Израилдин аскер-деңиз флотунун кемелери Газага жардам жеткиребиз деген ураан менен жолго чыккан активисттердин бир нече кемесин токтотконун 1-октябрдын кечинде өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аларга зыян келтирилген жок, ичиндеги адамдар израилдик портторго жеткирилди.
Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 1-октябрдан тарта 10% көбөйдү. Министрлер кабинетинин августтагы токтомуна ылайык, камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейин болгон пенсия 10%, бирок 600 сомдон кем эмес жогорулайт. Камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомдон жогору болсо – 5000 сомдон көп эмес жогорулайт. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн уга аласыз.
АКШнын президенти Дональд Трамп 29-сентябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну кабыл алып, Газа секторундагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык планын талкуулады. Бул Трамп президентке киришкен быйылкы жылдын январынан бери Нетаньяхунун Вашингтонго төртүнчү сапары болду.
Москва облусунун Воскресенск шаарында учкучсуз учактардын соккусунан турак үйдө өрт чыгып, эки киши каза болгонун облус губернатору Андрей Воробьев билдирди. Алардын бири 76 жаштагы аял жана анын 6 жаштагы небереси. Воробьев дрон турак үйгө сокку урдубу же аны атып түшүрүү учурунда сыныгы тийдиби ачыктаган жок.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 28-сентябрга караган түнү Орусиянын армиясы 500гө чукул дрон, 40тан ашуун ракета менен чабуул койгонун билдирди.
Киевде соккулар төрт кишинин өмүрүн алды, бир нече киши жарадар болду.
Жыйырмадан ашык айдоочу 27-сентябрда Чүйдүн Кант шаарында жайгашкан Д-2 жүк жиберүүчү компаниясынын кеңсесинин алдына чогулду. 4-сентябрдан 10-сентябрга чейин ушул жерден жүк алып, Орусияга жөнөгөндөр казак-орус чек арасынан өтө албай турганына нааразы.
Бишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында калаадагы жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча штабдын жыйыны өттү.
Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстанда жолугууга даяр экенин АКШдагы сапары учурунда билдирди. Fox News телеканалынын эфиринде журналисттин орус-украин сүйлөшүүлөрү тууралуу суроосуна жооп берип жатып ал жолугушуу үчүн нейтралдуу аянтча катары сунушталган бир катар өлкөлөрдү атады. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Украинадагы согушка, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга, Ооганстандагы абалга жана башка өлкөлөрдөгү жаңжалдарга басым жасап, аларды токтотууга чакырды.
Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн спикерлеринин жыйыны өтүп жаткан чакта Жогорку Кеңештин тармактык комитети парламенттин өзүн өзү таркатуу демилегесин колдоду. Эми бул демилге жалпы сессияда каралат. Өткөн аптада парламенттин таркашын колдогон 32 депутаттын колу чогулганы белгилүү болгон.
30 min
About ЖЕР ЭНЕ
From the publisher's feed
Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп,…