Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Облус башчысы УКМКнын аймактагы башчысын сынга алды | Жаңылыктар | 19.05.2026
    Аймактардагы көйгөйлөр канткенде чечилет? Аткаминерлерге элден суроо көп. Америкалык укук коргоочу Стив Свердлоу Кыргызстанга киргизилбей, Түркияга депортация болду. Кыргызстандык укук коргоочулар бул чечимди айыпташты. Күйүүчү майдын баасы ар эки аптада бир сомго кымбаттап турат. Өкмөт мунун себебин дүйнөлүк биржаларда дизел жана бензин кымбаттаганы менен түшүндүрүүдө.
    18 min
  • Ташиев баштаган сегиз кишинин соту башталды | Жаңылыктар | 18.05.2026
    Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз кишинин иши боюнча баштапкы соттук угуу башталды.
    Украинанын Днепр шаарында орус армиясынын аба соккусунан 20 чакты адам жабыркады. Мурдагы түнү Орусиянын баш калаасы жана Москва облусу ири дрон чабуулуна кабылган.
    Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине кирүүгө талапкерлигин расмий жарыялап, кайрылуу жолдоду.
    18 min
  • Апрелчилер Бакиев боюнча президентке кайрылды | Жаңылыктар | 15.05.2026
    Чүйдө унаа сүзүп кеткен беш адам каза болду. Алардын төртөө жаш балдар.
    Киев бүгүн аза күтүүдө. Орусиянын өткөн түнкү соккусунан 24 киши мерт болду. Арасында жашы жетелек үч бала бар.
    Апрель элдик революциясынын уюмдарынын ассоциациясынын мүчөлөрү Бакиев куруп берген тигүү фабрикасына байланыштуу президентке кайрылууда. Алар бийликтен Бакиевди жазага тартуу маселесин көзөмөлгө алууну талап кылууда.
    27 min
  • Бензин дагы кымбаттайбы? | Жаңылыктар | 14.05.2026
    УКМКнын 22 кызматкерине кылмыш иши козголду. Алардын айрымдары камакка алынса, башкалары үй камагында.
    Дональд Трамп Си Цзинпинди «дос» деп атады. Бээжинде лидерлер эмнени сүйлөштү?
    Бензин дагы кымбаттайбы? Өкмөт бааны кармап туруу үчүн салыктык жеңилдиктерди киргизгени жатат.
    22 min
  • Ташиев менен кошо сегиз кишинин иши сотко өттү | Жаңылыктар | 13.05.2026
    Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон сегиз кишинин иши тергелип бүтүп сотко өттү.
    Милиция ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан эми сот отурумдары жабык өтөт.
    Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Астанада өтө турган Евразия экономикалык саммитине барбайт.
    Серепчилер Пашиняндын баш тартуусун орус президенти Путиндин соңку коркуткан сөздөрүнө байланыштырууда.
    Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигинин жетекчиликтери менен санкцияларга байланыштуу сүйлөшүүлөр жүрүп атканын билдирди.
    22 min
  • Депутаттардын кетиши - ташиевчилерден тазалануубу? | Жаңылыктар | 12.05.2026
    Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев мандатынан ажыратылды. Депутататтардын парламенттен кетиши - ташиевчилерден тазалануубу?
    Орусия менен Украинанын ортосунда үч күндүк «элдешүү» мөөнөтү аяктагандан кийин Киев бүгүн кайрадан аткыланды.
    Бул арада Зеленскийдин экс маалымат катчысы Юлия Мендель аны баңгиликке айыптады.
    Тынымсыз нөшөрлөп жааган жаандан улам Борбор Азия өлкөлөрүндө суу ташкыны болуп, шаар-кыштактардагы инфраструктура жабыркап жатат.
    21 min
  • Бакиевдер курган фабрика "апрелчилердин" кунубу? | Жаңылыктар | 11.05.2026
    Бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев апрелчилерге кун үчүн куруп берди делген ишкана бир-эки айда кишке кирери айтылууда. Фабрикага президент Жапаров барды.
    АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын Вашингтондун тынчтык планына кайтарган жообун четке какты.
    Трамптын реакциясы мунайдын кымбаштташына алып келди.
    9-майга карата Караколдо өткөн концертте Орусиянын Украинага каршы согушунда колдонулган “Z” белгиси жана башка элементтердин көрсөтүлүшү коомчулуктун сынына кабылды.
    29 min
  • Ташиев "бийликти күч менен басып алууга" айыпталууда | Жаңылыктар | 30.04.2026
    Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге "бийликти күч менен басып алуу" жана "кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголгону ачыкка чыкты.
    Дүйнөлүк мунай базарларында баалар кескин өстү. Мунун алдында АКШ Иранга каршы деңиз блокадасын кеңейтери тууралуу маалыматтар тараган.
    Кыргызстанда паспорт жана башка документтер эмнеге кымбаттап жатат? Баа маселеси парламентте да көтөрүлдү.
    22 min
  • Ташиев, Зулушев жана Тургунбек уулу кайсы иш боюнча суралууда? | Жаңылыктар | 29.04.2026
    Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнө кылмыш иши козголгонун ырастады. Күн мурун Ташиев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев Ички иштер министрлигинде сурак берген.
    Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкандан бери быйыл 9-майда Жеңиш күнүнө арналган парадга биринчи ирет аскердик техникасын чыгарбай турган болду.
    Селден улам Ош облусунун Гүлчө шаарында өзгөчө кырдаал режими кирди. Жамгырдан кийин жүргөн сел жүздөй турак жайды жана эки мектепти каптады.
    21 min
  • Бишкекке Ирандын генералы келди | Жаңылыктар | 28.04.2026
    Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери чогулду. Саммитке согуштук абалда турган Ирандын генералы келиши талкууга түшүп, Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаалга уюм таасир эте алабы деген суроо коюлду.
    Орусиянын Туапсе шаарындагы мунай заводго кайрадан дрондор сокку урулуп, өрт тутанды. Буга чейин чабуулдардан кийин күйүүчү заттар абаны булгаган.
    Көп аялдуулукту кылмыш жоопкерчилигинен алуу демилгеси менен кол топтогон Өзбек Чотонов милицияга чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
    17 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners