ЖЕР ЭНЕ

ЖЕР ЭНЕ

By ЭЕ/АҮEducationHow To
Download on the App Store

ЖЕР ЭНЕ episodes

  • Жаңылыктар 08.12.2025 | Кыргызстандык тигүүчүлөр Орусияга товарларын жеткирүүдөгү тоскоолдуктарга кайрадан даттанды
    Кыргызстандагы тигүү тармагындагы ишканалар Орусияга товарларын жеткирүүдөгү маселелер толук чечилбей жатканын көтөрүп чыгышты. Бул тармактагы ишкерлер 1-декабрдан тарта Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдө өндүрүлгөнүн ырастаган СТ-1 деп аталган документ талап кылына баштаганын айтып чыгышты.
    31 min
  • Жаңылыктар | 06.12.2025 | №8 округ боюнча талаштуу чечимди Боршайкомдун жумушчу тобу карайт
    Борбордук шайлоо комиссиясынын жумуш тобу Жогорку Кеңешке шайлоодогу №8 округдун №5249 жана №5514 тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган аймактык комиссиянын чечимин териштирет. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, арыз келип түштү, ал эртең каралат деп пландалууда.
    30 min
  • Жаңылыктар | 05.12.2025 | Кеминдеги видео боюнча БШК кандай чечим кабыл алат?
    Жекшембиде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча теришитирүүлөр соңуна чыга элек. Буга чейин 460 миң сом тууралуу сөз болуп жаткан 26-шайлоо округундагы төрт тилкенин добуштары жокко чыкканы айтылууда. Буга макул эместигин жана мындай чечимге каршы арыз жазышарын аталган округдан талапкер болгон Элдар Абакиров каршы экенин билдирди. БШК бул округ боюнча айрым маалыматтарды алганын, бирок милициянын чечимин күтөрүн билдирүүдө. ИИМ 460 миң сомго байланыштуу тергөө иштери уланып жатканын кабарлады. БШКнын жумушчу тобу талапкерлердин арыз-даттанууларын кароону улантууда. Ушул эле күнү 17-округдан талапкер болгон Айжан Чыныбаева добуш сатып алуу фактылары боюнча тийиштүү мекемелерге арыз жазганы белгилүү болду
    30 min
  • "Жер арыктаганда аба булганат"
    Бириккен Улуттар Уюму 5-декабрды эл аралык топурак күнү катары бекиткен. Аталган уюмдун маалыматында учурда Жер планетасынын 40% аянты топурагын жоготуп, деградацияга учураган. Бул процесс Кыргызстанда да жүрүүдө. Эксперттер соңку кезде жайыттар жана айдоо аянттары асылдуулугун жоготуп, такырайып баратканын белгилешет. Окумуштуулар топурак абага зыяндуу газдарды чыгарбай кармап турган кабык экенин айтышат. Топурак кантип пайда болот, аны кантип сактоо керек, түшүмдү кантип мол алыш керек? Бул суроолорго топурак таануучу адис, биолог Таалай Мамбетов жооп бермекчи.
    32 min
  • Жаңылыктар | 04.12.2025 | Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү боюнча сунуш Конституциялык сотко түштү
    Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү боюнча сунуш Конституциялык сотко түштү. Мекеме “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду бериши керек.
    Быйыл сентябрда 17 жаштагы окуучу кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин президент Садыр Жапаров өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөргөн.
    Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү Кыргызстан алган бир катар эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин билдирген.
    30 min
  • Жаңылыктар | 03.11.2025 | "Мунаса табыла элек". Кремлде Украина боюнча АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү
    Америкалык чабармандар Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнердин Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсү 2-декабрда кечинде аяктады. Маалым болгондой, сүйлөшүү беш саатка жакын созулду.
    Уиткофф менен Кушнер сүйлөшүүдөн кийин АКШнын Москвадагы элчилигине барып, кийин аэропортко бет алган. Алар Орусиядан чыгып кеткени, Европага токтобостон түз эле АКШга учканы кабарланды.
    Путиндин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев Х социалдык тармагына “сүйлөшүү жемиштүү болду” деп жазды.
    Жолугушууда Украинадагы согушту токтотуунун жаңы версиясы талкууланды.
    30 min
  • Жаңылыктар | 02.11.2025 | Кадр саясаты: Саламаттык сактоо тармагына чекист барды
    Президент Садыр Жапаров шайлоо бүтөрү менен бир катар кадрларды алмаштырды. Анын 1-декабардагы жарлыгына ылайык, Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри кызматынын алынып, анын милдетин аткаруу буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жететеп келген Каныбек Досмамбетовго жүктөлдү. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды, анын ордуна болсо буга чейинки кеңешчиси Арслан Койчуев келди. Ошондой эле Оштогу жана Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрү алмашты.
    30 min
  • Жаңылыктар | 01.11.2025 | Шайлоо: алдыга чыккандардын жарымынан көбү мурдагы депутаттар
    Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат тутумуна парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык, алдыга чыккан талапкерлердин жарымынан көбү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары. Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 37% катышты. Мыйзамга ылайык, БШК шайлоонун жыйынтыгын 14-декабрга чейин жарыялашы керек.
    30 min
  • Радио эфир | 30.11.2025 | Жапаров добуш сатып алуу толук токтобой жатканын айтты
    Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинде добуш берип, бийлик саясий иш-чараны таза өткөрүүгө болгон шартты түзүп бергенин айтты. Мамлекет башчы айрым журналисттерге берген кыска комментарийинде добуш сатып алуу аракеттери токтобой жатканын билдирди.
    30 min

About ЖЕР ЭНЕ

From the publisher's feed

Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп,…