Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Ош: Балдарына ВИЧ жуккан ата-энелердин талабы | Жаңылыктар | 10.07.2026
    Ошто 19 жыл мурун дарыгерлердин шалаакылыгынан ВИЧ жуккан балдардын энелери акцияга чыкты. Алар бой жеткен балдарын турак жай менен камсыз кылууну талап кылууда.
    Төрт айдан ашык убакыттан кийин Ирандын мурдагы жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин сөөгү жерге берилди. Анын бийлиги репрессиялар, камоолор жана катуу саясий чектөөлөр менен эсте калды.
    Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды. 7-июлда компаниянын учагы күүлөнүп, көтөрүлүп жатканда арткы шассиси сынып кетип, жерге кулап, кырсыктаган.
    19 min
  • Трамп Украинага жүзүн бурдубу? | Жаңылыктар | 09.07.2026
    Киев орусиялык баллистикалык ракеталардын мизин кантип кайтарат? Трамп Украинага Пэтриот системаларынын ракеталарын чыгаруу үчүн лицензия берилерин айтты. Ал арада Казакстан өз аймагынан Орусияга дрон учурулганы жөнүндө маалыматтарды төгүндөдү. Орус медиасындагы мындай маалыматты “негизсиз жалаа” деп атады.
    Бишкектен Раззаков шаарына учуп барган “Асман эйрлайнс” авиакомпаниясынын учагы техникалык себептен улам кайрадан борборго кайтууга аргасыз болду. Кыргызстанда бир жумада эле учакка байланыштуу эки окуя катталды.
    22 min
  • “ТезЖеттин” учагы эмнеге кырсыкка кабылды? | Жаңылыктар | 08.07.2026
    Бишкекте 190го жакын адам менен бараткан учактын кырсыктаганы Кыргызстандын авиа тармагындагы коопсуздук маселесин көтөрдү. Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май сатууга макул болду, эми кыргыз өкмөтү Казакстандан жооп күтүүдө. Ирандын Ормуз кысыгындагы жарандык кемелерге чабуул койгонуна жооп катары, америкалык аскерлер Ирандагы объекттерге сокку урду.
    23 min
  • Бишкекте TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 07.07.2026
    Бишкекте Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков жана мекеменин буга чейинки төрт кызматкери кармалды.
    Ал тапта Улуттук коопсуздук комитет Баткендеги “Кадамжай” жана “Чечме” бекеттеринде “пара алууга” айыптап чек арачылар баш болгон 41 кишини кармады. “Альфа” тобунун кызматкерлери катышкан операцияда ок атылганы айтылууда.
    Киевге жасалган соңку ири чабуулдан курман болгондордун саны өсүп, уранды алдынан адамдар изделүүдө. Бул арада Украина Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү эң ири заводдорунун бирине сокку урду.
    3 min
  • Оштогу уруш боюнча кылмыш иши козголду | Жаңылыктар | 06.07.2026
    Украинанын борбору Киевге жасалган чабуулдан 11 киши мүрт кетип, ондогон адам жараат алды. Орусиянын ракеталардын бири Подольск районундагы тогуз кабат үйгө тийип, имарат жарым-жартылай талкаланды.
    Кыргызстанда буга чейин “массалык башаламандыктар”, “бийликти күч менен басып алуу” айыбы менен соттолгондордун иши кайра каралышы керекпи? Ташиевдерге пробациялык жаза берилип, эркиндикте калышы көп суроолорду жаратууда.
    Ошто чакан базардын алдында соодагерлер менен дыйкандын урушунан кийин үч адам кармалды. Окуя шаар мэрине чейин жетип, “ур-токмокко кабылдым” деген дыйканга орун берилди.
    20 min
  • Али Хаменеинин сөөгү жерге берилет | Жаңылыктар | 03.07.2026
    “75чилердин каты” боюнча чыккан сот өкүму коомчулукта бир катар суроолорду жаратууда. Иранда өлкөнү дээрлик кырк жыл башкарган жогорку лидер Аятолла Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты башталды. Кыргызстанда 1-июлдан тартып лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөргө айып салына баштады.
    20 min
  • Ташиевдердин иши боюнча өкүм чыгары күтүлүүдө | Жаңылыктар | 02.07.2026
    "75чилердин катына" байланыштуу сот жараяны уланууда. Айыпталуучуларга өкүм чыгары күтүлүүдө.
    Орус аскерлери өткөн түнү Киевге катуу сокку уруп, кеминде 17 кишинин өмүрү кыйылды. Москва аскердик өнөр жай ишканалары гана аткыланганын билдирди.
    Ысык-Көлдө сел жүрүп, Чолпон-Ата шаарында конок үйдүн короосун жана эс алуу жайынын имаратын суу каптады.
    19 min
  • Орусиядагы бензин кризисинин Кыргызстанга таасири | Жаңылыктар | 01.07.2026
    Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан алынды. Орусияда бензин кризиси тереңдеп баратат. Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын эмки бөлүгүнө иргелип алгандарга Франция, Норвегия жана Мексика кошулду.
    18 min
  • "75чилердин иши": Сот кандай чечим чыгарат? | Жаңылыктар | 30.06.2026
    “75чилердин” катына байланышкан сот жараяндын башталганына бир жарым ай болду. Москва шаарынын жана Подмосковьенин бийлиги өткөн түнү украиналык дрондор атып түшүрүлгөнүн билдирди. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычынын оюндары башталды.
    16 min
  • Ташиев баштаган айыпталуучуларга тогуз жыл жаза суралды | Жаңылыктар | 29.06.2026
    “75чилердин каты” боюнча сот отурумунда прокурорлор судьядан шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү сурады.
    Венесуэлада жер титирөөдөн каза тапкандардын саны бир жарым миң адамга жетти. Маалымат каражаттары 50 миңден көп киши дайынсыз болуп жатканын кабарлоодо.
    Кыргызстанда күйүүчү майга байланышкан көйгөй күчүндө. Айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин сатылбай калды.
    18 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners