Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Жапаров Ташиев, Бөлтүрүк, саясат тууралуу эмне деди? | Жаңылыктар | 14.08.2026
    Садыр Жапаров азыркы мөөнөтү бүткөндөн кийин атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди “президент кылуу” планы болгонун, бирок кийин ал ойдон кайтканын билдирди. Коомчулук президенттин соңку маегин талдап жатат.
    Тажикстандын чек ара аймагына жакын Дарвоз районунда оогандык согушкерлердин огунан 21 жаштагы келин каза тапты. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Ооганстанды Тажикстандын чек арасынын кол тийбестигин урматтоого чакырды.
    Атайын кызмат синтетикалык баңгизаттарды саткан топтун мүчөлөрүн кармады. Алардын жанынан ири өлчөмдөгү баңги каражат табылган.
    19 min
  • Прокурорлор Ташиевдерди абакка кесүүнү сурады | Жаңылыктар | 13.08.2026
    Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз адамдын иши шаардык сотто каралууда. Прокурорлор алардын пробациялык жазасын абак жазасына алмаштырууну сурап жатышат.
    Талибан кыймылы Ооганстандагы бийликти басып алганына беш жыл болот. Өлкө экономикалык каатчылыкка батып, медицина тармагы жапа чегүүдө.
    “Кыргызфармацияда” дары, медициналык жабдыктарды сатып алуудагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду. Ал жерде бюджетке 138 млн сомго жакын зыян келтирилгени айтылды.
    _____________________________________________________________________
    17 min
  • Асад сыртынан өлүм жазасына кесилди | Жаңылыктар | 12.08.2026
    Сириянын мурдагы президенти Башар Асад сыртынан өлүм жазасына кесилди. Кумтөрдү башкарып, кийин соттолгон Тенгиз Бөлтүрүктүн билдирүүлөрү талаш-талкууну жаратты. Кыргызстан дагы 10 миң электромобилди бажы алымысыз ташып кирүүгө мүмкүндүк алды.
    15 min
  • Татарстанда борборазиялыктар набыт болду | Жаңылыктар | 11.08.2026
    Колумбияда 7 баллдан ашкан катуу жер титирөө 160тын тегерегиндеги адамдын өмүрүн алды. Өлкөнүн ири шаарларынын бири Калиде 20дай имарат кулап, адамдар уранды алдында калган.
    “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Массалык башаламандыктар” беренелери менен айыпталып жапырт кармалган саясатчылардын соту жабык уланмай болду.
    Президенттин агасынын аты аралашкан “кеңсе” тууралуу талкуу уланууда. Ишкер Сыргак Кенжебаев менен катар эле “Кумтөрдүн” мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк да кендин айланасындагы окуялар боюнча утур-утур билдирүү жасоодо.
    24 min
  • Чоң-Алайдагы чокуга чыккан үч альпинист изделүүдө | Жаңылыктар | 10.08.2026
    Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз адамдын иши Бишкек шаардык сотунда карала баштады. Райондук сот аларга үч жылдан пробациялык жаза берип, айыпталуучулар эркинде калган.
    Президенттин администрациясы “мамлекет башчы Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров жана анын уулу Азат Жапаров Бажыда коррупциялык иштерди уюштурган” деген сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу жакында эле чет жакта жүргөн ишкер Сыргак Кенжебаев айтып чыккан.
    Чоң-Алайда Корумду чокусуна чыгып дайынсыз болуп жаткан чет өлкөлүк үч альпинист изделүүдө. Алар 2-августтан бери байланышка чыга элек.
    16 min
  • Ташовдун сегиз жылга кесилиши, Ташиевдин талкууга түшкөн билдирүүсү | Жаңылыктар | 17.07.2026
    Адаттан тыш аптаптан улам Америка, Европа, Азияда токойлор өрттөнүп жатат. Коңшу Казакстанда да токойдо өрт чыгып, 220 киши эвакуацияланды.
    Шаардык сот ишкер Имамидин Ташовду 8 жылга кести. Эки жарым жылдай камакта жаткан ишкер кыйноого кабылганын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салган.
    Ажырашкандан кийин аялын өлтүрүп салган адам өмүр бою абакка кесилди. 47 жаштагы мугалим Жибек Урустемованы былтыр Бишкектеги батиринде күйөөсү тапанча менен атып салган.
    22 min
  • Камчыбек Ташиев: "Шайлоого катышпайм, Садыр Жапаровду колдойм" | Жаңылыктар | 16.07.2026
    Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышпасын, президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдорун жарыялады. Ташиев баш болгон сегиз киши бийликти күч менен басып алууга күнөөлүү деп табылып, бирок пробация жазасы менен эркиндикте калган.
    Шаардык сот ишкер Имамидин Ташовдун ишин карап жатат. Аны райондук сот былтыр үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.
    Украинада өкмөт отставкага кетип, жаңы премьер-министр бекиди. Киевде коргоо министрин алмаштырууга каршы нааразылык акциаялары өткөнү кабарланды.
    27 min
  • Жерди инвесторлорго 50 жылга чейин берүү сунушталды | Жаңылыктар | 15.07.2026
    Акын Аскат Жетиген абак кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жатканын айтып, кат жазды. Жаза аткаруу кызматы муну четке кагууда.
    АКШ Ирандын аскердик буталарына сокку урду. Өз кезегинде Тегеран Иордания жана Кувейттеги базаларга чабуул койгонун маалымдады.
    Испания футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Финалда алар Англия – Аргентина беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт.
    23 min
  • Ташиев сентябрга чейин камакта калды | Жаңылыктар | 14.07.2026
    Экс-депутат Шайырбек Ташиев 16-сентябрга чейин камакта калды. Ага “Коррупция” беренеси менен айып коюлуп, 1-апрелде кармалган.
    Камакта жаткан Темирлан Султанбеков соттун ачык өтүшүн талап кылууда. Мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаев болсо кыйноого кабылганын билдирди.
    Түркияны өзгөрткөн 10 жыл: Ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин 100 миңден ашуун киши соттолду, миллиондой киши суракка тартылды, Эрдогандын бийлиги бекемделди.
    21 min
  • Абактагы Аскат Жетиген саламаттыгы начарлаганын айтты | Жаңылыктар | 13.07.2026
    Акын Аскат Жетиген абактан кат жазып, саламаттыгы начарлап кеткенин кабарлады. Жазаларды аткаруу кызматы муну четке кагып, анын саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирүүдө.
    АКШ өткөн түнү Иранга абадан сокку урду. Вашингтон муну Ормуз кысыгы аркылуу өткөн соода кемелерине жасалган чабуулдарга жооп деп түшүндүрдү.
    Кыргызстанда алдыдагы төрт күн адаттан тыш ысык болуп, абанын табы 40 градустан ашаары эскертилди. Адистер жарандарды бул күндөрү ден соолугуна сак болуп, ачык күн алдында жүрбөөгө чакырууда.
    25 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners