчулуктун сынына кабылды.
    19 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners