Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Министрдин "таш заманына" Ташиевдин жообу | Жаңылыктар | 08.10.2026
    Жапырт кармалган саясатчыларга сот өкүмү чыкты. Темирлан Султанбеков жети жылга кесилсе, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев төрт жылга камалды.
    Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кара тумоо тууралуу Орусиядан кошумча маалымат сурады. Орус бийлиги лабораторияда кырсык болгон деген маалыматты четке кагууда.
    Айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун айтканына Камчыбек Ташиев жооп берди. Министр эмнеге камалып чыккан?
    26 min
  • Спикер Маматалиев кимди коркутту? | Жаңылыктар | 07.10.2026
    Марлен Маматалиев "парламент алсыз, нотариус болуп калды” деген сөздөргө терикти. Спикер “мындан ары негизсиз дооматтарга" карата чара көрүлөрүн эскертти.
    Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согуштун тутанышына алып келген 7-октябрдагы чабуулга үч жыл толду. Израилде ал чабуулдун курмандыктарын эскеришсе, Газада согуштун изи дале өчө элек.
    Мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановго "коррупция" боюнча айып тагылганы белгилүү болду. Сот аны эки айга камакка алды.
    23 min
  • Султанбеков 9 жылга, Атамбаев 7 жылга кесилеби? | Жаңылыктар | 06.10.2026
    Прокуратура Темирлан Султанбековго 9 жыл, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаевге жана башка айыпталуучуларга 7 жарым жыл абак жазасын сурап жатат. Жапырт камалган саясатчыларга өкүм чыгарына аз калды. Бул арада бийлик Октябрь окуяларынын алты жылдыгын "Бишкек аренада" салтанат менен белгиленди. Өлкөдө соңку алты жылда эмне өзгөрдү? Францияда билим берүү шарттарына нааразы болгон окуучулар менен полиция кагылышты. Миңдеген адам кармалып, жүздөгөн киши жараат алды. Бир өспүрүм колунан ажырады.
    20 min
  • Мурдагы министр Нурлан Сулайманов кармалды | Жаңылыктар | 05.10.2026
    Орусия кара тумоону жашырабы? Иркутскидеги Кара тумоого каршы илимий-изилдөө институтунун кызматкеринин өлүмүнөн кийин талкуу күчөдү. Бул арада Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан коопсуздук чараларын күчөттү.
    Айсаракан Абдибаеваны мандаттан ажыратууну талап кылгандардын саны 30 миңге чукулдады. Депутат сексуалдык мүнөздөгү айрым кылмыштар үчүн пробациялык жаза түрүн колдонууну сунуштаган.
    Кыргызстандын спортчулары Азия оюндарында 14 медал алды. Жалгыз алтын байгени грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков тагынды.
    20 min
  • FlyDubai учагында пилот капитанды бычактады | ЖАҢЫЛЫКТАР | 01.10.2026
    Дубайдан Тель-Авивге бараткан «ФлайДубай» компаниясынын учагында пилот капитанды бычактады. Анын мындай кадамга эмне себептен барганы азырынча белгисиз. Учакта 174 жүргүнчү болгон.
    Милиция “Орунбековдун тизмеси” боюнча ишти териштирүүнү улантат.
    Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековду “жеке маалыматтарыбызды колдонду” деп бир топ адам милицияга арыз берген.
    Жапонияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков алтын медал утту. Ал эми Акжол Махмудов коло байге үчүн беттеште атаандашын жеңди.
    19 min
  • Орусиялык байлар кымбат машинелерди Кыргызстан аркылуу алдырабы? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 30.09.2026
    "Санкцияны айланып өтүү схемасы". New York Timesтын жаңы иликтөөсүндө Кыргызстан да аталды.
    Берлинге барган Касым-Жомарт Владимир Путинди мактады. Ошол эле учурда Украинада болуп жаткан окуяларга тынчсызданып жатканын билдирди.
    Жапонияда өтүп жаткан XX жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар эки медал алды. Кыргызстанда азырынча алтын байге жок.
    20 min
  • Президенттик шайлоо: Жапаровго Суваналиев атаандаш болобу? | Жаңылыктар | 24.09.2026
    Казакстанда Каспий деңизиндеги атайын машыгууда ондон ашык аскер каза болгону кабарланды. Катуу шамалдан улам 19 аскер кырсыкка кабылды, деңизге чөгүп кеткендерди издөө иштери уланууда.
    Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылы 27-январда өтөт. Бул ири саясий жарышта тең атаандаштык болобу - деген суроо коомчулуктун көңүл чордонунда турат.
    Кытайдын лидери 11 жылдан бери биринчи жолу АКШга мамлекеттик сапар менен барды. Президент Трамптын сыйлуу конокторду аэропорттон өзү тосуп алганы сейрек кездешүүчү көрүнүш.
    27 min
  • БУУда Садыр Жапаров санкция саясатын сындады | Жаңылыктар | 23.09.2026
    Улуттар Уюмунун башкы трибунасында дүйнө лидерлери согуш, санкция, климатка байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрдү. Кыргызстандын президенти Жапаров эл аралык коомчулуктун көнүлүн Ысык-Көлдү сактоого бурду.
    Үч айдан ашуун тергөө абагында отурган саясатчы Мавлян Аскарбеков лингвистикалык экспертизанын бүтүмүнө макул эместигин айтты.
    Мындан 37 жыл мурун кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгон. Андан бери эмне өзгордү? Агартуу министрлиги орус тилдүү мектептерге суроо талап күч экенин ырастайт.
    20 min
  • Эки күндө эки окуучунун өмүрү кыйылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 22.09.2026
    Жаңы окуу жылынын башында Чаткалда 9-класстын, Сузакта 10-класстын окуучусу каза болду. Мектептеги балдардын коопсуздугун ким коргойт?
    Берлиндин мэри түркиялык мигранттардын кызы Элиф Эралп болуп калышы ыктымал. 45 жаштагы саясатчы Нью-Йорктун мэри Мамданиден үлгү алганын айтты
    Көмүскө схемаларда аты аталган, чуулгандуу ишкер Алексей Ширшов коомчулукка чыкты.
    24 min
  • Москвага чабуул мигранттардын үрөйүн учурду | Жаңылыктар | 21.09.2026
    Кооптуу коңгурообу? Москвага жасалган Украинанын дрон чабуулу кыргызстандык мигранттардын үрөйүн учурду.
    Монголияда моңголдор менен казактардын ортосунда тил, тарых, дин жана салт-санаага байланышкан талаш күчөдү. Өлкө президенти Хүрэлсүх казактар жыш жашаган аймакка барды.
    Соодагерге арзан, элге кымбат. Ошто эттин баасына нааразы болгон ондогон соодагер Ош мэриясынын алдына чогулду.
    18 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners