ЖЕР ЭНЕ

ЖЕР ЭНЕ

By ЭЕ/АҮEducationHow To
Download on the App Store

ЖЕР ЭНЕ episodes

  • Жаңылыктар | 24.08.2025 | Жеңиш чокусунда калган альпинистти куткаруу токтотулду
    Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу иши токтотулганын ырастады. Ага ылайык, куткаруучулар 6 100 метр бийиктикке чейин жеткен жана аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу операция белгисиз мөөнөткө токтотулган.
    Наговицина кошулган төрт кишиден турган альпинисттер тобу Жеңиш чокусуна чыгып кайтып келаткан. 12-августта Наговицинанын буту сынып, баса албай, 7 100 метр бийиктикте калган.
    Орусиялык басылмалар 12 күндөн бери -25 градус суук жерде жаткан альпинист каза болгонун жазышты.
    30 min
  • Жаңылыктар | 23.08.2025 | Газада ачарчылык кооптуу чекке жетти
    Газада жарым миллиондон ашуун палестиналык ачарчылыктын кооптуу чегинде жашап атта. Бул тууралуу 21 мамлекеттин эл аралык гуманитардык уюмдарынан турган топтун отчетунда айтылат.
    Анда 517 миңдей палестиналык толук масштабдуу ачарчылыктын бешинчи баскычында, дагы 1,07 миллиондойу төртүнчү, 396 миңи үчүнчү баскычында экени жазылган.
    30 min
  • Жаңылыктар | 22.08.2025 | Бишкекте этти кымбат саткан ишкерге айып салынды
    Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкекте жеке ишкер этти өкмөт бекиткен баадан кымбат сатканы үчүн 13 миң сом административдик айыпка жыгылганын билдирди. Ушул тапта айыл-аймактарда эттин баасына мониторинг жүргүзүлүп, текшерүүлөр болуп жатат. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 13-августта Бишкек, Ош шаарларында жана облус, райондордо эттин баасын бекиткен.
    31 min
  • Жаңылыктар | 21.08.2025 | Жогорку Кеңеш таркайбы?
    Саясий айдыңда Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы тарап, күзүндө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөрү жөнүндө сөздөр күчөдү.
    Парламенттин таркатылышына негиз барбы, бийлик мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө кызыкдарбы?
    31 min
  • Жаңылыктар | 20.08.2025 | Энесин мыкаачылык менен өлтүргөн деп баласы кармалды
    Бишкекте төбө чачты тик тургузган оор кылмыш катталды. Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүнүн биринен милиция аялдын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектүү катары анын уулу кармалган.
    Бул окуя коомчулукта жаштардын, дегеле коомдогу агрессия, психикалык саламаттык тууралуу талкууну жандантты.
    30 min
  • Жаңылыктар | 19.08.2025 | Украина: Трамп, Зеленский жана Европа лидерлери жолукту
    18-августта Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолукту.
    Ага удаа эле Трамп менен Зеленскийдин европалык лидерлер менен жолугушуусу өттү.
    Украин президентине колдоо көрсөтүп, Ак үйгө барган лидерлер: Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони жана НАТОнун баш катчысы Марк Рютте.
    31 min
  • "Тоо коюнун таштандыдан арылткан Улук акын"
    Президент Садыр Жапаров элди туш келди таштанды ыргытуу адатын токтотуп, табиятты таза сактоого чакырды. Адистер өлкөдө бул көйгөй курч экенин айтып келет. Ал арада мамлекеттен колдоо күтпөй, таштандыны өз алдынча терген жарандар дагы жок эмес. Талас районунун тургуну, акын Улук Рысалиев Өтмөк ашуусуна жакын жерде, ары-бери каттаган жүргүнчүлөр токточу жерди күн алыс тазалап турат. Ал элди таштанды ыргытпоого чакырып, дубал бооруна төрт куплет ыр дагы жазган. “Жер эне” подкастыбызда табият менен эриш-аркак жашаган акын менен баарлашабыз. Подкастты кабарчыбыз Санжи Туйтунова даярдады.
    19 min
  • Жаңылыктар | 18.08.2025 | Орусияда WhatsApp жана Telegram аркылуу чалуу бөгөттөлдү
    Орусияда WhatsApp жана Telegram мессенжерлери аркылуу чалуу бөгөттөлдү. Бул соңку жылдарда мигранттарга ыңгайсыздык жараткан Кремлдин биринчи чечими эмес.
    Мессенжерлер иштебесе, мекендештер бул жактагы жакындары менен баарлашып туруу кыйын жана чыгымы артат деп камтама болууда.
    31 min
  • Жаңылыктар | 17.08.2025 | Ноокенде өз жанын кыйды деген келиндин өлүмү иликтенүүдө
    13-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 2001-жылы туулган келин өзү жашап жаткан үйдүн жайкы ашканасында асынып каза болгонун облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
    Ноокен райондук милициясына "Тез жардам" кызматынан маалымат түшүп, факт Ноокен РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган.
    30 min
  • Жаңылыктар | 16.08.2025 | Трамп Зеленскийге, Европа лидерлерине телефон чалды
    АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен Алясканын борбору Анкориж шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жана Европа лидерлерине телефон чалды.
    30 min

About ЖЕР ЭНЕ

From the publisher's feed

Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп,…