Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Жапаровдун популизм боюнча сыны, депутаттардын каяшасы | Жаңылыктар | 4.02.2026
    Президент Жапаровдун "популизм" тууралуу сынына Жогорку Кеңеште айрым депутаттар жооп берди.
    Израил Газа тилкесине абадан сокку уруп, кеминде 19 адам набыт болду.
    АКШнын Борбор Азияга кызыгуусу. Кыргызстан тең укуктуу кызматташууга даяр.
    20 min
  • Жакын туугандардын үч баласы сууга чөгүп кетти | Жаңылыктар | 3.02.2026
    Сокулукта туугандардын үч чүрпөсү сууга чөгүп, чарчап калды. Ушуну менен бир жумага жетпеген убакта беш бала суудан ажал тапты.
    Киев Орусиянын жапырт аба чабуулуна кабылып, Харьковдо энергетикалык объектилер бутага алынды.
    Айдоочулук күбөлүк боюнча талкуу токтой элек. Президент менчик автомектептер менен депутаттарды сындады.
    17 min
  • Менчик автомектептин ээси камалды | Жаңылыктар | 2.02.2026
    Жогорку сот абактагы журналист Махабат Тажибек кызынын ишин карай баштады.
    Орусиялык компания иштетип жаткан Жерүй кениндеги кырсыктан бир адам каза тапты.
    Менчик автомектептин ээси Медербек Тагайбек уулу массалык баш аламандыкка шек саналып кармалды.
    18 min
  • Кыргызстанда 1 миллионго жакын бала жакыр жашайт | Жаңылыктар | 30. 01.2026
    Бишкек шаардык соту эркин журналист Канышай Мамыркулованын ишин карады. Бул арада президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайра кайталады.
    Расмий Киев Орусия Украинанын энергетикалык жайларына соккусун токтотсо, алар орусиялык инфраструктураны бутага албай турганын билдирди. Трамп Кремлди бир апта ок атууну токтото турууга чакырды.
    Касым-Жомарт Токаевдин казак банкы аркылуу кайсы бир чет өлкөгө 14 млрд доллар которулганы тууралуу сөзү расмий сайттан алынды. Президенттин жардамчысы, басма сөз катчысы кызматтан кетти.
    16 min
  • "Аларды эркелетип ийдик". Москвадагы эксперт мигранттардын мекенин зекиди | Жаңылыктар | 29 01 2026
    Трамп Тегеранды өзөктүк программасы боюнча келишим түзүүгө чакырып, күч колдонуу ыктымалдыгын кайра козгоду. Ал арада Иранда демонстранттарга каршы зомбулуктун масштабы ачыкка чыгууда.
    Кыргызстанда 2-февралдан тарта лицензиясы жок таксичилерге карата рейд башталат. Өлкөдө болжол менен 60 миңден ашык таксичи болсо, алардын 8 миңдейи гана лицензия алганы маалым болду.
    Кыргыз өкмөтү Нипах вирусуна байланыштуу Индиядан келиши ыктымал деген айрым эт азыктарын убактылуу чектеди. Бул вирустун табигый булагы эмне жана ал канчалык кооптуу?
    23 min
  • Түркия: Мигрант аялдын сөөгү таштандыдан табылды | Жаңылыктар | 28 01 2026
    Харьковдо жүргүнчү поездге коюлган дрон чабуулунан беш киши мерт кетти. Согушта Орусиянын жана Украинанын жоготуулары, каза тапкандар менен жарадарларды санаганда 2 миллион кишиге жетиши мүмкүн экени айтылды.
    Таласка чакырылып барган дарыгерлер убадаланган акчаларын ала албай, айрымдары иштен кетип жатат.
    Облус бийлиги ката кетиргенин мойнуна алды.
    Өлкөдө соңку мезгилде баалар кескин өсүп, кымбатчылыкты айлык акы кубалап жетпей баратат.
    Эл бир айлык жашоосуна канча акча коротуп жатат?
    30 min
  • АКШ кемелерин жөнөттү, Иран катуу жооп берерин эскертти | Жаңылыктар | 27.01.2026
    Кыргызстанда автомектептердин маселеси улам татаалдап баратат. Аларды мамлекетке өткөрүп, окутуунун мөөнөтүн узартуу реформабы же ишкерликке бут тосуубу?
    Ирандагы акцияларда каза тапкандар 30 миңден ашкан болушу ыктымал. АКШнын согуш кемелери Жакынкы Чыгышка бет алган соң, Иран өлкөгө каршы агрессияга катуу жооп кайтарарын эскертти.
    Жогорку Кеңештин тармактык комитети мамлекеттик сынактан өткөн гимндин үч вариантын угуп, баарын четке какты. Кыргызстанда гимнди өзгөртүү аракеттери бир жарым жыл мурда башталган.
    28 min
  • Депутат Элдар Сулаймановдун мурдагы аялы зомбулук көргөнүн айтып чыкты | Жаңылыктар | 26.01.2026
    Милиция депутат Элдар Сулаймановдун мурдагы жубайына коргоо ордерин чыгарды. Зордук-зомбулук көрдүм деген Асел Азаматованын айткандарын депутат четке кагууда.
    АКШнын Миннеаполис шаарында жайтургунду атып салган Федералдык чек ара кызматынын агентин жоопко тартуу талабы менен акция өттү. Бул шаарда мыйзамсыз иммигранттарды, кылмышка, наркотрафикке шектүүлөрдү колго түшүрүү операциясы жүрүүдө.
    Өзгөндө айдоочулар жол талаша кетип, 26 жаштагы жигит бычакталды. Милиция кылмыш ишин козгоп, 33 жаштагы тургун камалды.
    27 min
  • Анар-Бактагы үйлөрдү бузуу аракети | Жаңылыктар | 23.01.2026
    Октябрь райондук акимияты Анар-Бак конушундагы айрым үйлөрдү бузууга аракет кылып, эл каршылык көргөздү. Кыш чилдеде башталган бул иш президенттин тапшырмасынан кийин убактылуу токтоду.
    Казакстандын Чымкент шаарында бычакталып каза болгон Нурай Серикбайдын өлүмүнөн кийин коңшу өлкөдө кыздар флешмоб жарыялап, коомчулукту зомбулук тууралуу ачык айтууга чакырып жатышат.
    Өзгөндө эки айлык ымыркай хижама процедурасынан кийин чарчап калганы кабарланды.
    Дарыгерлер наристе ооруканага оор абалда, гемоглобини өтө төмөн болуп тушкөнүн айтууда.
    24 min
  • Мияровдун көп аялдуулук иши сотко жетти | Жаңылыктар | 22.01.2026
    Ирандын мамлекеттик телеканалы өлкөдөгү нааразылык акцияларында 3 миң 117 киши каза тапканын билдирди. Бирок башка маалымат булактарында курман болгондордун саны 5 миңден ашары айтылууда.
    Укук коргоочу Азиза Абдирасуловага Европа кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыгы берилди. Ал бул сыйлыкты Борбор Азиядан биринчи болуп алды.
    Көп аялдуулукка байланыштуу президенттин Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Мирбек Мияровго каршы козголгон иш сотто карала баштады. Бул мындай берене менен иш козголуп, сотко жеткен биринчи окуя.
    17 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners