ЖЕР ЭНЕ

ЖЕР ЭНЕ

By ЭЕ/АҮEducationHow To
Download on the App Store

ЖЕР ЭНЕ episodes

  • Кечки радио эфир | 11.11.2023 | Иликтөө: Бакиев Беларуста эки башка паспорт алган
    "Альянс расследователей Беларуси" иликтөөчүлөр тобу Беларуста качып жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев ал өлкөдө башка ысым менен экинчи паспорт алганы тууралуу видео жарыялашты.
    31 min
  • Кечки радио эфир | 10.11.2023 | Кыргызстан Кытай түрмөлөрүндөгү жарандарын кайтаргысы келет
    Кытайдын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктарды мекенине которуу маселеси көтөрүлгөнүн 9-ноябрда Башкы прокуратура билдирди.
    Кытайдын башкы прокурору Ин Юн менен жолугушууда Кытайда эркинен ажыратылган кыргыз жарандарын Кыргызстанга которуу маселелери да көтөрүлгөнү маалымдалды.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 09.11.2023 | Акылбек Жапаров Көлбаевдин апасынын тоюна эмнеге барган?
    Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиеванын тоюна катышканы тартылган видео боюнча комментарий берди. Орунбеков ал видео эски экенин Фейсбукка жазды.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 07.11.2023 | Сөз эркиндиги: журналисттер коңгуроо кагышууда
    Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө. Быйыл бул күн Кыргызстанда журналисттерге басым күчөп, медианы чектөөгө багытталган мыйзам долбоорлор сунушталган учурга туш келди. Буга байланыштуу 7-ноябрда өлкөдөгү бир нече медиа уюмдар бийликке кайрылып, онлайн акцияларды уюштурду.
    31 min
  • Кечки радио эфир | 06.11.2023 | Төө-Ашуудагы өрт: айдоочунун өмүрүн сактаган эки милиция кызматкери каза тапты
    Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашууда өрт кырсыгына кабылгандарга жардам берем деп өздөрү да жабыркаган милиция кызматкерлеринин экинчиси да эсине келбей көз жумду.
    30 min
  • НКВДнын кандуу жолу: Абдыкадыр Орозбековдун тагдыры
    Мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун урпактары жазыксыз репрессияланган атасынын сөөгү кайда көмүлгөнүн табууга жардам сурап өлкө жетекчилигине кайрылууну көздөп турат. Сталиндик кандуу репрессиянын курмандыгы болуп, кайда көмүлгөнү белгисиз калган миңдеген кишилердин арасында Орозбековдун да ысымы бар. Анын кантип жазага тартылганы, сөөгү кайда көмүлгөнү тууралуу имиштерден башка далилдүү фактылар жокко эсе. Тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов жана Орозбековдун небереси Жылдызкан Орозбекова менен ушул тууралуу талкуулайбыз.
    31 min
  • Репрессия курмандыктарын актоо мыйзамы
    1918-1953-жылдардагы саясий репрессия курмандыктарын актоо жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Анын максаты совет доорундагы жашыруун архивдерди ачыкка чыгаруу. Биздин талкууга президенттин кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Капай уулу, ЖК депутаты, мыйзамдын авторлорунун бири Жанарбек Акаев жана милициянын отставкадагы полковниги Төлөгөн Чормонов, “Ата-Бейит” комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору Болот Абдырахманов катышты.
    36 min
  • Акыйкатчыны ким коргойт?
    Азиза Абдирасулова адам укуктарына арналган подкастында "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзам долбоорун, бул институттун ролун, макамын акыйкатчы Жамила Жаманбаева жана мурдагы омбудсмен Токон Мамытов менен талкуулады.
    32 min
  • “Кулактын баласы". Сүргүндө балалыгы калган Асанкан Жумакматов
    1920-1930-жылдары кулакка тартылып, сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, куугунтукталгандардын урпактарынын тагдыры кандай болду? Атасы сүргүнгө, өзү апасы жана агасы менен Украинанын Херсон аймагына айдалган атактуу дирижер, Кыргыз эл баатыры Асанкан Жумакматовдун өмүр жолу.
    29 min
  • Балдар үйүнөн кийинки оор турмуш
    Балдар үйлөрүндө тарбияланган улан-кыздар орто билим алган соң өз алдынча кетип, турмуштун чоң агымына бой урат. Үй-жайсыз, колдоосу жок балдар оор жагдайга кабылат. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул маселени соцкызматкер Гүлзат Темирбаева, балдар үйүндө тарбияланган Гүлшана, Даниэль менен талкуулады.
    24 min

About ЖЕР ЭНЕ

From the publisher's feed

Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп,…