ЖЕР ЭНЕ

ЖЕР ЭНЕ

By ЭЕ/АҮEducationHow To
Download on the App Store

ЖЕР ЭНЕ episodes

  • Жаңылыктар | 12.09.2025 | Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү карылар үйүнө айланат
    Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү мамлекетке өтөт. Өкмөт ал имаратка карылар жана балдар үйлөрү ачыларын билдирди. Мурдагы президенттин жакындары бул аракетти мыйзамсыз деп сындашууда.
    Израилдин бийлиги Палестин мамлекетинин түзүлүшүнө каршы экенин кайрадан кайталады. Ал тапта еврей күчтөрүнүн чабуулуна туш болгон Газа секторундагы гуманитардык абал күн санап оорлоп бара жатат.
    Жогорку Кеңештин депутаттары парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу үчүн кол топтоп жатышат. Бул жараян кийинки аптада талкууланып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланышы мүмкүн.
    30 min
  • Жаңылыктар | 11.09.2025 | Мырзакматов 43 гектар жерди кантип алган?
    Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун 43 гектар жери болгонун билдирди. Ал 10-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, учурда ал жерлерге байланыштуу соттошуу башталганын кабарлады.
    Ушул жана башка жаңылыктарды Азаттыктын кечки радио берүүсүнөн угасыз.
    30 min
  • Жаңылыктар | 10.09.2025 | Орусияда “кара тизмеден” чыкпаган мигранттар эмне болот?
    Кыргызстандын 14 миң 600 жараны гана Орусияда жүрүү үчүн укуктук макамын мыйзамдаштырып, "кара тизмеден" чыкты. Алардын 8 миңдейи Москва аймагында жашагандар.
    Чет элдик жана жарандыгы жок адамдардын Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздерин аныктап, укуктук абалын жөнгө салууга берилген мөөнөт аяктады.
    30 min
  • Жаңылыктар | 09.09.2025 | Кыргызстанда атомдук электр станциясы курулабы?
    Энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов Кыргызстанда атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча министрлик жакын арада сунуш берерин билдирди. Ысманов айрым кошуна өлкөлөр АЭС куруу боюнча чечим кабыл алганын кошумчалады.
    Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2024-жылы октябрь айында Орусиянын “Росатом” ишканасы Кыргызстанга курууну пландап жаткан АЭС боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кабарлаган.
    30 min
  • Жаңылыктар | 08.09.2025 |10 жаштагы кыргызстандык кызга Орусияга кирүүгө тыюу салынды
    Москвадагы аэропортто кыргызстандык үй-бүлөнүн 10 жаштагы кызына өлкөгө кирүүгө беш жылдык тыюу салынганы белгилүү болду. Бул окуя Орусиядагы миграциялык кырдаалдын курчуп, “кара тизмеге” түшкөн кыргызстандыктардын саны арбып жаткан учурга туш келди. Буга чейин жашы жете элек балдардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган учурлар коомчулукка ачык белгилүү болгон эмес.
    30 min
  • Жаңылыктар| | 05.09.2025 | 1-октябрдан тартып эң аз пенсия 7100 сом болот
    1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү көбөйөт. Министрлер кабинетинин № 534 токтомунда “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык 1-октябрдан тартып пенсия 7100 сомдон кем болбойт деп белгиленген.
    Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз.
    30 min
  • Жаңылыктар | 04.09.2025 | Кыргызстан альпинисттердин тоого чыгышын чектейби?
    Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев альпинисттердин коопсуздугун камсыз кылуу, бийик тоодогу жолдорго чыгуунун ачык тутумун түзүүнү сунуштоодо. Депутат айлана-чөйрөнү коргоо, бул багыттагы Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгып, коомдун талкуусуна чыгарды.
    30 min
  • Улут саламаттыгы: Көп төрөгөн аял ооруйбу?
    Атайын кызматтын жетекчисинен үй сураган тогуз балалуу эненин окуясынан кийин коомдо үй-бүлөнү пландаштыруу маселеси кайра көтөрүлдү. Көп төрөгөн аял ден соолугун жоготобу? Канткенде улуттун сапаты жакшырат? Эрте эне болуу, бойдон алдырууну кандай тобокелдик коштойт? Кыз баланы канча жашынан гигиенаны сактоого үйрөтүү керек? Аз кандуулуктан, рак оорусун чакырган папиллома вирусунан кантип сактануу керек? “Сергек жашоо” подкастында бул суроолорду Студенттер бейтапканасынын акушер-гинекологдору Гүлзина Мадраимова жана Гүлнур Шыгаева менен талкуулайбыз.
    34 min

About ЖЕР ЭНЕ

From the publisher's feed

Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп,…