Кыргызстанда соңку жылдары баласынын же жакынынын бөйрөгүн алмаштыруу үчүн элден жардам сурап акча чогулткандарды көп учуратып жатабыз. Адистер бул дарт жашарып жана ага чалдыккандар саны өсүп жатканын айтууда. Бөйрөк оорулары эмнеден пайда болот? Кантип анын алдын алууга болот? Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясы эмнеге кечигип атат? Бул жана башка суроолорго жоопту "Сергек жашоо" подкастыбызда издейбиз.
“Жер Эне” подкастында Генетикалык банк тууралуу сүйлөшөбүз. Генбанк - Кыргызстандагы 2600дөн ашуун айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиштердин генофондун сактайт. Генбанк 2010-жылы Швеция өкмөтүнүн жана Скандинавиялык генетикалык ресурстар борборунун Nordgen долбоорунун колдоосу менен ачылган. Азыр кыргыз өкмөтү каржылайт.
Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү жекшембиге оогон түнү Москвага чабуул койгон бир нече учкучсуз аппараттарды атып түшүргөнүн, жабыркагандар жок экенин шаар мэри Сергей Собянин билдирди. Ал арада Москванын "Внуково" жана" Домодедово " аба майдандары ишин убактылуу токтоткону белгилүү болду.
Кыргызстандыктар 24-ноябрь күнү алар Газадан Египет аркылуу Каир-Москва каттамы менен Москвага жеткирилип, мейманканага жайгаштырылды.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди.
Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын иши боюнча Жалал-Абад шаардык соту 22-ноябрда өкүм чыгарып, ага 50 миң сом айып салды.
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү Асылбек Замирбек уулу менен Иса Таштановго чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда 4-декабрда каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.
Ошто Көлбаев жана Матраимовго байланышы бар делген бир нече жетекчи кызматтан алынганы белгилүү болду. Алардын арасында президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары жана Кара-Суудагы жетекчилер бар. Алар мындай байланышты четке кагышууда.
Ички иштер министрлиги Кара-Көл шаарында Токтогул ГЭСин кайтарып турган жоокерди атып өлтүрүүгө шектелген жоокер кармалганын билдирди. Каза болгон 20 жаштагы жоокер Өзгөн районунун Зергер айылында жерге берилди.
20-ноябрда Сокулук райондук соту Чүйдүн Селекция айылындагы жол тосууга айыпталып кармалгандар боюнча өкүмүн чыгарды. Блогер Эртай Искаковго 50 миң сом айыппул салынды, ал эми ушул айылдын тургундары Бакыт Балбаевге жана Бактыбек Бекболотовго 100 күндүк коомдук жумушка тартуу жаза чарасы чегерилди.
31 min
About ЖЕР ЭНЕ
From the publisher's feed
Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп,…