Өзгөн шаарында белгисиз адамдар үч кишини атып кетти. Депутат Марат Аманкулов мыйзамсыз байыган деп шектелүүдө. Анын байлыгы 1,5 миллиард сомдон ашык деп бааланды. Human Rights Watch Азербайжанды туткунга түшкөн армян аскерлерин кыйноо боюнча фактыларды териштирүүгө чакырды.
Бишкектеги 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шектелип анын агасы кармалды. Базар баасын көзөмөлдөө үчүн Кыргызстан суу май менен кум шекерди четке чыгарууга тыюу салды. Өзбек прокуратурасы Сох окуясы үчүн айыпталгандарды 10 жылга кесүүнү сурады.
Саясатчы Адахан Мадумаров бийликти сындагандарды куугунтуктоону токтотууну талап кылды. Президент Садыр Жапаров Таласта Жерүй кени боюнча митингге чыккандар менен жолугушту. Коңшу Тажикстанда күйүүчү май кымбаттап, бензиндин таңкыстыгы жаралды.
Ирактан 79 бала Кыргызстанга кайтарылды. Кыргызстанда коронавирус жугузгандар көбөйдү. Армениянын туңгуч президенти Левон Тер-Петросян премьер-министр Никол Пашинянды токтоосуз кызматтан кетүүгө чакырды.
Тажикстанда кармалган 12 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ошто шайлоо таза өтпөй турганын билдирди. Казакстандык диджей Иманбек Зейкенов дүйнөлүк Grammy сыйлыгына ээ болду.
Орусияда үй өрттөнүп, кыргызстандык мигранттардын эки баласы чарчап калды. Баткендеги аткезчиликке каршы операцияда коопсуздук комитетинин эки кызматкери жараат алды. Дүйнөдө он миллиондогон киши ачарчылыктын запкысын тартууда.
Жогорку Кеңеш конституциялык референдум өткөрүүнү колдоду. Баткенден жаратылыш газы сыртка мыйзамсыз ташылып жатканын бийлик төгүндөдү. Бир жыл мурун дүйнөдө коронавирус пандемиясы башталганы жарыяланган. Андан бери вирус эки жарым миллиондон ашуун кишинин өмүрүн алды.
Кыргызстан өз жарандарын алып келүү үчүн Сирияга учак жөнөтөт. Кылмыштуу кирешесин адалдаган деп айыпталган, экс-бажычы Райымбек Матраимовдун жүрөгүнө жеке клиникада операция жасалат. Нур-Султан жана Алматы коронавирус тез жайылган «кызыл зонага» киргизилди.
Бишкекте Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг өттү. Талас облусун Бакытбек Нарбеков жетектейт. АКШ 13 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза бере баштайт.
Драматург, акын, котормочу, «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын журналисти Элмурод Жусупалиев 50 жашка чыкты. Ал “Жараланган жүрөк”, “Бар экен, жок экен”, “Ревизор” өңдүү көптөгөн пьесалардын, ырлардын, котормолордун автору. Чыгармачылыгы, кыргыз-өзбек адабий алакалар тууралуу сыябан-маек курду.
13 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.