Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Ташиевдин мурдагы орун басары Рысалиев эмнеге кармалды? | Жаңылыктар | 13.04.2026
    Атайын кызматтын мурдагы төрага орун басары Даниэль Рысалиев кармалганы кабарланды. Ал Ташиев кызматынан алынаар замат орун басарлыктан кеткен эле. Трамп Иран менен кездешүүдөн майнап чыкпаган соң, Ормуз кысыгы бөгөттөлөрүн ырастады. Ислам жумурияты АКШ Ормузду бөгөттөсө катуу жооп кайтарыларын эскертти.
    Президент Садыр Жапаров беш күндүк иш сапары менен Ош облусунда жүрөт. Элдин сураганы эмне?
    24 min
  • Израил Ливанга 10 мүнөттө 100 жолу сокку урду | Жаңылыктар | 09.04.2026
    "Кылым шамы" уюму пикир үчүн камалгандардын ишин кайра кароого чакырды. Алар алтымыштай киши тынч митингге чогулуп, соцтармактарда пикирин билдиргени же бөлүшкөнү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганын эсептеп чыкты.
    Израил Ливанга 10 мүнөттө 100 жолу сокку урду. Кечээки жапырт бомбалоодон бери дегенде 254 киши өлүп, миңден ашык киши жарадар болгону айтылууда. Алайда атынып алганы айтылган жоокердин абалы оор. Окуянын себебин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалды.
    23 min
  • Асаналиев: УКМКнын сегиз кызматкери камалды | Жаңылыктар | 08.04.2026
    Башкы прокурор атайын кызматтын мурдагы кызматкерлеринин үстүнөн жазылган 386 арыз каралып жатканын билдирди. Парламент башкы прокурордун жылдык отчетун жактырды. Укук коргоо органдарын жана күч түзүмдөрүн реформалоо иштери кандай жүрүшү керек? Саясатчы, экс-депутат Адахан Мадумаров ой бөлүштү.
    АКШнын президенти Дональд Трамп жана Иран ок атышууну эки аптага токтотууну макулдашты. Бул аралыкта тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзмөкчү.
    17 min
  • Трамптын Иранга эскертүүсү эмне болот? | Жаңылыктар | 07.04.2026
    Быйыл Апрель окуясына 16 жыл болду. Кыргызстандын тарыхында кара так катары калган 7-апрелден окуясынан кандай сабак алдык, андан бери жашоо кандай өзгөрдү?
    Трамп Тегеран Ормуз кысыгын ачпаса, өлкөнүн бардык көпүрөлөрү менен элекстранциялары күм-жам болорун эскертти. Ислам жумурияты согушту токтотууну талап кылууда.
    Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам жалпы дүйнөдө мунай кымбаттап жаткандыктан күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда да көтөрүлөрү күтүлүүдө.
    23 min
  • Балбан Мурат Рамонов маңзатка байланыштуу кармалды | Жаңылыктар | 06.04.2026
    Алтынчы кабаттан эки баласы менен кулаган келиндин сөөгү бүгүн жерге берилди. Анын ымыркай кызы чарчап калды, беш жашар кызы балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
    Орусиянын армиясынын Одессага жасаган түнкү чабуулу 3 адамдын өмүрүн алды. Ошол эле маалда Орусиянын бир катар шаарлары да дрон чабуулуна дуушар болду.
    Балбан Мурат Рамонов бейбаштык жана маңзатка байланыштуу кармалганы маалым болду. Соцтармактарга тараган тасмасында ал жол коопсуздук кызматкерлерине баш ийбей, сөгүнгөнүн көрүүгө болот.
    16 min
  • АКШ соккусунан Ирандагы негизги көпүрө жарактан чыкты | Жаңылыктар | 03.04.2026
    Борбордук шайлоо комиссиясы үч аптадан бери Чыңгыз Айдарбековго мандат бербей жатат. Бул арада талапкер милицияга эки ирет сурак берди.
    Иранда аба чабуулунан эң бийик делген көпүрө талкаланды. Мунун алдында Трамп расмий Тегеран эртерээк келишим түзбөсө, дагы көп нерсе жок кылынарын эскерткен.
    Эки жыл мурда кармалып, кийин пробациялык жаза менен эркиндикке чыккан журналисттердин абалы кандай? Алар бүгүн эмне менен алек?
    21 min
  • Шаирбек Ташиев 16-майга чейин камалды | Жаңылыктар | 02.04.2026
    Спикер саясатта соңку окуяларга себеп болгон “Жетимиш бешчилердин катын” парламентке ким, кантип киргизгенин айтып чыкты. Эми окуялар кандай өнүгөт? Ысык-Көлдө Орусиянын СУ-25 учагынын эки дүрмөтү жерге түштү. Окуя Орусиянын авиабазасынын тегерегиндеги талкууга жем таштады. Дональд Трамп Кошмо Штаттар Ирандагы ишин аяктап калганын, дагы эки-үч жумада америкалык аскерлер күчтүү сокку урарын эскертти.
    22 min
  • Ташиев Абдыкеримовго жооп берди, бийлик үн катты | Жаңылыктар | 30.03.2026
    Чыңгыз Айдарбеков 19 күндөн бери депутаттык мандат берилбей жатканын сындап, өзү тууралуу интернетте тараган видеого жооп берди.Шаршенбек Абдыкеримовдун айыптоосуна Ташиевдер жооп берди. Бийлик ишкердин билдирүүсү боюнча териштирүү жүрүп жатканын айтты. Пентагон Иранда жердеги операциясына даярданып жатабы? Ислам жумуриятынын расмий өкүлдөрү жердеги операция башталса, чечкиндүү чара көрүлөрүн эскертти.
    21 min
  • Тургунбаев кармалып, Ташиев дагы сурак берди | Жаңылыктар | 26.03.2026
    Жакында кызматтан алынган Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды. Ал тапта экс-депутат Шаирбек Ташиев күбө катары дагы бир жолу сурак берди.
    Фейсбуктагы пикири үчүн алты жылга абакка кесилген Эрнис Жээнтаев эркиндикке чыкты. Сот ага төрт жыл пробациялык жаза чегерди.
    Дональд Трамп Тегеран тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып жатканын айтса, Ирандын бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү тууралуу маалыматты четке кагууда.
    18 min
  • Айдарбековго мандат берүү эмнеге кечикти? | Жаңылыктар | 25.03.2026
    Борбордук шайлоо комиссиясы Чыңгыз Айдарбековго дагы деле мандат бере элек. Ал тапта Айдарбеков тышкы иштер министри, элчи болуп турганда мыйзамсыз иштерге аралашканы тууралуу видео тарап, экс-депутат аны четке какты.
    Абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков бийликке кайрылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет козгогон иштерди текшерүүгө чакырды.
    Орусиянын армиясы Украинага дрон менен жапырт чабуул койду. Львов шаарында 27 киши жараат алып, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги тарыхый жай бүлгүнгө учурады.
    20 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners