Кыргызстан Кытай менен карым-катнашын арттыра баштады. Соңку апталарда бир нече судья кармады. Израил Газа секторуна 400дөн ашуун сокку урганын билдирди. Ошто күйөөсү бычактап, оор абалда ооруканага жатып чыккан келин соттун чечимине нааразы болууда.
"Айкөл-3" гуманитардык миссиясынын алкагында 22-октябрда Сириядан Кыргызстанга дагы 21 аял жана 62 бала алып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады.
21-октябрда 100дөн ашык адам Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясын өткөрдү. Алар “Согушка жол жок” деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгып, Газанын тургундарына жардам берүү үчүн атайын эсеп ачуу демилгесин көтөрүштү.
Казакстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери Чымкенттеги кыш заводунда мыйзамсыз эксплуатацияланып жүргөн 60тан ашуун өзбек жаранын бошотту.
19-октябрга караган түнү Египет Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирүү үчүн туруктуу коридор ачыларын жарыялады. Жүк Рафах чек ара текшерүү пунктунан өтүп турмакчы.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон 50гө жакын бажы кызматкери иштен бошотулганын билдирди.
1920-1930-жылдары кулакка тартылып, сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, куугунтукталгандардын урпактарынын тагдыры кандай болду? Атасы сүргүнгө, өзү апасы жана агасы менен Украинанын Херсон аймагына айдалган атактуу дирижер, Кыргыз эл баатыры Асанкан Жумакматовдун өмүр жолу.
Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) өлтүрүлүшү боюнча операция мыйзамдуу болгонбу же жокпу, Аскер прокуратурасы териштирип чыгарын президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде билдирди.
ХАМАСтын Израилдин түштүгүнө жасаган чабуулунан каза тапкандардын жана жараат алгандардын саны өсүп жатат. Палестина тарап да Израилдин ХАМАСка каршы операциясынын натыйжасында набыт болгондор жана жаракат алгандар тууралуу улам жаңыртылган маалымат таратууда.
Кыргызстанда кызылча (корь) жуккан балдардын саны 2-октябрга карата 2469га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты чыңдоо республикалык борбору кабарлады. Август айында оору жугуп катталгандардын саны 1700 болчу.
31 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.