Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Жапаров Ташиевдин аракетин тергөө аныктарын айтты | Жаңылыктар | 27.04.2026
    Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын Камчыбек Ташиев тууралуу маеги коомчулуктун кызуу талкуусунда турат. Бүгүн президент да үн катты.
    Улуу Британиянын Лорддор палатасы Кыргызстандын баш прокурору баштаган үч адамга санкция киргизүүнү британ Тышкы иштер министрлигине сунуштады.
    Дональд Трамп мындан ары Иран менен сүйлөшүүгө делегация жөнөтпөй турганын билдирди. Ал арада Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Владимир Путин менен жолугуу үчүн Санкт-Петербургга барды.
    20 min
  • Жапаров Москвага эмнеге барды? | Жаңылыктар | 24.04.2026
    Президент Садыр Жапаров Москвага күтүүсүз сапар менен барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул Европа Биримдиги Москвага каршы санкцияларына Кыргызстанды да кошкон учурга туш келди.
    Орус армиясынын чабуулунан Одесса шаарында жетимиш жаштан ашкан жубайлардын өмүрү кыйылды. Ал эми Орусиядагы Туапсе шаарында кара май иштетүүчү заводго жасалган соккулардан улам калаада "мунай жамгыры" жаап жатат.
    23 min
  • Орус депутаттары кыргыз бийлигин сындады | Жаңылыктар | 23.04.2026
    Европа Биримдигинин Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетинде Кыргызстанга да чектөө чаралары кошулду. Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн дооматын четке кагып, мунун кесепети деле жок экенин билдирүүдө.
    Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары Кыргызстанда айыл, көчөнүн аталыштары кыргызчаланып жатканын сындап чыгышты.
    Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга абакка кесилди. Ага бир нече оор беренелер менен айып коюлган.
    18 min
  • Ак-Ордодо жер талаштан чыр чыкты | Жаңылыктар | 22.04.2026
    Бишкектеги Ак-Ордо конушунда жер талаш маселеси дагы деле аягына чыга элек. Сот аткаруучулар мыйзамсыз делген турак жайды бузууга барганда, үйдүн ээси өзүнө кол салды.
    Астанада Борбор Азиядагы климат жана экология маселелери боюнча саммит башталды. Садыр Жапаров лидерлерди суу маселесинде чогуу аракеттенүүгө чакырды.
    Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Ички иштер министрлиги тирешпегенин билдирди. Алар
    кызматкерлердин кармалышын таза эмес кадрлардан арылуу катары түшүндүрдү.
    25 min
  • Кара-Сууда бир айыл өкмөттөн төрт киши каза болду | Жаңылыктар | 21.04.2026
    Кара-Сууда жол кырсыгынан төрт адам мүрт кетти. Куран окутууга баратып кырсыктан каза тапкандардын үчөө айыл башчылары болгон.
    Кыргызстанда акыркы саясий окуялардан соң Улуттук коопсуздук комитети менен Ички иштер министрлиги бири-биринин кызматкерлерин кармап жатат. Эки укук коргоо органы тирешип жатабы?
    АКШ менен Ирандын тынчтык сүйлөшүүлөрү уланар-уланбасы бүдөмүк. Bloomberg Дональд Трамп ок атышпоо режимин бир күнгө созуп, андан ары узартпай коюшу мүмкүн экенин
    23 min
  • Текебаевдин талашка түшкөн билдирүүсү | Жаңылыктар | 20.04.2026
    Жакынкы Чыгышта кырдаал курч. АКШ менен Иран бири-бирин ок атышууну токтотуу макулдашуусун бузду деп айыптап, тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн тагдыры арсар турат. Элчи Өмүрбек Текебаевдин Кыргызстандагы соңку айлардагы окуяларды “ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш” деп жазганы ар кандай талкууларга жол ачты. Президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү, “Кумтөр голд компани” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Зиядин Жамалдинов эки айга камалды.
    19 min
  • Ошко бараткан учакта дем жетпей, эсин жоготкондор болду | Жаңылыктар | 17.04.2026
    Бишкек-Ош каттамындагы учакта бараткан айрым жүргүнчүлөр дем ала албай, эс учун жоготкону айтылууда.
    Окуя боюнча ички иликтөө жүрүп жатат. Украинада ракета, дрон чабуулунан 20 киши набыт болуп, жүздөй киши жарат алды. Орус армиясы эки күндөн бери өлкөнүн бардык аймактарына абадан сокку уруп жатат. Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жаныбек Асанбеков президентке кайрылды. Депутат басым алдында мандатынан ажыраганын айтып чыкты.
    20 min
  • Түркия: мектепте ок атылып, 8 окуучу набыт болду | Жаңылыктар | 16.04.2026
    Түркияда лицейде жана мектепте ок атылды. Кол салуудан тогуз киши мерт болуп, 13ү жарат алды. 20 дай киши жабыркады. Вашингтондо АКШ-Борбор Азия сүйлөшүүсү өттү. Анын алкагында Адылбек Касымалиев менен Марко Рубио Америка - Кыргызстан алакасын өнүктүрүүнү талкуулашты. Бишкектеги №21 шайлоо округунан бошогон мандат Мирлан Жээнчороевге тийди. Чыңгыз Айдарбеков талапкерликтен баш тартты.
    20 min
  • Камчыбек Ташиев футбол биримдигинен кетти, эми ким тескейт? | Жаңылыктар | 15.04.2026
    Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан бери бүгүн расмий иш-чарада биринчи жолу сүйлөдү. Ал футбол биримдигинин президенти кызматынан кетти.
    Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбековго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып тагылып, өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Айдарбековдун ишинде саясий мотив канчалык?
    Орусия украин аймагын жүздөгөн дрон жана ракета менен аткылады. Ал арада Германия менен Украина 4 млрд евролук коргонуу келишимин түзүштү.
    22 min
  • Маматовдор менен Ташиевдерди эмне байланыштырат? | Жаңылыктар | 14.04.2026
    “Ред Петролеумдун” жетекчиси Акылбек Маматов кармалганы кабарланды. Маматовдор менен Ташиевдерди эмне байланыштырат? Бул арада Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков жана бир катар кызматкерлер кармалганы айтылды. Казакстанда Бээжиндин саясатына каршы чыккан 19 киши жапырт соттолду. Айыпталгандардын көбү беш жылга кесилип, айрымдарына эркиндигин чектөө жазасы берилди.
    17 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners