Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Зеленский Лукашенкону коркуттубу? | Жаңылыктар | 26.06.2026
    Венесуэладагы катуу жер титирөөдө кеминде 235 киши каза тапты. Депутат Нурбек Сыдыгалиев Инвестиция агенттигинин мурдагы жетекчиси Фархат Иминовду жана “Кыргызкөмүр” ишканасынын экс-директору Кайрат Маматовду коррупцияга айыптады. Украин президенти Владимир Зеленскийдин эскертүүсүнөн кийин Беларус өз аймагындагы орус дрондоруна жардам көрсөткөн жабдууларды өчүрдү.
    17 min
  • Ошто сел алты кишинин өмүрүн алды | Жаңылыктар | 25.06.2026
    Венесуэлада катуу жер титирөө бери дегенде 32 кишинин өмүрүн алып, 700дөн ашык киши жараланды. Борбор шаар Каракаста жана айланасындагы конуштарда көп кабаттуу үйлөр урап калды.
    Ош-Гүлчө жолунда жеңил машинени сел агызып, ичиндеги алды киши каза тапты.
    Жаздан бери өлкөдө сел кырсыктар көп катталып, аймактарда коопсуздук маселеси күн тартибине чыгууда.
    Президент Ат-Башыдагы “Чар” эс алуу жайынын айланасындагы окуяны териштирүүнү тапшырды.
    Буга чейин ишкер Исабек Абдыгазиев УКМКнын мурдагы жетекчилигинин кысымына туш болуп, бизнесинен ажыраганын айтып чыккан.
    22 min
  • Маматалиев "75чилердин катынын" сырын ачтыбы? | Жаңылыктар | 24.06.2026
    Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо келерки жылы 27-январда болот. Бул туурасында билдирген парламент спикери бүгүн кайрадан "75чилердин катынын" тобокелдигине токтолду.
    Кыргызстанда бензиндин кымбаттап, аны тамак-аштын баасы да ээрчип баратат. Эл кандай күн көрүп жатат?
    Оогандык качкындар үйүнө кайтабы? Талиптердин Европага визити жана оогандык мигранттарды мекенине күчтөп кайтаруу демилгеси укук коргоочу активисттердин нааразылыгын жаратты.
    22 min
  • Ширшовдун фонду эмнени көздөйт? | Жаңылыктар | 23.06.2026
    Баткен районунда селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Британиялыктар Еврошаркеттен чыгуу жолун тандаганына 10 жыл болду. Кыргызстанда “Ширшов” коомдук фонду ачылды. Ширшов коомдук ишке активдүү катышуу менен эмнени көздөйт?
    24 min
  • Ташиевдердин иши сотто кайра жабык каралууда | Жаңылыктар | 22.06.2026
    “75чилердин каты” боюнча иш сотто кайра жабык каралмай болду. Муну айрым айыпталуучулар колдосо, башкалары каршы болду.
    АКШ менен Иран 60 күндүн ичинде тынчтык келишимине жетүү боюнча жол картасын макулдашты. Сүйлөшүүлөр аяктаган күнү эле Израил Ливандагы операцияларын улантарын жарыялады.
    Аскар Акаев президенттин мөөнөтүнө байланыштуу сөзүнө түшүндүрмө берди. Анын Ысык-Көл эл аралык форумунда айткан сөзү коомчулукта талкуу жараткан эле.
    29 min
  • Аскар Акаевдин Ысык-Көлдөгү талкуу жараткан билдирүүсү |Жаңылыктар | 19.06.2026
    Ысык-Көл форумуна келген Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Садыр Жапаровго "кыргыз экономикалык кереметин" улантууга дагы убакыт берүү демилгесин көтөрдү. Ормуз кысыгы ачылып, кемелердин кыймылы жанданды. Москвадагы дрон чабуулунан улам “Садовод” базарында чыккан өрттөн тажикстандык соодагерлер жабыркады.
    25 min
  • “75чилердин иши” депутаттарды козгоду | Жаңылыктар | 18.06.2026
    “75чилердин ишине” байланыштуу бүгүн парламент козголду. Камчыбек Ташиевге ачуу сындар айтылып, УКМКнын ишмердигин текшерүү боюнча комиссия түзүү сунушталды.
    Дональд Трамп менен Масуд Пезешкиан Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотуу меморандумуна кол коюшту. Эми эки айдын ичинде толук жарашуунун шарттары иштелип чыгат.
    Москва акыркы эки жылдагы эң ири дрон чабуулуна кабылды. Зеленский муну Украинага жасалган соккуларга берилген «адилеттүү жооп» деп атады.
    21 min
  • Депутат мурдагы үч чиновник камалышы керектигин айтты | Жаңылыктар | 17.06.2026
    Депутат Сыдыгалиев “75чилердин каты” боюнча иште Ташиев баштаган үч айыпталуучу да камалышы керектигин айтты. Аларды күбө катары көрсөтмө берген эл өкүлү Элвира Сурабалдиевага психологиялык басым көрсөттү деп айыптады.
    Ирандын мунайын тарткан алгачкы танкер Ормуз кысыгынан өттү. АКШ менен Иран куралдуу жаңжалды токтотуу макулдашуусуна жетишкенден кийин кара майдын баасы дүйнөлүк рынокто арзандады.
    Ысык-көл облустук милициясы чет элдик жаран уруп-сабады деген котормочу кыздын арызын иликтей баштады. Жабырлануучу окуя тууралуу социалдык тармакка жазып, коомчулуктан укуктук жардам сурады.
    21 min
  • Ташиевдердин иши: тергөөдөгү видео эмнеге жарыяланды? | Жаңылыктар | 16.06.2026
    Камчыбек Ташиевдин жана анын жакын тарапташы делген Нургазы Анаркуловдун сурагы делген видео соцтармактарга тарады. Белгисиз булактардан тараган бул видео “75чилердин каты” боюнча биринчи ачык сот отурумунан кийин жарыяланды.
    Украина орус мунай инфрастуктурасына соккуларын күчөттү. Мунун кесепети Орусиянын күйүүчү май базарында да сезиле баштады.
    Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Анкара шаарында кармалган кыргыз жараны Эрмек Сабыржанов боюнча Түркиянын омбудсмени Мехмет Акаржага кат жолдоду.
    17 min
  • Ташиев ачык сотко келди, Тургунбек уулу сөз сүйлөдү | Жаңылыктар | 15.06.2026
    Кыргызстандын тарыхындагы дагы бир чуулуу иш – “75чилердин каты” боюнча соттук отурум ачык өтө баштады. Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.
    Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазган посттон кийин Ноокен райондук милициясында бир нече саат сурак берип чыкты.
    АКШ менен Иран Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотууга багытталган жалпы макулдашууга жетишти. Ага ылайык, Ормуз кысыгы ачылып, ирандык порттордун блокадасы алынат.
    26 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners