Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы чыкты. Кечки саат 9дагы маалыматка караганда, Бишкек шаарында "Эмгек", "Ак Бата", "НДПК", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ынтымак" жана "Биздин эл" партиялары алдыда...

Добуш берүүгө келген айрым жарандар референдумдун бюллетенин алуудан баш тартышты. Ош шаарында добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салган «Клооп» медиасынын байкоочусуна жана журналистине үч киши кол салып, телефонун тартып алган. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков өз дарегине айтылган сөздөргө өлкөдөгү саясий туруктуулукту сактоо үчүн жооп бербей жатканын айтты.

5-апрелде уурдалып, эки күндөн кийин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын сөөгү бүгүн жерге берилди. Бишкек жана Ош шаарларында жарандык коомдун өкүлдөрү митинг өткөрүштү.

Кыргызстанда Апрель окуяларынын 11 жылдыгы эскерилди. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров дарыланып чыкты. Орусияда абакта жаткан Алексей Навальныйдын ден соолугу кескин начарлап кеткенине карабай, бийлик дарыгерлерди киргизбей жатат.
Жол эрежесин бузган эки берене боюнча айып пул кайра каралууда. Бишкекте "Март, Апрель, Октябрь революцияларынын сабактары" деген талкуу өттү. Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейинки бийлик мөөнөттөрүн «жокко чыгарган» мыйзамга кол койду.
19 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.