“Америкалык гений”, “дүйнө маданиятына таасир эткен музыкант”, “жаз музыкасынын атасы”, “жаз мырза” … Ушул жана ушул сыяктуу салыштыруулар жана мактоолор улуу музыкант, батыш маданиятынын эң эле таанымал өкүлдөрүнүн бири Луи Армстронг туурасында айтылган мактоолор. Мактоо эмес, анын зор талантына берилген татыктуу баалар.
Кеңеш өкмөтүнүн куугунтугуна кабылып, Кытай, Пакистан, ооган мамлекеттерине баш калкалап кеткен кыргыздын көрүнүктүү инсандарынын бири Жаныбек Казы Сагынбай уулу жөнүндө тарыхый драманы жакында Жалал-Абад облустук театры көрүүчүлөргө тартуулады. 1869-жылы Өзгөн районунда туулуп, 1933-жылы Пакистанда көзү өткөн Жаныбек казынын чөбөрөсү Алмаз Зулпукаров тарыхый инсандын драмада камтылган жана камтылбай калган өмүр тагдыры тууралуу “Азаттыкка” келип, сыябан маек куруп берди. Маекти Бурулкан Турдубек кызы уюштурду.
Карел Абдыкулов эки татаал кесипти айкалыштырган инсан: режиссер жана кинооператор. Ал эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарды алган “Отто Барч”, “Жорго”, “Тушоо кесүү” сыяктуу жана башка даректүү фильмдерди тарткан. Кыргыз Эл артисти кыргыз элинин тарыхы менен үндөш өмүрүнүн айрым урунтуу учурлары жөнүндө “Тарых жана тагдыр” түрмөгүндо айтып берет.
XX кылымдын башы жана 1916-жылкы кыргыздарды Кашкарга тозуткан Үркүн алдындагы Кыргызстандын чарбалык-экономикалык абалы кандай болгон? Падышалык Орусия Орто Азия чөлкөмүн басып алгандан кийин бул жерде кандай саясат жүргүзгөн?
Ибраимов Шаймерден - Улуттук боштондук көтөрүлүштө Кытайга ооп кеткен кыргыздардын үчүнчү мууну. Ал Үркүндөн 80 жыл өткөндөн кийин Кытайдан Кыргызстанга кайтып келген. Үркүнгө кеткендердин урпагы аталарынын Шинжаңда кечирген күнү тууралуу маек курду.
Апрель айында өзбек эстрадасынын негиздөөчүсү саналган Батыр Закиров 90 жашка толот. Кээ бир замандаштары "Чыгыш булбулу" деп атаган ырчы 1985-жылы 23-январда катуу оорудан көз жумган. Батыр Закиров ырчы катары Советтер Союзуна жана тыш өлкөлөргө Жаштардын жана студенттердин 1957-жылы Москвада болгон бүткүл дүйнөлүк фестивалында таанылат.
15 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.