Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Иранда чабуулдан каза болгон окуучулар жерге берилди | Жаңылыктар | 04.03.2026
    Иранда кыздар мектебине жасалган чабуулдан набыт болгондор жерге берилди. Тегеран бул үчүн АКШ менен Израилди күнөөлөсө, Вашингтон америкалык аскерлер атайылап окуу жайга сокку урбай турганын билдирди.
    Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинин тапшырмасы менен абактагы акын Аскат Жетиген айып изоляторунан чыкты. Ал мунун алдында түрмөдө кыйноого кабылганын билдирген.
    Жол эрежесин одоно бузган айдоочулардан экзамен алып, өтпөй калгандарды кайра сынакка жөнөтүү сунушу сынга кабылды. Айрым депутаттар бул жол тескөөчүлөр арасында коррупцияны гүлдөтөт деп эсептейт.
    22 min
  • АКШ Иранга каршы күчтүү соккулар алдыда экенин эскертти | Жаңылыктар | 03.03.2026
    Дональд Трамп Иранга каршы кубаттуу чабуулдардын толкуну алдыда экенин эскертти. Тегеран узак согушка даяр экенин билдирди. Кыргызстан Оман аркылуу Бириккен Араб Эмирликтеринен 300 жаранын алып келет. Коӊшу Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Дубайдан өз жарандарын эвакуация кылды. Абакта жаткан жарандык активист, акын Аскат Жетиген абак кызматкеринин кыйноосуна кабылганын билдирүүдө.
    17 min
  • Иран АКШ менен сүйлөшпөй турганын билдирди | Жаңылыктар | 02.03.2026
    АКШ менен Израил Ислам жумуриятындагы операциясын улантып, Иран ага жооп кайтарууда. Трамп согуш бир айга чейин созулушу мүмкүн десе, Тегеран Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө барбай турганын билдирди.
    Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам Перс булуңундагы өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар кайтып келе албай жатат. Айрымдары мейманканаларда түнөп, кошумча чыгым болууда.
    Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын соту ишмердигин экстремисттик деп тапкан иликтөөчү-журналист Болот Темировдун арызын карайт.
    21 min
  • Жапаров аткаминерлерге эмне деп эскертти? | Жаңылыктар | 27.02.2026
    Пакистан Ооганстандын Кабул баштаган шаарларына сокку уруп, "ачык согушка" өткөнүн жарыялады. Эки тарап онждогон киши набыт болгонун билдирди.
    Казакстанда кафедеги жарылууда жети адамдын өмүрү кыйылды, 20дан ашууну жарадар болду.
    Президент Садыр Жапаров 5 жылдык иши тууралуу отчет берди. Бул жолу ал үзөңгүлөшү Ташиевдин атын атаган жок.
    20 min
  • Жапаров "бир досу кетсе, 7 млн досу бардыгын" айтты | Жаңылыктар | 26.02.2026
    Тогуз жылга эркинен ажыратылган ишкер Имамидин Ташовдун иши кайра каралабы?
    Садыр Жапаров Ташиевдин кызматтан алынышы жана ортодогу пайда болгон ажырым тууралуу пикирин айтты.
    Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Бишкекке келди. Брюсселдин өкүлүнүн көздөгөнү эмне?
    17 min
  • Гезит дизайнери пикири үчүн 6 жылга кесилди | Жаңылыктар | 25.02.2026
    Дональд Трамп Конгресске кайрылуу жасады. Президенттин сөзүн республикачылар кол чаап кубаттаса, демократтар унчукпай отурду, айрымдары кайрылууну бойкоттошту.
    Эркин гезиттин дизайнери пикири үчүн 6 жылга соттолду. Жакындары ал кыргыз тилине байланыштуу пост жазганын, анын эч кандай саясий өңүтү болбогонун айтууда.
    Кыргызстанда кадрдык жүрүштөр уланууда. Бүгүн Жогорку Кеңеште дагы эки тармактык комитеттин башчылары алмашты.
    23 min
  • Эки министр эмнеге кызматтан кетти? | Жаңылыктар | 24.02.2026
    Украинадагы согушка төрт жыл болду. Зеленский Путин Киевди үч күндө аларын айтканын эске салды.
    Миңдеген чакырым алыстагы согуштун таасири. Украиндердин “Хочу жить” долбоору 800дөн ашык кыргызстандык жалданып барып, анын 180дейи набыт болгонун белгилейт.
    Интернетке чыккан чуулгандуу аудиодон кийин айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев кызматтан кетти. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов иштен алынды.
    21 min
  • Наркокартелдин анабашы “Эл Менчо” жок кылынды | Жаңылыктар | 23.02.2026
    Кундузбек Сулайманов депутаттык мандатын тапшырды. Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин ушуну менен 3-депутат парламенттен кетти.
    Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн деп айтылып келген Ширшов Москвада кыргыз делегациясына кандайча кошулуп калды? Президенттин түшүндүрмөсү.
    Мексикада наркокортелдин анабашы “Эл Менчо” жок кылынган соң өлкөдө зомбулук тутанды. Картелдин мүчөлөрү коопсуздук күчтөрү менен кагылышты.
    17 min
  • Ширшов Испаниядагы Максимдин мүлкүн таап берет | Жаңылыктар | 20.02.2026
    Чуулгандуу Алексей Ширшов кыргыз-орус сүйлөшүүсүнө катышты. Максим Бакиевдин мурдагы өнөктөшү кыргыз өкмөтүнө кантип жардам берет?
    Бишкектеги талаштуу Old Bishkek долбоору убактылуу токтотулду. Бишкек мэри эмне деп эскертти.
    Газа тилкесинде тынчтыкты коргоого Казакстандын армиясы да катышат. Борбор Азиядан эки мамлекет «Тынчтык кеңешине» кирди.
    23 min
  • Тургунбек уулу депутаттыктан, Токторбаев мэрликтен кетти | Жаңылыктар | 19.02.2026
    Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри кызматына киришти. Жеңишбек Токторбаев өз арызы менен кызматтан кетти. Бул арада өткөн аптада Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кеткен Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырды. Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёл өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажырады.
    26 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners