Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Кыргызстан | Жаңылыктар (18.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Февраль 18, 2021
    Саясатчылар Клара Сооронкулова, Элдар Абакиров жана Аймен Касенов биригип, жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышмай болду. Баткендиктер Камчыбек Ташиевди пикет уюштуруп, тосуп алышты. Атайын кызматтын башчысы чек ара маселелерине өзү жооптуу экенин айтып, Баткен облусуна өзгөчө макам ыйгаруу каралып жатканына токтолду.
    Грузиянын премьер-министри Георгий Гахария оппозиция лидерин камакка алган сот чечимине нааразылык билдирип, кызматтан кетти.
    14 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (17.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Февраль 17, 2021
    5-апрелде Кыргызстандын жаңы муфтийи шайланат. Ал арада президенттик аппарат муфтияттагы чырга өлкө жетекчилигинин эч кандай тиешеси жоктугун билдирди. Өлкөнүн түштүк аймагын "көзөмөлдөгөн кримтөбөл" делген Кадыр Досоновдун жакындарына 19 авто унаа, 15 турак жай, 35 жер тилкеси катталган. Атайын кызмат "Женго" каймана аты бар Досоновго жаңы кылмыш ишин ачты. Өзбекстан Сардаба суу сактагычын кайрадан курат. Бул тууралуу Ташкент жашыруун токтом кабыл алганы белгилүү болду. Сырдарыя облусундагы суу сактагыч былтыр жырылып кетип, алты киши каза болгон.
    14 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (16.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Февраль 16, 2021
    Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Өзбекстан менен чектеш жердеги Кош-Болот айылынын тургундары митингге чыкты. Жергиликтүү бийлик эки коңшу өлкө өз ара жер алмашканын билдирди. Кыргызстанда азык-түлүк, курулуш товарлары кымбаттады, машине тетиктеринин баасы дагы көтөрүлдү. Кымбатчылык карапайым элдин капчыгына күч келтирүүдө. Дүйнөлүк Соода Уюмун Нгози Оконжо-Ивеала жетектейт. Теги нигериялык каржы адиси эл аралык финансы институтун жетектеген алгачкы айым жана африкалык ишмер болуп калмакчы.
    15 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (15.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Февраль 15, 2021
    Бажыдагы коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимовдун өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кеткени боюнча тергөө уланууда. Анын чет өлкөлөрдөгү мүлкү текшерилип жатат. Жекшембиде жүрүшкө чыккандар бажыдагы коррупциялык схеманы толук иликтөөнү талап кылышты. Бишкекте чек ара көйгөйлөрүн көтөргөн акция өттү. Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп барды. Казакстан Карагандыда өндүрүлгөн "Sputnik V" вакцинасын расмий каттоодон өткөрдү. Коңшу өлкө 1-февралдан тартып орус вакцинасы менен эмдөөнү баштаган эле.
    13 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (12.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Февраль 12, 2021
    Кыргыз Бажысынын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, 260 миң сом айып пул менен жазадан кутулганы коомчулуктун кызуу талкуусунда. Бүгүн Бишкекте эң мыкты иликтөөчү журналисттерге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык ыйгарылды. Сыйлык маркум кесиптешибиз Эгизбаевдин туулган күнүндө тапшырылат. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 39 жаштагы уулу Сердарды вице-премьерликке дайындады.
    16 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (11.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Февраль 11, 2021
    Бишкектин Биринчи май райондук соту коррупцияга айыпталган, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго өкүм чыгарды. Сот ага 260 миң сом айып салып, мүлкү жана банк эсептерин камактан чыгарды.Кызматын өткөрүп берген муфтий Максат ажы Токтомушев камалды. Тарапташтары аны үй тамагына чыгарууну, тергөөнү калыс жүргүзүүнү талап кылып чыгышты. Казакстанда мындан 15 жыл буюртма менен өлтүрүлгөн оппозициялык саясатчы Алтынбек Сарсенбаевди эскеришти.
    15 min
  • Кыргызстан | Жаңылыктар (10.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта" - Февраль 10, 2021
    Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси 100 миң доллар пара берүүгө шек саналып кармалды. Анын артынан эле муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетти. Тажикстан Баткендеги Төрткүл суу сактагычына байланыштуу билдирүү таратып, кыргыз саясатчыларын чек ара меселесинде этият болууга чакырды. Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында пикетке чыккан Байболат Күнболот уулу 10 күнгө камалды.
    14 min
  • Райымбек Матраимов сотко келди | Кыргызстан | Жаңылыктар (09.02.2021) - Февраль 09, 2021
    Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши сотто карала баштады. Ал буга чейин мамлекеттик казынага 2 млрд. сомду төлөп берген. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматтан кетип, ордуна Эрмек Нургазиев келди. Бирок коомчулуктун басымынан кийин башкалааны ким башкарары бүдөмүк. АКШ Сенаты Дональд Трампка импичмент жарыялоо сунушун карайт. Экс-президентке күнөө тагууга Сенаттын 50 демократ мүчөсүнө бери дегенде 17 республикачынын добушу кошулуусу керек.
    14 min
  • Төрткүлдүн талашы татаалдашты | Кыргызстан | Жаңылыктар (08.02.2021) - Февраль 08, 2021
    Төрткүл суу сактагычына байланыштуу нааразылык бул ирет Бишкекте өттү. Нарында уюшма кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн тирешинен ок атылып, бир адам мүрт кетти. Эки киши кылмышка шек саналып кармалды. Евробиримдик Алексей Навальныйдын камалышына байланыштуу Орусияга жаңы санкция салышы мүмкүн.
    14 min
  • Баткен: Эл премьерден жооп күтөт | Кыргызстан | Жаңылыктар (05.02.2021) - Февраль 05, 2021
    Баткенде премьер-министр Улукбек Мариповдун Төрткүлгө байланыштуу билдирүүсүнө нааразылар митингге чыгышты. Президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованын кылмыш иши кайра тергелет. Бельгияда ирандык дипломат Асадулла Асади 20 жылга кесилди.
    16 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

35 Listeners