Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Крымга чабуул, Өзбекстандагы жарылуу | Жаңылыктар | 09.06.2026
    Кыргызстан авиа коопсуздук боюнча Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыкты. Кыргыз авиакомпаниялары бул тизмеде 20 жылдан бери жүргөн.
    Украин аскерлери оккупацияланган Крымга кеткен жолдорго сокку урууда. Бул арада орус аскерлеринин чабуулунан Харьковдо төрт кишинин набыт болду.
    “Кой-Таш ишине” байланыштуу соттолгон саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу президентке кайрылды. Ал атасы сегиз айдан бери террорист-экстремисттер кармалган камерада жатканын айтууда.
    21 min
  • “75чилердин иши”: Ачык сот талабы четке кагылды | Жаңылыктар | 08.06.2026
    “75чилердин каты” боюнча сот иши улантууда. Айыпталуучулардын отурумду ачык өткөрүү өтүнүчүн судья четке какты.
    Кошмо Штаттар менен Израил Иранга каршы согуш баштаганына 100 күн болду. Өткөн түнү Израил менен Иран кайрадан бири-бирине сокку урду.
    Кыргызстан быйыл Тажикстан менен чек арасына толук инженердик тосмо тартып бүтүрүүнү көздөп жатат. Зым тартуу иштери Тажикстандын Ворух анклавынын айланасында жүрүүдө.
    24 min
  • Санкт-Петербург дрон чабуулуна кабылды | Жаңылыктар | 03.06.2026
    Санкт-Петербургда эл аралык форум башталып жатканда шаар аткылоого кабылды. Ленинград облусунун бийлиги 60тай учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди.
    Борбордук шайлоо комиссиясынын кыскартылган жаңы курамына Жогорку Кеңештин 5 экс-депутаты, мурдагы 3 кызматкери кирди. Боршайком канчалык көз карандысыз мекеме боло алат?
    Кыргызстан Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө ат салышууда. Жеңишке жетсе - өлкө тарыхында дүйнөдөгү таасирдүү коопсуздук органына биринчи жолу мүчө болот.
    18 min
  • Криптовалюта базары: Президент агенттик түздү | Жаңылыктар | 02.06.2026
    Шаардык сот Махабат Тажибек кызынын ишин кыскартуу боюнча адвокаттын өтүнүчүн четке какты.
    "Циркон", "Калибр" "Искандер-М" ракеталары жана 656 дрон. Орусиянын Украинага жасаган ири чабуулунан 17 киши мерт кетип, жүздөн ашык киши жарат алды.
    Криптовалюта жаатында мамлекеттик саясат кандай жүрөт? Президент виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча кеңешти агенттик кылып өзгөрттү.
    19 min
  • Ташиев баш болгон 8 айыпталуучунун соту | Жаңылыктар | 01.06.2026
    Камчыбек Ташиев баш болгон 8 адамдын үстүнөн соттук териштирүү бүгүн уланды. Айыпталуучуларга иш менен таанышууга бейшембиге чейин убакыт берилди.
    Европа өлкөлөрү, Араб Лигасы Израил аскерлеринин Ливандын ичкери аймагына басып кирүүсүн айыпташты.
    БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулганы жатат.
    Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат башчысы Фарид Ниязов менен жарандык активист Адилет Балтабай
    президенттин ырайымы менен абактан бошотулду.
    16 min
  • Орусия мигранттарга дагы бир эреже киргизет | Жаңылыктар | 29.05.2026
    Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин лидерлери Астанага саммитке чогулду. Арменияда парламенттик шайлоо өтүп жаткандыктан, өкмөт башчысы Николь Пашинян орун басарын жөнөттү.
    НАТОнун мүчөсү Румыниянын Галац шаарындагы көп кабаттуу турак үйгө орусиялык дрон тийип, эки адам жараат алды.
    Орусияга кирүүнү каалаган ар бир чет өлкөлүк эми атайын тиркеме аркылуу арыз калтырышы керек. Кремль акыркы жылдары миграциялык саясатын утур-утур катаалдатып жатат.
    22 min
  • Ташиев сотко келип, Тургунбек уулу айыпты четке какты | Жаңылыктар | 28.05.2026
    “75чилердин каты” боюнча сотко бүгүн атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев келди. Мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу менен экс-депутат Курманкул Зулушев айыпты четке какты.
    АКШ Ирандын түштүгүндөгү Бендес-Аббас аэропортуна жакын жерге сокку урду. Ислам революциясынын сакчылар корпусу болсо Кувейттеги америкалык авиабазага чабуул жасады.
    Ысык-Көлдө өтө турган “Формула-1” суу үстүндөгү кайык жарышына байланыштуу талаш уланууда. Ички иштер министрлиги элди маалымат таратууда этият болууга чакырды.
    14 min
  • Жапаров Ирандын президенти менен эмнени сүйлөштү? | Жаңылыктар | 26.05.2026
    АКШ Ирандын түштүгүнө сокку урду. Аба чабуулу Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экени айтылгандан бир нече саат өткөндөн кийин болду.
    Кыргызстанда азык-түлүк жана кызмат көрсөтүүнүн баасы өстү. Буга кошул-ташыл бензин, солярка кымбаттап, өкмөт күйүүчү май ташыган компанияларга субсидия бермей болду.
    Москва Киевге катуу соккулар болорун эскертүүдө. Сергей Лавров Марко Рубио менен сүйлөшүп, америкалык дипломатиялык кызматкерлерди жана АКШ жарандарын Киевден чыгарып кетүүгө чакырды.
    23 min
  • Президенттин мурдагы кеңешчисинин чуулуу иши | Жаңылыктар | 25.05.2026
    Орусиянын жапырт соккусунан Украинанын борбору Киевде төрт киши каза таап, 87 адам жаракат алды. Анын ичинен үчөө жашы жетелек балдар.
    Президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун ишин адвокаты чагым деп жатат. “Ынтымак ордо” болсо мамлекет башчынын “бир да кыргызстандык коомдук кеңешчиси жок экенин” билдирди.
    Кыргызстандын түштүгүндө нөшөрлөп жааган жаандан улам ондогон турак жайды сел каптап, Кара-Сууда 48 баш койду агызып кетти.
    17 min
  • Шаирбек Ташиев абакта калды | Жаңылыктар | 20.05.2026
    Караколдо Мамлекеттик ипотекалык компания курган көп кабат үйлөргө нөшөрлөп жааган жаандан улам суу өтүп, батирлерге чейин кирди. Аймактарда жаан менен келген сел түйшүк жаратууда.
    Бээжинде Кытай жана Орусия президенттери бир катар келишимдерге кол койду. Москва Кытай менен энергетика тармагында кирешелүү келишимдерди түзүүгө аракеттенүүдө.
    Шаирбек Ташиев 16-июлга чейин тергөө абагында калды. Экс-депутатка “Коррупция” беренеси менен айып коюлуп, 1-апрелде кармалган эле.
    19 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners