Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Кечки радио эфир | 07.10.2023 | "АЮ" компаниясынын директору кармалды
    "АЮ" компаниясынын директору, издөөдө жүргөн Тыныбек Исаев бир нече күн мурун кармалып, камакка алынды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы ырастап, аны менен кошо издөөгө алынган дагы бир жаран кармалганын билдирди.
    30 min
  • Балдар үйүнөн кийинки оор турмуш
    Балдар үйлөрүндө тарбияланган улан-кыздар орто билим алган соң өз алдынча кетип, турмуштун чоң агымына бой урат. Үй-жайсыз, колдоосу жок балдар оор жагдайга кабылат. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул маселени соцкызматкер Гүлзат Темирбаева, балдар үйүндө тарбияланган Гүлшана, Даниэль менен талкуулады.
    24 min
  • Ажырашкандан кийин аялды аңдыба
    Эмнеге кыргыз коомунда ажырашкандан кийин дагы мурдагы түгөйүнө тынчтык бербей, кек сактап, кол салып же таарынычын балдардан чыгарган окуялар кездешет. Бул биздин коомдун билим жана тарбиядан өксүп жатканынан кабар береби? Же диний, салттык же башка түшүнүктөр себеппи? Биз бүгүн ушул маселени психолог, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова, юрист, укук коргоочу Эржан Сулайман менен талкуулаганга аракет кылабыз.
    21 min
  • Кечки радио эфир | 04.10.2023 | Чоң-Алай, Ноокатта тынч жыйындарга тыюу салынды
    Ош облусуна караштуу Ноокат районунда дагы митингдерге, тынч жыйындарга чогулууга соттун чечими менен эки айга тыюу салынды. Мунун алдында Чоң-Алай районунда дагы коомдук жайларда митинг, пикет жана тынч акцияларды өткөрүүгө тыюу салынган.
    30 min
  • “Tazar” Кыргызстанды тазарткысы келет
    Кыргызстандагы таштанды талаалары 516 гектар жерди ээлейт. Бул Бишкектеги Спартак стадионунан 176 эсе чоң. Калдыктардын 70% кайра иштетсек болот. Бул көйгөйдү чечүү менен алектенип жаткан “Tazar” уюмунун негиздөөчүсү, эко-активист Аймээрим Турсалиеваны кепке тарттык.
    35 min
  • Кечки радио эфир | 02.10.2023 | Рахмонго жумуртка ыргыткан активисттердин жакындары кармалды
    29-сентябрда Берлиндеги акцияга чыккан тажик оппозициясынын чет жактагы өкүлдөрү Тажикстандагы туугандарын коопсуздук органдары кармап, суракка алганын билдирип жатышат.
    31 min
  • Кечки радио эфир | 01.10.2023 | Бишкекте шаурмадан жапырт уулануу болду
    Бишкекте 21 адам шаурмага ууланып, алардын 15и ооруканага жаткырылды. Кыргыз-казак кызматташтыгын талкуулаган жыйындардан соңку кезде бир нечеси өттү. Армения Азербайжанга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык сотуна кайрылды. Өзгөндө тынч жыйындарга тыюу салынды.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 30.09.2023 | Митингдерди чектеген чечимдин мөөнөтү дагы узарды
    Бишкекте митинг-пикеттерге тыюу салган чечимдин мөөнөтү дагы узарды. Орусияда мигрант аялдарды Украинадагы согушка азгырган аракет күчөдү.Пробация деген негизде абактан бошонуп чыгып жаткандар арасында бала зордуктаган кылмышкерлер көп экени парламентти айтылып, мыйзамды өзгөртүү сунушталды.
    30 min
  • "Элге чындыкты айтуу абзел". Казакстан КГБ архивдерин ачууда
    Казакcтандын бийлиги 1929-1956-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына тиешелүү жана купуя сакталган архивдик маалыматтарды ачыкка чыгарууда. Казакстандык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, академик Мамбет Койгелдиев жана кыргызстандык тарыхчы Жумагул Байдилдеев менен ушул тууралуу кеп кылабыз
    25 min
  • Кечки радио эфир | 29.09.2023 | Борбор Азия - Германия кызматташтыгы талкууланууда
    Германия жана Борбор Азия чөлкөмү, анын ичинде Кыргызстан бири-бирине эмнеси менен кызык жана пайдалуу? Башкы прокуратура сейфте далил буюм катары сакталып турган 762 миң доллар дайынсыз болгон окуя боюнча түшүндүрмө берди. Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналган эл аралык театр фестивалы өттү.
    30 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners