Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Темирландын кылмыш иши кайра каралат. "Улуттар Биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов "Ата Журт - Кыргызстан" партиясын "административдик ресурс колдонуп жатат" деп сындап чыкты. Косоводо экинчи аял президент, 39 жаштагы юрист, парламенттин экс-спикери Вйоса Османини бийликке келди.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баласынын шайлоого аттанганын кубаттады. ТИМ кызматкери Бахтияр Шакиров эмдөөдөн каза болгон жок. Президент Садыр Жапаров "Инстаграмдагы" баракчасына Орусияга аба каттамдарынын санын арттырууну жана авиабилеттердин баасын жеке көзөмөлүнө алганын жазды.
"Жарандык көзөмөл комитети" Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын кызматтан четтетилишин бийликтин "саясий кысымы" деп баалап, Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылды. Баткенде Сох анклавына жол ачылды. Орусияда абакта отурган саясатчы Алексей Навальный ачкачылык жарыялады.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болду. Ош шаардык кеңешине аттанган партиялар президент Садыр Жапаровго кайрылды. АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарына арналган баяндамасын чыгарды, анда бажыдагы коррупциянын бетин ачкан "Азаттыктын" журналисттери коркутуп-үркүтүүгө кабылганы да белгиленген.
Боршайком жергиликтүү шайлоодо добуш сатып алуу жана административдик ресурсту колдонуу сыяктуу одоно мыйзам бузуулар болуп жатканын эскертти. Өлкөдө азык-түлүк жана башка товардын баасы көтөрүлүп баратат. Тажик бийлигин сындаган активист Орусиядан депортацияланды.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды. Бишкек менен Ташкент Кемпирабад суу сактагычынын плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, андагы сууну чогуу пайдаланууну макулдашты. Казакстанда коронавируска чалдыккандар көбөйүп жатат. 27-мартта бир суткада 22 бейтап көз жумду.
Кыргыз-өзбек чек арасы толук такталганын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Атайын кызмат Саламаттык сактоо министрлигин пандемияда зарыл жабдыктарды "үч эсе кымбат сатып алган" деп шек саноодо. Түркиядагы уйгурлар Бээжиндин Шинжаң саясатына каршы акцияга чыгышты.
Күйүүчү майдын баасын ооздуктоо үчүн өкмөт Казакстандан жана Өзбекстандан чийки зат алып келет. Бишкектеги ТЭЦ-2 конушунун тургундары Ак Үйдүн алдына митингге чыкты. Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни Айсултан Назарбаев баңгизат колдонгондон улам көз жумган.
"Жоогазын ыңкылабына" 16 жыл толду. Жогорку сот Аида Салянованын "лицензия" ишин кайра кароого жөнөттү. Экс-премьер Өмүрбек Бабанов 100 миллион сом төгүп, жазык иштери жабылды. Өзбекстанда 1-апрелден тартып карантин киргизилет.
Ош шаарында дагы бир киши колдуу болду. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна Өзбекстандан капитал тартылышы ыктымалдыгын айтты. Тажикстанда коронавируска каршы эмдөө башталды.
15 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.