Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Кыргызстан | Жаңылыктар (05.03.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Март 05, 2021
    Мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган милициянынполковниги Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды. Бишкектин чордонунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Кытай Гонконгдун мыйзам чыгаруу системасын карап чыгып, аймакка көзөмөлдү күчөтүүнү көздөөдө. Бээжин Гонконгду «бир өлкө, эки система» формуласына ылайык башкарууга убада берген.
    15 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (04.03.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Март 04, 2021
    Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол ачылды. Калиева Тартип комиссиясынын чечими "мыйзамсыз кабыл алынганын" билдирди. Жалал-Абадда алты киши ууланып каза тапты. Дарыгерлердин баштапкы маалыматына караганда, уулануу спиртке суу кошуп ичкенден болгон. Бирмада аскердик хунтага каршы акцияларда кеминде 38 адам өлтүрүлгөн. Улуттар Уюмунун чабарманы 3-мартты “эң кандуу күн” деп сыпаттады.
    17 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (03.03.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Март 03, 2021
    Жогорку сот Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандаттан ажыратты. Соттун бул чечими акыркы жана даттанууга жатпайт. Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгуунунун жол-жобосун талкуулады. Талаш-тартыш менен коштолуп, 87 депутат колдоду. Ооганстанда үч журналист аялды согушкерлер атып кетти. Алар жергиликтүү телеканалда иштеген 18-20 жаштагы кыздар болчу.
    14 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (02.03.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Март 02, 2021
    Кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Камчыбек Көлбаев тил кат менен абактан чыкты. Ал былтыр октябрда кармалганда абакта дасторкон жайып тосуп алышкан видео тараган. Нур-Султанда Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев кыргыз-казак алакасын талкуулашты. Бишкек аскердик-техникалык жардам ала турган болду. Өзбекстан кытайлык компания менен бирге вакцина иштеп чыкты. Ташкент вакцина коронавирустун жаңы түрлөрүнөн эффективдүү коргой аларын билдирди. Буга чейин коңшу өлкө орусиялык “Спутник V” вакцинасын каттоодон өткөргөн.
    15 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (01.03.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Март 01, 2021
    Орусияда күйүүчү май кымбаттап, Казакстандан мунай экспорту токтогону үчүн Кыргызстанда бензиндин баасы көтөрүлдү. Жыл башынан бери күйүүчү жана майлоочу май 7 сомго чейин кымбаттап кетти. Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталды. 54 жаштагы Абжалиев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Арменияда саясий кризис уланууда. Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылгандар өкмөт имаратына кирип барышты. Пашинян өз тарапкерлерин жүрүшкө чакырды.
    15 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (26.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Февраль 26, 2021
    Москва Бишкекке С-300 зениттик-ракеталык комлексин бере турган болду. Бирок качан жана канча курал келери так белгисиз. "Түндүк электро" ишканасы 5 миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт. Алардын көбү февраль-март үчүн жарык акысын төлөбөй келаткандар. Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган оппозиция парламенттин алдында чатырларды тигип, жолдорду тороп салды.
    15 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (25.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Февраль 25, 2021
    Президент Садыр Жапаровдун Орусиядагы эки күндүк сапары жыйынтыкталды. Жарандык активист балдарынын метрикасына "апасынын атын" жаздырууну талап кылып чыкты. Армениянын армиясы премьер-министрдин бийликтен кетүүсүн талап кылды. Пашинян муну «аскердик төңкөрүш» катары баалады.
    16 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (24.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Февраль 24, 2021
    Москвада президент Садыр Жапаров Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолукту. Кыргыз-орус алакасынын жаңы барагы кандай болот? Мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев өзүнө коюлган айыптарды “жалган жалаа” деп айтты. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин чек аралаш тоо койнундагы жашыруун резиденциясын журналисттер таап чыкты.
    15 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (22.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Февраль 22, 2021
    Тажикстанда кармалган кыргыз жарандарынын жакындары Баткенде митингге чыгып, бийликтен жардам сурашты. Токтогулда суунун көлөмү кескин азайды. Нур-Султанда көп балалуу энелер акцияга чыгышты. Өткөн аптада Жамбыл облусунда үй өрттөнүп, бир үй-бүлөнүн беш баласы чарчап калды.
    16 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (19.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Февраль 19, 2021
    Кылмыштуу топтун мүчөлөрүн бийликке жолотпоо үчүн Ички иштер министрлиги мыйзам сунуштады. Ал эми юристтер бир гана мыйзам жетишсиз экенин эскертишти. Бажыда коррупциялык схема түзгөн Райымбек Матраимовдун киреше-мүлкү кайрадан суроо жаратып, убактылуу камалды. Ушул тапта сотто экс-бажычынын бөгөт чарасы каралганы турат. АКШнын космостук аппараты Марска конду.
    17 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

35 Listeners