ЖЕР ЭНЕ

ЖЕР ЭНЕ

By ЭЕ/АҮEducationHow To
Download on the App Store

ЖЕР ЭНЕ episodes

  • Жаңылыктар | 16.07.2025 | Орусия: мигранттардын акча которууларына чектөө киргизүү сунушталды
    Орусиянын Мадумасынын айрым депутаттары мигранттардын сыртка которгон акча каражаттарына чектөө киргизүүнү сунуштоодо. Алар ушу тапта Орусияда иштеген мигранттардын которгон акчалары расмий кирешесине ылайыкпы дегенди көзөмөлдөгөн механизм жок экенин жүйө кылган. Эгерде бул ишке ашып калса, салыктан качкан жана кошумча кирешесин жашырган мигранттарды аныктоого мүмкүн болорун айтууда. Соңку учурлардагы мигранттарга карата эрежелер катаалданып, чектөөлөр күчөгөнү мигранттардын кирешесине кандай таасирин тийгизди?
    29 min
  • Азаттык: Кечки радио эфир | 15.07.2025 | Трамптын 50 күндүк эскертүүсү. Путиндин жообу кандай болот?
    Украинадагы согушта олуттуу бурулуш болобу? Дүйшөмбүдө АКШнын президенти Дональд Трамп Киевге курал-жарак жиберүүнүн жаңы планын жарыялады. Америкалык лидер Москва тынчтык келишимине көнбөсө орусиялык импортко 100% тарифтер киргизилерин эскертти.
    Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Трамптын соңку билдирүүлөрүн талдап чыгууга убакыт керектигин билдирди.
    33 min
  • Азаттык: Кечки радио эфир | 14.07.2025 | Жыл башынан бери кызамык жуккан 10 бала чарчап калды
    Кыргызстанда алты айда кызамык (корь) жуккан 8572 учур катталды. Ушул убакыттын ичинде ооруга чалдыккан 10 бала чарчап калды. Алардын алтоо бир жашка чейинки ымыркайлар. Эки учур 1-5 жаш, дагы экөө 8 жаштан өткөн балдар. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, каза болгондордун баары ооруга каршы эмделген эмес. Аталган борбордун өкүлү, эпидемиолог Гүлзада Даданова ооруну жуктуруп алгандар Бишкек шаарында көп болуп жатканын "Азаттыкка" билдирди.
    30 min
  • Жаңылыктар | 13.07.2025 | Тил сынагынан кулаган мигрант балдар Орусиядан чыгарылабы?
    Мектеп жашындагы баласы орус тили боюнча сынак тапшыра албай калган мигранттын бүлөсүн Орусиядан чыгаруу боюнча сунуш Мамдуманын профилдик комитетинде талкууланып жатканын бир катар орусиялык агенттиктер жазды. Орусиядагы кыргыз мигранттары балдарын мектепке киргизе албай даттанып келишет.
    30 min
  • Жаңылыктар | 12.07.2025 | Үч жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүүнү сунушталды
    Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов үч жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул берүүнү кайра киргизүүнү сунуштады. Ал 11-июлда өкмөттө жакырчылыкты азайтууга арналган жыйында колу жука үй-бүлөлөрдүн балдарынын 21% гана, тактап айтканда 54 миң үй-бүлөдөгү 194,8 миң эле бала жөлөк пул аларын “улуттук жаңжал” деп атады. Анын ырасташынча, өлкөдө бир миллиондой, башкача айтканда, ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт.
    Мындан улам ал өкмөттү жана депутаттарды үч жашка чейинки ар бир балага жөлөк пул берүүнү киргизүү маселесин карап көрүүгө чакырды.
    31 min
  • Кечки радио эфир | 11.07.2025 | Украина: бир күндө согуш тилкесинде 200дөн ашуун кармаш катталды
    Соңку бир сутка ичинде Украинадагы согуш тилкесинде орус-украин күчтөрүнүн ортосунда жалпы 214 кармаш катталды. Украин куралдуу күчтөрү жума күнү билдиргендей, салгылашуулардын жарымы Донецк облусундагы Покровск жана Новопавловка аймактарында болду. Украин армиясы Покровск багытында алтымышка чукул чабуулдун мизин кайтарганын маалымдады. Жалпысынан согуш тилкелеринде 5500дөн ашык аткылоолор болду. Алардын үчтөн экисинен көбүндө камикадзе-дрондор колдонулган.
    30 min
  • Жаңылыктар | 10.07.2025 | Азербайжан менен Армения Орусияны ортомчу кылбай элдешеби?
    Абу-Дабиде Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашиняндын кездешүүсү өттү. Тоолуу Карабакты талашып, 30 жылдан ашуун кармашкан эки өлкө март айында тынчтык келишиминин текстин макулдашышканы менен документке кол коюла элек.
    Айрым эксперттер Москванын Баку менен Еревандын тынчтык жараянына катышпай калганын белгилешет.
    31 min
  • "Үйүрлүү чегиртке үйгө чейин киреби?"
    Кыргызстанда быйыл чегиртке жылдагыдан да көбөйүп, айыл чарбасына олуттуу коркунуч жаратты. Айыл чарба министрлиги 92 миңден ашуун гектар аянтты дарылоого аргасыз болду. Соцтармактарда борбор калаанын, Чүйдөгү чакан шаарлардын тургундары чегиртке көп кабаттуу үйгө чейин кирип жатканын жазышууда. “Жер эне” подкастында бүгүн чегирткелер жөнүндө айтып беребиз.
    28 min
  • Жаңылыктар | 29.06.2025 | Тил мыйзамы: Аткаминерлер мамлекеттик тилди билиши керек
    Жогорку Кеңеш каникулга кетердин алдында “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери жөнүндө” талаш жараткан мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Ага президент кол койсо Министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрү, депутаттар, соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр ченемдик актыларда аныкталган деңгээлде мамлекеттик тилди билиши керек болот. Мыйзамда кыргыз тилине байланыштуу мындан башка да нормалар кирди. Документти биринчи окууда кароо кызуу талаш-тартыштарды жараткан.
    1 hr

About ЖЕР ЭНЕ

From the publisher's feed

Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп,…