Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Кечки радио эфир | 10.11.2023 | Кыргызстан Кытай түрмөлөрүндөгү жарандарын кайтаргысы келет
    Кытайдын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктарды мекенине которуу маселеси көтөрүлгөнүн 9-ноябрда Башкы прокуратура билдирди.
    Кытайдын башкы прокурору Ин Юн менен жолугушууда Кытайда эркинен ажыратылган кыргыз жарандарын Кыргызстанга которуу маселелери да көтөрүлгөнү маалымдалды.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 09.11.2023 | Акылбек Жапаров Көлбаевдин апасынын тоюна эмнеге барган?
    Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиеванын тоюна катышканы тартылган видео боюнча комментарий берди. Орунбеков ал видео эски экенин Фейсбукка жазды.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 07.11.2023 | Сөз эркиндиги: журналисттер коңгуроо кагышууда
    Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө. Быйыл бул күн Кыргызстанда журналисттерге басым күчөп, медианы чектөөгө багытталган мыйзам долбоорлор сунушталган учурга туш келди. Буга байланыштуу 7-ноябрда өлкөдөгү бир нече медиа уюмдар бийликке кайрылып, онлайн акцияларды уюштурду.
    31 min
  • Кечки радио эфир | 06.11.2023 | Төө-Ашуудагы өрт: айдоочунун өмүрүн сактаган эки милиция кызматкери каза тапты
    Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашууда өрт кырсыгына кабылгандарга жардам берем деп өздөрү да жабыркаган милиция кызматкерлеринин экинчиси да эсине келбей көз жумду.
    30 min
  • НКВДнын кандуу жолу: Абдыкадыр Орозбековдун тагдыры
    Мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун урпактары жазыксыз репрессияланган атасынын сөөгү кайда көмүлгөнүн табууга жардам сурап өлкө жетекчилигине кайрылууну көздөп турат. Сталиндик кандуу репрессиянын курмандыгы болуп, кайда көмүлгөнү белгисиз калган миңдеген кишилердин арасында Орозбековдун да ысымы бар. Анын кантип жазага тартылганы, сөөгү кайда көмүлгөнү тууралуу имиштерден башка далилдүү фактылар жокко эсе. Тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов жана Орозбековдун небереси Жылдызкан Орозбекова менен ушул тууралуу талкуулайбыз.
    31 min
  • Репрессия курмандыктарын актоо мыйзамы
    1918-1953-жылдардагы саясий репрессия курмандыктарын актоо жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Анын максаты совет доорундагы жашыруун архивдерди ачыкка чыгаруу. Биздин талкууга президенттин кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Капай уулу, ЖК депутаты, мыйзамдын авторлорунун бири Жанарбек Акаев жана милициянын отставкадагы полковниги Төлөгөн Чормонов, “Ата-Бейит” комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору Болот Абдырахманов катышты.
    36 min
  • Кечки радио эфир | 27.10.2023 | Мектептин ата-энелер фонду жоюлгандан кийинки көйгөйлөрү
    ЕАЭБ маселелери Бишкекте талкууланды. Кытай-Кыргызстан мамилеси боюнча 12 документке кол коюлду. Газадагы соңку кырдаал. Ата-эне мектепке акча чогултпашы керек деген талап коюлгандан бери мектептерде айрым маселе жаралууда. Эл артисти Сталбек Алмасбековдун 70 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 26.10.2023 | Президенттин иниси үй камагына чыкты
    ШКУнун өкмөт башчыларынын кезектеги саммити Бишкекте өттү. Президенттин иниси үй камагына чыкты. Жаңы курулуп жаткан көп кабат үйлөрдүн коопсуздугу боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү.
    Израил Газага абадан сокку урууну күчөттү. Тууну өзгөртүү боюнча талкууга президент да пикирин билдирди.
    30 min
  • Акыйкатчыны ким коргойт?
    Азиза Абдирасулова адам укуктарына арналган подкастында "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзам долбоорун, бул институттун ролун, макамын акыйкатчы Жамила Жаманбаева жана мурдагы омбудсмен Токон Мамытов менен талкуулады.
    32 min
  • Кечки радио эфир | 25.10.2023 | "Кумтөрдөгү" коррупция: Үч киши айыпка жыгылды
    “Кумтөрдөгү” коррупция боюнча негизги айыпталуучулардын ичинен үч кишиге соттун өкүмү чыкты. “Чет элдик өкүл” мыйзамы биринчи окууда кабыл алынды. Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаал. Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукту токтотууга арналган акция өтүүдө. Өлкөдө кызылча оорусу жайылып жатат.
    30 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners