ЖЕР ЭНЕ

ЖЕР ЭНЕ

By ЭЕ/АҮEducationHow To
Download on the App Store

ЖЕР ЭНЕ episodes

  • Жаңылыктар | 03.09.2025 | Орусия:“Согушта өлгөн уулумдун сөөгүн алып келе албай жатам”
    Украинадагы согушка азгырылып барып, ал жактан сөөгү келген кыргызстандыктардын саны улам өсүүдө.
    Орусиянын тарабында согушуп каза болгон кезектеги кыргызстандык жигиттин жакындары маркумдун сөөгүн алып келүү айласын издеп жатат.
    Буга чейин Украинанын "Жашагым келет" деп аталган долбоору ушу тапта 360дан ашык кыргызстандык Украинадагы согушта катышып жүргөнүн жазган эле.
    Кыргызстандыктарды баш өлкөдөгү кан күйүп жаткан согушка барууга кандай зарылчылык түртөт?
    30 min
  • Жаңылыктар | 02.09.2025 | Кыргызстанда бензин кымбаттайт
    Мунай ташуучулар ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбатташы мүмкүн экенин билдирди. Уюмдун жетекчиси Канат Эшатов “Азаттыкка” билдиргендей, учурда Орусиядагы мунай заводдорунан Кыргызстанга май сатуу боюнча сунуштар азайып, баасы да өсүп жатат.
    “Ушул бизди кооптондуруп жатат. Бул азыркы баадан дагы 3-4 сомго кымбатташы мүмкүн. Бир жагынан сунуштардын азайып жатышы биздеги майдын тартыштыгын пайда кылышы мүмкүн. Орусиядагы заводдордун айрымдарында оңдоо иштер болуп жатса, кээ бирлерине дрон чабуулу болуп, күтүүсүз жабылууда. Орусия биринчи кезекте ички керектөөсүн камсыз кылмайынча, башкаларга бербейт да”, - деди Эшатов.
    31 min
  • Жаңылыктар | 01.09.2025 | Нарын: убагында бүтпөгөн жол боюнча бир нече киши кармалды
    Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев менен “Бета Групп” компаниясынын ээси Мирлан Амантуров Нарын шаарында салынып жаткан жолго байланыштуу кармалганын билдирди.
    Маалыматка ылайык, алар Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүндө оңдоодогу мыйзам бузуулар үчүн Кылмыш жаза кодексининин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон иштин алкагында кармалды. Учурда кармалгандар Ат-Башы раймилициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
    30 min
  • Жаңылыктар | 31.08.2025 | Герасимов согуш уланарын билдирди
    Орусия Украинадагы согушту токтотпой турганын 30-августта орус Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов билдирди. Анын айтымында, орус армиясы чабуул коюуну улантат.
    Герасимовдун мындай билдирүүсүн Коргоо министрлиги жарыялады.
    30 min
  • Жаңылыктар | 30.08.2025 | Жалал-Абадда эгемендик күнү белгиленүүдө
    Быйыл эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы Жалал-Абад шаарында белгиленип жатат. Майрамды утурлай бир катар социалдык объектилер пайдаланууга берилип, жарандарга ипотекалык турак жайлардын ачкычы тапшырылды. Президент Садыр Жапаров “Асман Резиденс - 2” көп кабаттуу турак жай комплексинин ачылышында сүйлөп жатып, жарандарды турак жай менен камсыздоодо алгылыктуу жумуштар жасалып жатканын айтты.
    30 min
  • Жаңылыктар | 29.08.2025 | Израиль Газаны толук басып алуу үчүн даярдыкты күчөттү
    Израил армиясы Газа шаарын толук басып алуу үчүн даярдыкты күчөтүп, бир миллиондой тургунду жер которууга мажбур кылууда. Палестин анклавындагы кыйын кырдаал, жарым миллиондой киши ачарчылыкка дуушар болуп жатканы Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде талкууланды. Дүйнөлүк уюмдун баш катчысы Антонио Гутерреш Изарилдин аскердик операциясын кеңейтип жатканын айыптап, "карапайым калкты ачарчылыкка кептөө - согуш ыкмасына айланбашы керек" деди.
    30 min
  • Жаңылыктар | 28.08.2025 | Орусия Украинага 600дөй дрон менен чабуул койду
    28-августка караган түнү Украинанын борбор шаары Киев орус армиясынын жапырт чабуулуна кабылды.
    Киевдин бийлиги түнкү аба соккулары шаардын жети районундагы турак жайларга, имараттарга залака келтирип, кеминде 15 киши, арасында үч жаш бала мерт болуп, 50гө чукул тургун жарадар экенин билдирди. Жалпы Украинага бейшембиге караган түнү 600дөй дрон чабуул койгону кабарланды.
    30 min
  • Жаңылыктар | 27.08.2025 | Учкучсуз учак альпинист Наговицинанын абалына байкоо салды
    Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына Жеңиш чокусунда буту сынып калып калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинанын абалын байкоого учкучсуз аскердик учак да тартылганын жазды.
    30 min
  • Жаңылыктар | 26.08.2025 | Кыргызстандан 922 чет элдик жаран депортация болду
    10-июндан ушул күнгө чейин Кыргызстандан 922 чет элдик депортацияланды. 240 чет элдик жаран депортациясын күтүп, мурдагы "Ганси" борборунун аймагында кармалып турат. Алардын 157и Бангладештин, 80и Пакистандын, экөө Индиянын жана дагы бирөө Египеттин жараны.
    30 min
  • Жаңылыктар | 25.08.2025 |Тоңдогу сел: жол жабылып, үйлөрдү суу каптады
    Ысык-Көлдүн Тоң районунда катуу жаандан соң сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун каптады. Балыкчы-Каракол жолу убактылуу жабылып, кыймыл калыбына келтирилди. Турак-жайы жабыркагандар селдин алдын алуу иштери начар болгонун айтып нааразы болууда.
    30 min

About ЖЕР ЭНЕ

From the publisher's feed

Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп,…