Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Кыргызстан | Жаңылыктар (05.01.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Январь 05, 2021
    "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Анын ордун Айсулуу Мамашева кайра ээледи. Кыргызстанга кандай башкаруу системасы керек? Дебатта эки системанын артыкчылыктары жана кемчиликтери тизмектелди. Өзбекстанда насвай сатууга тыюу салынабы? Коңшу өлкөнүн өкмөтү насвай элдин ден соолугун бузуп, экономикага залакасын тийгизип жатканын белгиледи.
    12 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (04.01.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Январь 04, 2021
    Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө алдыңкы сапка чыкты. Адистер мунун себебин шаардагы автоунаадан чыккан булганыч газ, үйлөрдөгү мештерден жана Жылуулук электр борборунан оргуган түтүн менен түшүндүрөт.
    Үгүт эрежесин бузгандар: Боршайкомдун жумушчу тобуна бир катар талапкерлердин үстүнөн арыз түштү.
    АКШнын мурдагы коргоо министрлери Пентагонду шайлоо талашына катышпай, бийликти тынч өткөрүүгө үндөштү. 20-январда шайланган президент Жо Байден расмий кызматка киришет.
    11 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (30.12.2020) "Бүгүн Азаттыкта" - Декабрь 30, 2020
    Башкы прокуратура Жогорку соттун төрайымы Калиева боюнча Тартип комиссиясына сунуштама берди. Буга чейин УКМК төрагасы Ташиев, эгер комиссия макулдугун берсе Калиева камалаарын айткан. Орус бийлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга көз боёмочулук беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бүгүнкү чыгарылышта Беловодскийдеги балдар үйүнөн атайын репортаж сунуштайбыз.
    14 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (29.12.2020) "Бүгүн Азаттыкта" - Декабрь 29, 2020
    Кыргызстанда парламентаризмди колдоо кыймылы түзүлдү. Ал жыйында саясатчы Өмүрбек Текебаев интернеттеги «троллдор» элдин пикирин бурмалап жатканына токтолду. Таанымал куудулдар Рахман Разыков менен Абдылда Иманкулов ОшТВ телеканалы бийликти сындаган концерттин жарнамасын эфирге бербей жатканына даттанышты. Алардын жаңы тамашасы «Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан» деп аталат.
    Быйыл дүйнөдө кесибине байланыштуу 50 журналист киши колдуу болду. Журналисттер үчүн эң кооптуу өлкөлөр - Мексика, Ирак, Ооганстан, Пакистан.
    13 min
  • 2020: «Азаттык» жоготкон чыгаандар
    2020-жылы «Азаттык» радиосунун жамаатында орду толгус жоготуу болду. Чыгаан журналист, көпчүлүктүн устаты Бүбүкан Досалиева жана белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салышты. Аларды жаркын элесине арналган баянды сунуш кылабыз.
    30 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (28.12.2020) "Бүгүн Азаттыкта" - Декабрь 28, 2020
    - Улуттук коопсуздук комитети менен Жогорку Соттун тиреши токтой элек. Бугүн Жарандык көзөмөл комитети төрага Ташиевдин билдирүүсүн "сот системасына басым" деп баалады.
    - Шайлоодогу үгүткө ушул тапта 90 миллион сомдон ашык акча сарпталса, анын жарымы Садыр Жапаровдун штабынан кетти. Серепчилер негизги талапкер ким экени белгилуү болгондуктан, башкалары акчасын короткусу келбей жатканын белгилешет.
    - Европа Биримдигинде коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды. Биринчилерден болуп улгайгандар менен медициналык кызматкерлер вакцина алат. Эксперттер калктын 70% эмделгенден кийин жамааттык иммунитет пайда болорун белгилешет.
    13 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (25.12.2020) "Бүгүн Азаттыкта" - Декабрь 25, 2020
    Бишкек шаардык соту Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу чечимин чыгарды. Саясатчы муну "саясий" чечим дейт. Профсоюздар федерациясындагы ызы-чуу жамаатты экиге бөлдү. Федерацияда кош бийлик. Бул арада эл аралык уюмдар Жогорку Кенешти профсоюздар федерациясы боюнча жаңы мыйзамды чакыртып алууга үндөөдө. 25-декабрь - Рождество түнү - Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндө өткөн жылкы өрттөн соң алгач жолу хор жаңырды.
    14 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (24.12.2020) "Бүгүн Азаттыкта" - Декабрь 24, 2020
    - Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин көңүл чордонунда болду. Башкы чекист колго түшүрүлгөн депутат, Матраимов менен Жогорку соттун төрайымына козголгон кылмыш иштер, Атамбаевдин саламаттыгы тууралуу айтты.
    13 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (23.12.2020) "Бүгүн Азаттыкта" - Декабрь 23, 2020
    Боршайком ээр-токумчан ат белекке алган талапкерлерлерге эскертүү берди. Ипотекалык насыя алган дарыгерлер жана мугалимдер өкмөт үйүнүн алдына нааразылыкка чыгып, үстөктү төрт пайызга түшүрүүнү талап кылышты. Экс-президенттин дүйнөгө чачылган дүнүйөсү. Журналисттер казак президенти Нурсултан Назарбаевдин жакындарынын алты өлкөдөгү мүлкүн таап чыгышты.
    13 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (22.12.2020) "Бүгүн Азаттыкта" - Декабрь 22, 2020
    2020-жылдагы ишкердик. Кийинки жылы тоо-кен тармагы 100 миллион доллардан ашык инвестициядан куру калабы? АКШнын шайланган президенти Жо Байден коронавируска каршы эмделди. Кинодогу жаңы ысымдар. Бишкекте "Үмүт" кинофорумунда жаш режиссерлордун тасмалары тандалат.
    13 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

35 Listeners