ЖЕР ЭНЕ

ЖЕР ЭНЕ

By ЭЕ/АҮEducationHow To
Download on the App Store

ЖЕР ЭНЕ episodes

  • "Гепатит адам тандабайт, ВИЧтей эле оор илдет"
    Биз бүгүн көпчүлүк мекендештерибизди кыйнаган гепатит дарты тууралуу сүйлөшөбүз. Медицинада “мээримдүү жаналгыч” деген атка конгон сарыктын оор түрлөрү кантип жугат? Бул дарттын жайылып кетишине эмне себеп болууда? Гепатитти алып жүргөн бейтап кандай эрежелерди эске алышы керек?Дартка чалдыгып, боорун алмаштырууга муктаж болгон бейтаптар кандай кыйынчылыктарга кабылат? Биздин бүгүнкү конокторубуз: дарыгер гепатолог, Дилшад Мамаджанов, "Гепатит менен күрөшүү" коомдук бирикмесинин жетекчисинин орун басары Анипа Надирова, гепатит илдетинин айынан жакында эле боорун Индиядан алмаштырып келген замандашыбыз Мубара Шерматова.
    41 min
  • Түркия: кыргызстандык мигранттар кабылган кыйынчылык
    Түркияда дайынсыз кеткен кыргызстандык кыз-келиндер тууралуу байма-бай маалымат чыгууда. Айрымдар алданып калганын, психологиялык басым көргөнүн, ур-токмокко кабылганын айтышат. "Укугум бар" түрмөгүндө Анталиядагы "Кыргыз айымдары"” уюмунун негиздөөчүсү Периза Асанаалиева менен маектештик.
    15 min
  • Десоветизация: кулчулук мүнөз, эки жүздүү саясат
    Орусиянын Украинага бастырып киргенден бери пост-советтик чөлкөмдө деколонизация, десоветизация түшүнүктөрү кайра актуалдашты. Тарых илимдеринин доктору, профессорлор Аалыбек Акунов, Тынчтыкбек Чоротегин менен 90-жылдардагы демократиялык кыймылдар, тарыхка эки жүздүү саясат тууралуу талкуулайбыз.
    35 min
  • “Туткундагы жоокерлердин көбү кайтпай калган”
    Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагына 78 жыл болгону менен, учурда согуш туткундарынын таржымалы жана тагдыры тууралуу толук изилдөө жүргүзүлө элек. Иликтөөчү Бактыгүл Акунбаеванын айтымында, согуштун алгачкы жылдары туткунга түшкөн жоокерлердин көбү лагерлерде каза болгон.
    26 min
  • Азамат Алтайдын ЖАМУдагы мурасы
    Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий китепканасында коомдук ишмер Азамат Алтайга (Кудайберген Кожомбердиев) арналган бурч бар. Анда Азамат Алтай чогултан «Ала-Тоо» журналынын, “Кыргызстан маданияты” гезитинин ондогон нускалары жана үй-бүлөлүк архиви сакталып турат.
    14 min
  • Таластагы көтөрүлүш: совет бийлиги жашырган жазалоо
    1930-жылдары Кыргызстандын Талас аймагында көтөрүлүш болуп, эл кулакка тартуу саясатына жана башка басым-кысымга каршы чыккан. Бул окуянын арты эмне менен бүткөн жана анын кесепети кандай болгон? Коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөнүн автору Талант Разаков жана “Азаттыктын” редактору Заирбек Бактыбаев менен талкуулайбыз.
    32 min
  • Тарыхый эс тутум: эл унутпаган трагедиялар
    Тарыхый эс тутум деген эмне? Анын мааниси кандай? Кыргызстанда буга канчалык көңүл бурулат? "Куугунтук курмандыктары" подкастында белгилүү жазуучу жана тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев, тарыхчы окумуштуу Гүлзат Алагөз менен ушул тууралуу талкуулайбыз.
    24 min
  • Репрессия курмандыгы болгон кыргыз аскерлери
    Тарыхчылардын болжолунда 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын маалында кыргыздын ондогон алгачкы чыгаан аскер жетекчилери атылып, кыйноодон өлгөн болгон. Алардын катарында Аден Истамбеков да бар. Репрессияланган аскер интеллигенциясынын тагдыры, куугунтуктун кесепеттери тууралуу сөз кылабыз.
    37 min

About ЖЕР ЭНЕ

From the publisher's feed

Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп,…