ЖЕР ЭНЕ

ЖЕР ЭНЕ

By ЭЕ/АҮEducationHow To
Download on the App Store

ЖЕР ЭНЕ episodes

  • Жаңылыктар | 05.06.2025 | Орусия: Мигранттын баласы мектепке кантип кирет?
    Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзиректин аброюна шек келтирген блогер, активист Айбек Уланов кармалды. Коомчулук маркум келинди мазактаган блогердин жоопко тартылышын талап кылууда. Эми дүйнөнүн 12 өлкөсүнүн жарандары Америкага кире албайт. Дональд Трамптын жарлыгын бир нече демократ саясатчылар кескин сындады. Мигранттардын балдары оруси тилин билбесе, мектепке кире албайт. Орусияда тил экзаменинин катаалдашы мекендештерди бушайман кылууда.
    19 min
  • Жаңылыктар | 04.06.2025 | Айзиректин өлүмү: Мылтыктын ээси ким?
    Айзиректин күйөөсү мылтыкты кайдан алган? Беш балалуу келиндин өлүмү үй-бүлө зомбулугу эле эмес, мыйзамсыз сакталган курал маселесин да козгоду. Эркин журналист Канышай Мамыркулова айыпты четке кагууда. Сотто анын соцтармактагы жазган постторуна жасалган экспертиза талаш-тартыш жаратты. Президент Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге мунапыс береби? Ал Атамбаевге чыккан сот өкүмү жана Бакиев жөнүндө үн катты.
    - Украина Крым көпүрөсүнө чабуул койду. Орусиянын мамлекеттик агенттиктери көпүрө авариялык абалда деген билдирүүнү четке какты.
    24 min
  • Жаңылыктар | 03.06.2025 | Оштун мурдагы казысы экинчи жолу камалды
    Стамбулда бир саатка жетпеген жолугушуу. Украина менен Орусия тынчтык орнотуу, жок дегенде убактылуу ок атууну токтотуу боюнча мунасага келе алган жок. Оштун мурдагы казысы эмнеге кайра камалды? Ал буга чейин кармалып, бир күндөн кийин эле үй камагына чыккан эле. Нарында жайлоолорго калың кар түшүп, төрт күндөн бери ээрибей турат. Жай мезгилиндеги кардан малчылар чыгым тартып жатышат.
    15 min
  • Жаңылыктар | 02.06.2025 | Украинанын дрондору ондогон орус учагын жок кылды
    Украинанын дрондору Орусияда аскердик аэродромдорго чабуул койду. Орусия муну теракт деп жарыялады. Эксперттер ондогон учактын жок кылынышын - орус авиациясынын башына түшкөн каран түн катары сыпаттап жатышат. Орусияда “Мекендештер” уюмун жетектеген Нура Курманбекова орус жарандыгынан ажыратылды. Анын жарандыгын алып, өлкөгө кирүүгө тыюу салынышына эмне себеп болду?
    Президент коррупцияга каршы күрөштөн 200 млрд сом түшкөнүн билдирди. Жемкорлордон өндүрүлгөн каражаттардын тагдыры жана зыяндын ордун толтургандарды жазадан бошотууга байланыштуу кайчы пикирлер арбын.
    24 min
  • Жаңылыктар | 30.05.2025 | Айзиректин өлүмү: кыз-келинди ким коргойт?
    Беш баланын энеси Айзиректин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү - коомчулукту нес кылып, Кыргызстандын муфтийи эркектерге кайрылды. Кыз-келинди ким коргойт? Клооп Медианын оператору Александр Александров жана мурдагы кызматкери Жоомарт Дуулатов эки айга камалды. 7 журналист атайын кызматка сурак берип, айрымдарынын үйлөрүндө тинтүү жүрдү. АКШнын сунушу Газадагы апаатты токтото алабы? Ал арада Франция анклавда гуманитардык абал оңолбосо Израилге санкция саларын эскертти.
    17 min
  • Жаңылыктар | 29.05.2025 | Клооп Медиа: Журналисттер суралып, экөө кармалды
    Клооп Медианын дагы бир журналисти Абдил Төрөбаев сурак берип жатат. Кечээ журналисттер суракка алынып, экөө 48 саатка кармалды. Орусия Украинага 2-июнда Стамбулда сүйлөшүүнү сунуш кылды. Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп украин жана орус лидерлери менен жолугушууга даярдыгын айтты.
    Бишкекте алты курулуш компаниясына эскертүү берилди. Компаниялардын айрымдары лицензиясынан ажырап, кээлери ишин токтотту.
    22 min
  • Жаңылыктар | 28.05.2025 | 20 жылдык: Келинди күйөөсү атып салган
    Кара-Кулжада классташтардын 20 жылдык кечесине барган аялдын өлүмү коомчулуктун үрөйүн учурду. Анын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды. Kloop Медиа басылмасынын Бишкектеги жана Оштогу журналисттери суракка алынып, үйлөрү тинтилди. Былтыр сот эркин басылманын ишин токтотуп, сайты бөгөттөлгөн эле.
    Газада cогуш башталганына 600 күн. Тилкеде 54 миңден ашуун киши набыт болду, барымтадагы 58 туткундун тагдыры белгисиз. Анклавды ачарчылык коркунучу тооруду.
    18 min
  • Жаңылыктар | 27.05.2025 | Пробация жана 50 миң сом айып. Жоомарт Карабаевге өкүм чыкты
    Көз карандысыз экспертиза жүргүзүүдө "күч органдары кийлигишерин" айтып чыккан Жоомарт Карабаевге сот пробациялык үч жылдык жаза чегерип, 50 миң сом айыппул салды. Карабаев өзү айыпты четке какты.
    Киевге курал-жабдык берген Украинанын Батыштагы өнөктөштөрү мурдагы чектөөнү алып салды. Ал тапта Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Орусияга санкция салууну карап жатканы кабарланды.
    "Киргизия" конушундагы кызыл чектен чыгып кеткен деген дубалдары түрттүрүлгөн үй ээлери мэриянын үстүнөн сотко арызданат. Мэрия шаардын башкы планына ылайык иш жүрүп жатканын билдирди.
    30 min
  • Жаңылыктар | 26.05.2025 | Трамп Путинди "акылдан адашты" деп сындады
    Укук коргоочу Турсунбек Акун башынан жана колунан жаракат алды. Бишкекте Кыргызстан демократиялык кыймылынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада чуу чыкты.
    Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектин кеңейтүүнүн алкагында Киргизия конушундагы үйлөрдү сүрдүрүү аракеттери башталды. Азырынча канча үй сүрдүрүлгөнү так эмес.
    16 min
  • Жаңылыктар | 23.05.2025 | Оштун казысы эмне үчүн кармалды?
    Орусия менен Украина бири-биринин аймактарына чабуулун улантууда. Бейшембиде Москвада жана башкалаага жакын жерлерде бир нече аэропорт убактылуу жабылды. Ош шаарынын казысы, дагы бир диний кызматкер кармалды. Атайын кызмат казыятта такай мыйзамсыз акча чогултулган деп айыптады. Мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев эмне үчүн өлкөдөн чыга албайт? Ушундай эле чектөөгө камалып, кийин акталып чыккан журналисттер дагы кабылганын айтышты. 20 жылдан бери мугалим болуп иштеген, беш балалуу аял батирге муктаж. Мугалимдер менен дарыгерлер мамлекетик ипотекага кантип илинет?
    24 min

About ЖЕР ЭНЕ

From the publisher's feed

Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп,…