Акыркы 15 күндө Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка уу коргошун берилип, байкоо жүргүзүлдү. Ошто «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар боз үй тигип, тегерегине Кыргызстандын мамлекеттик туусун илишти. Коронавирус менен ооруп кенемте алалбай жаткан медицина кызматкерлери Бишкекте митингге чыгышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата сотко чейинки териштирүүнү токтотуп, аны камактан чыгарды. Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин Ички иштер министринин отставкасын талап кылып митингге чыккандар белгисиз адамдар тарабынан куулду. Орусияда камакта жаткан оппозициялык саясатчы Алексей Навальный Куранды киргизбей койгону үчүн түрмө жетекчилигин сотко берди.

Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шек саналган Замирбек Теңизбаевден кордук көргөн кыз «Азаттыкка» кайрылды. Ал кыз курбусун Теңизбаев бир нече ирет зордуктаганын, өзүн болсо 2019-жылы май айында бир үйдө муунтканда милицияга кайрылып, иш жабылганын билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Мегаком» иши боюнча «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебавди жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду толук актады. Сокулук районуна караштуу Орок айылында тогуз аял депутаттык мандат алат. Сөз болуп жаткан аймакта аялдардын квотасына байланыштуу чуу чыккан болчу. Украинага жакын аймактарга жана Крымга Орусия аскерлерин жайгаштырганы эл аралык коомчулукту тынчсыздандырууда.

Бишкек жана Ош шаарларында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган акциялар өттү. Бишкек шаардык соту ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду үй камагына чыгарды. Иран эң башкы өзөктүк объектиси болгон Натанздагы кырсык үчүн өч алууну убада кылып, Тель-Авивди айыптады.

19 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.