Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Кыргызстан | Жаңылыктар (04.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Февраль 04, 2021
    "Баткендеги "Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башы Тажикстанга өтүп кетти" деген маалымат жергиликтүү тургундардын тынчсыздануусун жаратты. Чек аралаш аймактагы стратегиялык жайга байланыштуу талкуу күчөдү. Жогорку Кеңеште Курсан Асановго коюлган берененин талаштуулугу талкууланды. Вашингтон Кытайдын Шинжаң аймагындагы лагерлерде зордуктоого туш болуп, сексуалдык ыдык көргөн аялдар боюнча «терең тынчсыздануусун» билдирди.
    14 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (03.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Февраль 03, 2021
    Жогорку Кеңеш Улугбек Мариповду премьер-министрликке бекитти. Ал арада Ак үйдүн алдында нааразылык акциясы өттү. Президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевдин штабында иштегендер суракка чакырылууда. Москва соту Алексей Навальныйды колонияга жөнөткөн чечим чыгарды.
    16 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (02.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Февраль 02, 2021
    Экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартууну өтүнгөн арыз Улуттук коопсуздук кызматы менен ички иштер министрлигине жиберилди. Ал арада экс-президент чет өлкөгө учуп кетти.Пандемияда Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекетке 5 млн сомдон ашык зыян келтиргени маалым болду.
    14 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (01.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта - Февраль 01, 2021
    Парламенттеги башкаруучу коалиция Улукбек Мариповду премьер-министрликке көрсөттү. Оштогу иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды. Орусияда бийликке каршы акцияларда кеминде 5 жарым миңдей киши кармалып, аларга четинен кылмыш иштери козголо баштады.
    14 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (29.01.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Январь 29, 2021
    Экс-президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишине байланыштуу сотко чакырылды. Ошто милиция кызматкери киши колдуу болду. АКШнын Коргоо министрлиги ооган тынчтык келишими сакталбай атканын билдирди. Пентагон “Талибан” өзүнө алган милдеттенмесин толук аткарбай атат”, - деп эскертти.
    14 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (28.01.2021) "Бүгүн Азаттыкта - Январь 28, 2021
    Садыр Жапаров Кыргызстандын президентинин кызматына расмий түрдө киришти. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев үй камагына чыгарылган жок. Орусияда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын 15ке жакын үзөңгүлөшүнүн үйүндө тинтүү жүрдү. Навальныйды камакка алууга каршы апелляциялык арызды сот четке какты.
    14 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (27.01.2021) "Бүгүн Азаттыкта - Январь 27, 2021
    Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шек саналып кармалды. «Белизгейт» окуясы боюнча  кармалган атайын кызматтын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев эки айга камалды. Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 100 миллиондон ашты. Бул деген Жердеги калктын 1,3% түзөт.
    15 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (26.01.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Январь 26, 2021
    Конституциянын жаңы долбоору даяр болуп калды. Баш мыйзам кабыл алынса, өкмөттү президент жетектейт. Долбоор эми Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Өкмөттүн пандемиядагы ишмердигин териштирүү уланууда. Коронавирустун Бразилияда чыккан түрү Кошмо Штаттарда пайда болду.
    15 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (25.01.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Январь 25, 2021
    Жакындары коронавирустан каза болгондор Саламаттык сактоо министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаев жети сааттан бери сурак берип жатат.
    15 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (22.01.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Январь 22, 2021
    Коронавирустан каза болгондордун чыныгы саны кыйла көп болушу ыктымал. Пандемиянын кесепеттерин иликтеген комиссия корутундусун чыгарды. УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев "коррупция" беренеси менен шектелүүдө. Орусияда ишембиде өтө турган нааразылык митингдерин утурлай Алексей Навальныйдын тарапташтары кармала баштады.
    14 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

35 Listeners