Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Бишкек: Президенттер эмнени талкуулайт? | Жаңылыктар | 31.08.2026
    Кыргызстандын эгемендигине 35 жыл. Быйыл бул дата Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүп жаткан учурга туш келди.
    Кезинде “Борбор Азиядагы демократия аралча” аталган өлкөдө бийлик бир нече ирет революция менен алмашты. Өлкө өткөндөн канчалык сабак алды?
    Бишкек бул күндөрү глобалдык дипломатиялык аянтчага айланды. Жер шарындагы калктын 40% ашууну жашаган өлкөлөр кирген Шанхай кызматташтык уюму дүйнөлүк сахнада салмактуу күч боло алабы?
    30 min
  • Непалдагы күтүүсүз кырсык | Жаңылыктар | 27.08.2026
    Непалдагы суу ташкындан улам каза тапкандардын саны 270ке жетти. Дагы 1,5 миңден ашык кишинин, анын ичинде 800 чет элдиктин дайыны белгисиз. Күтүүсүз суу ташкынына жер титирөөдөн кийинки көчкү себеп болгон.
    "75чилердин" сотунда онго жакын күбө сурак берди. Арасында мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов жана Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Жуман Акималиев да бар.
    Интернет айдыңында пикир жазган журналист, активисттерди каралоо жаңы деңгээлге чыкты. “Тыңчы”, “чет элдик агент” деген каралоолор менен катар алардын үй-бүлөсүнө чейин асылган чабуулдар кимге керек?
    17 min
  • Орусияда Украинадагы согушка мигранттарды тартуу токтой элек | Жаңылыктар | 26.08.2026
    Кыргызстанда баалар өсүүдө. Өкмөт кымбатчылыкты кантип ооздуктайт?
    Украинадагы согушка азгыруу токтой элек. "Азаттыкка" жакыны согушка кеткен бир нече адам кайрылды.
    АКШ башпаанек сураган чет өлкөлүктөргө визалык чектөөлөрдү күчөтүшү мүмкүн. Трамптын администрациясы миграция саясатын дагы катаалдаштырууда.
    20 min
  • "Ырыс Ордо" ыркы кеткендерди элдештиреби? | Жаңылыктар | 25.08.2026
    "Ырыс ордодогу" ынтымакка чакырык, шайлоо жышааны жана "75чилер иши". Бийликтин соңку иш-чарадагы ишараты талкуу жаратты.
    Бишкекте "Ырыс Ордонун" ачылышынан кийин коңшу Тажикстанда 2,5 миң орундуу улуттук театр ачылды. Ири масштабдуу имараттарды мамлекеттик өнүгүүнүн символу катары көрсөтүү Тажикстанга гана мүнөздүү көрүнүш эмес.
    Махабат Тажибек кызынын иши Ленин райондук сотунда кайра карала баштады. Ал быйыл март айында үй камагына чыккан эле.
    22 min
  • Талас: Орунтаевдин аты аралашкан жаңжал териштирилүүдө | ЖАҢЫЛЫКТАР | 24.08.2026
    Милиция Таласта курулуш министри Нурдан Орунтаевдин аты аралашкан жаңжалды териштирип жатат. “Манас Ордодогу” окуя мамлекеттик кызматкердин жүрүм-туруму боюнча маселени козгоду.
    Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу сунушу талкууга түшттү. Оштун мэри Жанар Акаевдин демилгесинин төркүнү эмнеде?
    Казакстандагы парламенттик шайлоодо бийликчил "Адилет" партиясы алдыга чыкты.
    Байкоочулар саясий өзгөрүүлөр Токаевдин бийлигин дагы бекемдеп, Назарбаев доорунун таасирин азайтышы мүмкүн экенин айтууда.
    26 min
  • Threadsтин колдонуучулары эмнеге кармалды? | Жаңылыктар | 21.08.2026
    Атайын кызмат Threads социалдык тармагынын эки колдонуучусун кармап, аларды бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп айыптоодо. Акыркы маалда дал ушул соцтүйүндө бийликке сын айткан пикирлер байкалып жатат.
    Кыргыз өкмөтү күйүүчү майдын тартыштыгын алдын алуу аракетин көрүүдө. Ушул айда Орусиядан 100 миң тоннадан ашык кара май алып келээри күтүлүүдө.
    Казакстан жаңы Конституция кабыл алынгандан кийинки алгачкы парламенттик шайлоого камынууда. Өлкөдө Сенат менен Мажилистен турган эки палаталуу парламент жоюлуп, анын ордуна 145 депутаттан турган Курултай түзүлөт.
    21 min
  • Кыргызстандыктар Кытайга визасыз кире алат | Жаңылыктар | 20.08.2026
    Киевде Орусиянын чабуулу 16 өмүрдү алып, 40тан ашык киши жарадар болду. Шаарда 21-август аза күтүү күнү деп жарыяланды.
    Мавлян Аскарбековго Фейсбукта жазган билдирүүсүнө байланыштуу кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Эки ай мурда кармалган саясатчынын иши сотто карала баштады.
    Кытай кыргыз жарандарына виза алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөттү. Эми 10 суткага чейин визасыз транзит жана Хайнан провинциясында 30 күн визасыз жүрүүгө уруксат берилет.
    15 min
  • Украина: Президенттик шайлоо темасы кайра козголду | Жаңылыктар | 19.08.2026
    “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен кесилген акын Аскат Жетиген эркиндикке чыкты. Үч жыл абакта отурган Жетиген айыпты четке кагып, мыйзамсыз камалганын айтты.
    Украинанын мурдагы коргоо министри Михаил Федоров согуш учурунда да президенттик шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк табууга чакырып, бийликти катуу сындады. Анын кайрылуусу Зеленский үчүн сезимтал маселени кайрадан козгоду.
    “Түндүк” тиркемесиндеги жарандардын жеке маалыматтары Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун колуна кандай шартта түшүп калган? Бул окуяны Ички иштер министрлиги териштерине баштаганы айтылды.
    19 min
  • Meta АКШда соттук териштирүүгө туш болду | Жаңылыктар | 18.08.2026
    Президент Садыр Жапаров УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы күрөштөн казынага 4 миллиард доллар түшкөнү тууралуу маалыматын төгүнгө чыгарды. Ташиев келтирген сумма эмнеге негизделген эле?
    АКШда 30дай штат Meta компаниясын Instagram жана Facebook социалдык тармактарында балдарды көп кармап туруучу функцияларды атайылап иштеп чыккан деп айыптады.
    Ошто орто мектептин ата-энелери нааразылык билдирип чыкты. Алар Ломоносов мектебинин жаңы курулган имаратына башка окуу жайдын окуучулар киргизилип жатканына каршы болушууда.
    20 min
  • Москвада Wildberriesтин ири кампасына сокку урулду | Жаңылыктар | 17.08.2026
    - "75чилердин каты" боюнча сот уланууда. Айыпталуучулар райондук соттун өкүмүн жокко чыгаруу менен катар
    тергөөчү, прокурорлор жана райондук соттун судьясына мыйзам бузуулар үчүн чара көрүү өтүнүчүн беришти.
    - Орусияда бензин тартыштыгы кайра күчөп, май куюучу жайларда узун кезек пайда болду. Ал тапта украин армиясы өлкөнүн мунай заводдоруна жана ири кампаларына дрон чабуулдарын улантууда.
    - Аксыда 34 жаштагы келиндин жакындары анын өз жанын кыйганына ишенбей жатышат. Алар акыйкат тергөөнү талап кылууда.
    24 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners